Роя гезити

Синай: формалдуу эгемендик менен стратегиялык көз карандылыктын ортосунда

Синай: формалдуу эгемендик менен стратегиялык көз карандылыктын ортосунда

Синайдын азат кылынгандыгынын кырк төртүнчү жылдыгы Египет тарыхый бурулушта турган учурда белгиленип жатат. Бул бир гана муунткан экономикалык кризистерден улам эмес, аймакты кан жана от менен кайрадан калыптандырылып жаткан геосаясий бороондун так борборуна түшүп калганынан болуп жатат. Сисинин акыркы сүйлөгөн сөзү эгемендик тили менен көз карандылык вакыйлыгынын ортосундагы карама-каршылыктын туу чокусун чагылдырды. Бул болсо бүгүнкү күндү өтмүш менен кайра байланыштырып, яхудий баскынчы түзүмү менен тынчтык келишимдерине кол коюлгандан бери мамлекет басып өткөн жолдун жалгандыгын ачып берүүчү аналитикалык байкоону талап кылат.

Египеттеги президенттик багыт кырк жыл ичинде дипломатиялык жеңиш тилинен вужудий тынчсыздануу тилине чейин өзгөрдү. Мубарак доорундагы багыт майрамдык мүнөздө болуп, Таба аймагын кайтаруу жана юридикалык эгемендикке басым жасачу. Кудум кумду кайтарып алуу эң жогорку максаттай көрсөтүлгөн. Бирок ошол эле учурда Синай иш жүзүндө кеңири бөлүктөрүндө куралсыздандырылган буфердик аймакка айланып бара жаткан эле. Бул болсо аны Египеттин эгемендигине караганда баскынчынын коопсуздугуна көбүрөөк кызмат кылган коопсуздук тартиптеринин барымтасына айландырды! Бийлик алмашкандан кийин да дискурстун маңызы өзгөргөн жок: “тынчтыкты” жападан жалгыз стратегиялык тандоо катары кармануу улана берди. Бул болсо акырындык менен Египеттин күч кагаздарынын жоголушуна жана мамлекеттин аймак лидеринен кандай баа болсо да тынчтандырууну издеген ортомчуга айланышына алып келди!

Акыркы сүйлөгөн сөзүнө келсек, ар бир кыраакы адамды токтотуп ойлондурган чечүүчү абзацты көрөбүз. Анда Сиси Жакынкы Чыгыш өтө так жана тагдыр чечүүчү шарттарды баштан кечирип жатканын, ошондой эле экстремисттик идеологиялык дооматтар алдында анын картасын кайра чийүүгө багытталган уюшкан аракеттер жүрүп жатканын айтты. Картаны кайра чийүү планы бар экенин моюнга алуу “тынчтык чек араларды коргойт” деген элеске курулган улуттук коопсуздук системасынын ийгиликсиздигин ачык моюнга алуу болуп саналат. Бул жердеги таң калычтуу нерсе, сүйлөгөн сөз басып алуу, кыйратуу жана кан төгүү операцияларын сүрөттөп бергенине карабастан, “Израиль” атын ачык айтууга батына алган жок жана ага бүдөмүк сыпаттар аркылуу гана ишарат кылды! Бул сөз жүзүндөгү алсыздык жөн гана дипломатиялык сактык эмес, ал күчтүн чектерин моюнга алуу жана майрамдалып жаткан эгемендиктин эрки толук эмес экенин көрсөтүү. Ал өзүнүн чыгыш чек арасына ачык коркунуч туудурган душманынын атын да түз айта албайт!

Бул жолду көзөмөлдөө аркылуу чыгарган жыйынтыктарыбыз Синайдын географиялык жактан кайтарылып берилиши Египет элинин көзүнө чаң чачып, саясий жана экономикалык багынып берүүнүн акыйкатын жашыруу гана болгонун ырастайт. Жер эркке айырбашталды. Аймактык долбоору жана араб улутчулдугу менен сыймыктанган Египет болсо жардамдарга, карыздарга жана кишендеген келишимдердин барымтасына айланды. Анткени чыныгы эгемендик жөн гана белгилүү бир жерге туу көтөрүү эмес, тескерисинче согуш жана тынчтык чечимин өз колунда кармоо, ошондой эле башкаларды Ислам өлкөлөрүнүн карталарын кайра чийүү тууралуу пикир жүргүзүүгө тоскоол боло турган күчтү өнүктүрүү болуп саналат. Бүгүн Газада болуп жаткан окуялар жана Филадельфия огунда Египеттин улуттук коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаралышы мамлекет ондогон жылдар бою жүргүзгөн көз карандылык жана мунаса саясатынын табигый натыйжасы. Ал келишимдерге берилгендик туруктуулук алып келет деп ойлоду. Бирок яхудий түзүмү бул убакыттан пайдаланып, өзүнүн баскынчы долбоорун бекемдеп, айланасындагы мамлекеттерди биринин артынан бирин талкалап жатты.

Бул жерде негизги суроо пайда болот: бул караңгы туннелден чыгуу жолу кайсы? Түп тамырынан чечүүчү жол көз карандылыктын шарттарын жакшыртууда же багытын өзгөртүүдө эмес, мамлекет жана жалпы аймак курулуп жаткан негизди өзгөртүүдө жатат. Кризис ресурстардын аздыгында же географиянын жоктугунда эмес, үммөттүн акыйдасынан жана исламий жүзүнөн күч алган хазарий долбоордун жоктугунда. Чечим болсо Кэмп-Дэвидден башталган кыянаттуу туңгуюкка алып барганын моюнга алуу менен башталат. Жүрүп жаткан багытты түп-тамырынан өзгөртүү жалгыз дабаа болуп саналат.

Бул чечим үммөттүн эгемендигин кишендеген бардык келишимдерди жокко чыгарууда, колонизатор Америка жетектеген эл аралык системага болгон көз карандылыктан кутулууда жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө үммөттүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүдө көрүнөт. Анткени ал стратегиялык тереңдикке, адамдык потенциалга жана аны ири державаларга теңтайлаш кыла турган, ал тургай алардан үстөм кыла турган ресурстарга ээ болот. Дал ушул алкакта гана Синай барымтадан башталыш платформасына айланат. Ядролук жана технологиялык күч болсо эч ким тосууга батына албаган эгемендик талабы болуп калат. Анткени мамлекет анда өзүнүн мыйзамдуулугун жана күчүн эл аралык системадан эмес, үммөттүн султанынан алат.

Синай менен Газаны коргоо жана карталардын кайра чийилишине жол бербөө кырк төрт жыл бою ийгиликсиздигин далилдеген саясий чечимдер жана сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашпайт. Тескерисинче, өз чечимин тышкы тараптарга барымтага койбогон чыныгы күчкө ээ болуу аркылуу гана ишке ашат. Ошондой эле өлкөлөрдү кыйратып, кан төгүп жаткан баскынчы менен кызматташууга жана курулушка чакырган багыт батыш аны үммөттүн ташкындаган агымынан сактап калат деген үмүт менен ошол агымга каршы сүзүүгө аракет кылган адамдын багыты болуп саналат!

Жерди азат кылуу эркти азат кылбастан ишке ашса, анда ал көзгө көрүнбөгөн дубалдары бар андан да чоң түрмөгө айланат. Бүгүнкү Синай болсо кордук келишимдери менен кишенделген улуттук мамлекеттин өз коопсуздугун коргой албай жана үммөтүнө жардам бере албай жаткандыгынын бир мисалы. Бул жолдо улануу жөн гана саясий ийгиликсиздик эмес, өзүндө эч кандай келишимди да, жоопкерчиликти да тааныбаган душмандын алдында бүтүндөй үммөттүн тагдырын тобокелге салуу болуп саналат.

Ошондуктан бүгүнкү жүк кишенделген хатибдер менен саясатчылардын мойнунда эмес, Кинана аскеринин ичиндеги ихластуу адамдардын мойнунда турат. Оо Салахуддин менен Захир Бейбарстын урпактары, бул ийгиликсиз жолдун дабасы силердин колуңарда. Жолду өзгөртүү болсо силердин кайраттуу чечимиңер менен башталат. Биз силерди убактылуу бийликти талап кылууга эмес, тескерисинче жерлерибиздеги көз карандылыктын тамырын жула турган, бул кордоочу көз карандылыкка чек коё турган жана үммөттү чыныгы эгемендикке баштай турган Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат берүүгө чын ихластан чакырабыз. Бул Кэмп-Дэвид чектөөлөрүн талкалап, Сайкс–Пико чек араларын кулатып, аскерлердин чачырандылыгын бир роя астында бириктирет. Ошондо Египет жана аны менен бирге Ислам үммөтү иззат жана кубатка карай жүрө баштайт. Тарых олку-солку болгондорду кечирбейт. Аллах болсо Өзүнө жардам бергендерге жардам берет. Ошондуктан Аллахка өзүңөрдөн жакшылыкты көрсөткүлө жана жардамчы азайып кеткен ушул доордо чыныгы ансарлар силер болгула.

Роя гезити

Устаз Саид Фадл

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button