Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушунда жарандардын укугу тебеленүүдө

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушунда жарандардын укугу тебеленүүдө
Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу иштери күжүрмөн жүрүп жатат. Бул долбоордун жалпы баасы 5 миллиард долларды түзөрү айтылууда. Анын ичинен негизги бөлүгү (4,7 млрд доллар) Кыргызстандын аймагынан өткөн тилкени курууга жумшалат. Өзбекстанда темир жол инфраструктурасы негизинен даяр болгондуктан, ал жакта оңдоо иштери гана жүргүзүлөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үч мамлекет биргелешкен ишкана түзүшкөн. Долбоорду каржылоодо Кыргызстандын үлүшү 24,5 пайызды түзөт. Кыргызстан өз үлүшүн мамлекеттик бюджеттин жана Кытайдын кредитинин эсебинен жабат. Долбоордун башталышында эле Кыргызстан тарап бул үчүн Кытайдан 305 млн доллар кредит алууну көздөп жатат.
Жогоруда айтылгандай, долбоордун Кыргызстандан өткөн бөлүгүндө жаңы темир жол курулат. Демек үйлөр түртүлүп, эгин талаалар темир жолду куруу үчүн колдонулушу шексиз. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев билдиргендей, долбоор үчүн 214 турак үй бузулат. Анын айтымында, курулуштардын басымдуу бөлүгү (191 үй) Сузак районунда жайгашкан, калган үйлөр Нарын облусунда жайгашкан.
Бирок долбоорду ишке ашырууда жарандардын укугу талап кылынган деңгээлде каралбай жатат. Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу учурунда жардыруу иштеринде экологиялык талаптар бузулуп жатат.
Транспорт министрлиги компенсациянын көлөмүн аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочу компанияны жалдап, объектилерди баалоо иштерин аяктаган. А бирок, темир жол үчүн буздурула турган үйлөрдү баалоо аракети адилетсиз өтүп жатат. Көз карандысыз компания делгендер да бийликтин арыгын чабып, үйлөр базар баасы менен бааланган эмес.
Депутат Жылдыз Курманалиева да компенсация абдан аз экендигин айтып чыкты. «Мүлк өтө төмөн бааланууда… 13-майда тургундарга компенсациянын көлөмү айтылды: пайдубалы куюлган жер тилкесине — 130 миң сом, чоң үйгө — 400 миң сом берилери маалым болду. Эл нааразы болууда. Биринчиден, алар ата-бабасынан калган үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз. Экинчиден, азыр 130 миң сомго – пайдубал курууну айтмак турсун – жер сатып алуу да мүмкүн эмес», – деди ал.
Учурда инфляция деңгээли жогору болуп, кымбатчылык өкүм сүрүп турганда мындай каражатка жер тилкесин сатып алуу жана үй тургузуу мүмкүн эмес. Мындай шарттарда үйү же жер тилкеси үчүн берилчү компенсациянын көлөмү адилетсиздик жана зулум болуп эсептелет.
Андан тышкары, мамлекет тарабынан жер бөлүп берүү токтотулду. Турак-жайларды курууну Мамлекеттик ипотекалык компания жана башка курулуш компаниялары монополия кылып алышты. Мындан улам, бийлик адамдарды сүткорлукка негизделген «ипотека» аркылуу турак жайга ээ болууга аргасыз кылып жатат.
Турак жай маселеси эң көйгөйлүү болгондуктан, элдин эң башкы максаты турак жайга ээ болуу, эч болбосо жер тилкесине ээ болуу болуп калды. Ошон үчүн адамдар тапкан акчасына үй алып, же болбосо бейрасмий болсо да жер тилкесин алып тобокелдикке барууга аргасыз болушууда.
Бул кадыресе капитализмдин жүзү. Капиталисттик системада монополист байлардын гана кызыкчылыгы корголуп, калктын чоң бөлүгү өз укуктары тебеленген абалда калышат. Капитализмде турак–жай маселеси негизги муктаждыктагы инсандык маселе эмес, экономикалык маселе катары каралат. Ошондуктан, адамдардын турак жайга ээ болуу үмүтү ипотекалык компаниялардын «ырайымына» калтырылган. Ушул себептен улам, капитализмде турак жайлар абдан кымбат болуп, көпчүлүк адамдар турак жайга жетпей, жетсе да өтө жаман шарттагы турак жайларда жашашат.
БУУнун отчётуна ылайык, дүйнөдө дээрлик 2,8 миллиард адам начар турак жай шарттарында жашайт. Алардын 1 миллиарддан ашыгы өтө начар турак жайларда (турщоба) жана бейрасмий конуштарда, ал эми 300 миллиондон көбү иш жүзүндө үй-жайсыз болуп эсептелет.
Капитализмдин бул заалимдигине карама-каршы түрдө Ислам адамдардын турак жайга ээ болуусун биринчи орунга коёт. Турак жай маселеси негизги муктаждыктарга кирет. Ошондуктан, Ислам үйсүз жарандарды турак жай менен камсыздоону буйруйт. Башкача айтканда мамлекет адамдарды турак жай менен камсыздоого милдеттүү.
Андан тышкары, Ислам адамдардын жеке мүлкүн, анын ичинде турак жайын кол тийгис деп эсептейт. Эгер кандайдыр бир курулуш же жол үчүн жарандын жеке үйүн сүрдүрүү зарылдыгы жаралса, базар баасына ылайык үй ээси ыраазы болгон компенсацияны төлөп берүү кажет. Үй ээси макул болбосо анын турагы кол тийгис.
Халиф Умардын (р.а.) доорунда мусулмандар көбөйгөндүктөн, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мечитин кеңейтүү зарылдыгы жаралат. Бул үчүн мечитке чектешкен жерлерди сатып алуу керек эле. Жер ээлеринин баары макул болушат, бирок Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) абасы Аббас гана өз жерин берүүдөн баш тартат. Умар (р.а.) ага адилеттүү, а түгүл жогору баа сунуштап, мечит үчүн жерди андан күч менен алуу туура эмес экенин айтат. Бирок Аббас өз жерин эч кандай акчага сатпай турганын билдирди.
Ошондо Умар казыга кайрылат. Казы Убайй ибн Кааб (р.а.) мындай чечим чыгарат: «Эч ким башка бирөөнүн мүлкүн – а түгүл мечитти кеңейтүү үчүн да – күч менен тартып ала албайт. Жер Аббаска таандык бойдон калат, ал тургай халиф да жерди сатууга мажбурлай албайт».
Казынын чечими чыккандан кийин Аббас өз жерин ыктыярдуу түрдө, акысыз мечитке өткөрүп берерин билдирет. Мунун себебин ал мындай деп түшүндүргөн: «Мен муну Исламда адам укуктары канчалык жогору бааланарын көрсөтүү үчүн кылдым». Бул Исламдагы турак-жай саясатынын ачык мисалы.
Андыктан Ислам тикеленмейин адамдардын укугу корголушу мүмкүн эмес. Себеби капитализмдин табияты адамдардын көйгөйлөрүн чечүү эмес, тескерисинче алардын көйгөйлөрүнөн пайдаланып акча табууга негизделген.
Харун Абдулхак




