2025-жылы Жогорку Кеңешке 1 миллиард 810,6 миллион сом сарпталды

2025-жылы Жогорку Кеңешке 1 миллиард 810,6 миллион сом сарпталды
2025-жылы Жогорку Кеңешти каржылоого республикалык бюджеттен 1 миллиард 810,6 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жылдык отчетто айтылды.
Жарыяланган маалыматтарга ылайык, бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдар 792,6 миллион сомго көбөйгөн.
Негизги чыгымдар Өнүктүрүү жана дем берүү фондуна, административдик имараттагы желдетүү жана кондиционер тутумдарын капиталдык оңдоого, фасадды жана имараттын айланасындагы аянтчанын гидроизоляциясын жаңылоого багытталган. Ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн кызматтык унааларды сатып алууга, коммуналдык кызмат үчүн оргтехника, жабдуулар жана тетиктерди алууга, мындан тышкары жыйындар үчүн үстөл, олтургучтар жана жумшак эмеректерди камсыздоого каражат сарпталган.




