Кабар

Мусулмандардын кайрымдуулук каражаттары рекорддук көрсөткүчкө жетти

Мусулмандардын кайрымдуулук каражаттары рекорддук көрсөткүчкө жетти

Капитализм шартында ач көздүк тамыр жайган мамлекеттер гуманитардык жардамдарын кыскартып жаткан учурда, мусулман Үммөтү айкөлдүк үлгүсүн көрсөтүп жатат. Алар муктаждарга Аллах берген ырыскыдан бөлүшүү менен Анын алдындагы милдетти аткарууну улантууда.

UN ESCWA жана Islamic Development Bank жасаган отчетко ылайык, мусулмандардын дүйнө жүзү боюнча катталган жылдык кайрымдуулук каражаттары (зекет, садака жана вакф) 550-600 миллиард АКШ долларына жетти. Бул дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук агымдарынын бири. Каражаттар мамлекеттик административдик түзүмдөр аркылуу эмес, бюрократияны айланып өтүп, түз эле миллиондогон мусулмандардан мусулмандарга берилет. Бул жардамдын күчүн натыйжалуу жана таза кылат.

Мусулмандардын кайрымдуулук каражаттарынын бул суммасы Кытайдын аскердик бюджетинен 2,5 эсеге көп! Бул жөнөкөй сандар эмес. Бул кыянатчы түзүмдөр ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, мусулмандарга карата уктатуучу иш аракетин жүргүзүп жаткандыгына карабастан, Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүүгө шыктанган, тирүү жана зор мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон Үммөттүн белгиси болуп саналат.

Албетте, бул көрсөткүчтөр жалпы кайрымдуулуктардын бир бөлүгү жана расмий катталганы гана. Себеби, көптөгөн мусулмандар кайрымдуулукту «оң колдун бергенин сол кол билбегендей» абалда жашыруун берүүнү туура көрүшөт.

Бул 550-600 миллиард долларлык каражаттын көлөмү канчалык чоң экенин түшүнүү үчүн төмөнкү маалыматтарга көз салалы:

Дүйнөдөгү орточо бир өлкөнүн бюджети (маселен, Египет, 2022-ж.) – ~70 млрд $

БУУнун эң ири гуманитардык программасынын бюджети (мисалы, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы) – ~8–10 млрд $

Эң ири эл аралык бейөкмөт уюмдун (Кызыл Крест) бюджети – ~3–4 млрд $

Жакынкы Чыгыштагы бардык өлкөлөрдүн аскердик чыгымдары – ~150–200 млрд $

Кытайдын аскердик бюджети – ~250 млрд $

АКШнын аскердик бюджети – ~850 млрд $

Бул маалыматтар Ислам Үммөтүнүн дүйнөлүк майданда, анын ичинде экономикалык жаатта да эбегейсиз потенциалга ээ экендигинен кабар берет. Мындай ири өлчөмдөгү каражаттар ыктыярдуу негизде топтолууда.

Ал эми, момундардын колунда барлары милдеттүү, аң-сезимдүү түрдө такыба башкаруу түзүмү астында мойнундагы зекеттерин берип баштаганда абал кандай болушу мүмкүн?

Демек, Ислам Үммөтү Батыштын кас түзүмдөрүнө көз каранды болбостон, өзүн колониялык кулчулукка батырбастан, бардык көйгөйлөрүн чечүүгө жетиштүү каржылык күчкө жана мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Болгону Ислам Үммөтүнө мусулмандарды эрдиктерге ого бетер шыктандырып, болгон күч-кубатты бир муштумга түйө турган чын ыкластуу, аң-сезимдүү саясий жетекчилик жана жалпы мусулмандар үчүн бирдиктүү Халифалык жетишпей жатат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button