Роя гезити

Трамптын Кытайга болгон сапарынын натыйжалуулугу

Трамптын Кытайга болгон сапарынын натыйжалуулугу

АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга сапары медиада кеңири кызыгуу жаратты жана башкы темаларды ээледи. Сапар көзгө урунган салтанаттуу көрсөтүүлөр менен коштолду. Бирок сапардын практикалык жыйынтыктары бир топ убакыт өткөндөн кийин гана белгилүү боло баштады. Көрүнүп тургандай, бул жыйынтыктар ага байланыштырылган күтүүлөргө салыштырмалуу өтө чектелүү болду.

Трамп 2026-жылдын 15-май жума күнү сапары аяктагандан кийин: «Лидерлер ортосундагы жеке мамилелер АКШ менен Кытай ортосундагы ири маселелерди чечүүдө жана эки тараптын ортосунда келишимдерди түзүүдө негизги роль ойноду», – деп билдирди. Ошондой эле ал: «Менин Кытай президенти Си менен абдан жакшы мамилем бар», – деди. Демек, ал практикалык жана расмий тараптан көбүрөөк жеке жана пропагандалык тарапка басым жасады.

Трамп эки мамлекет ортосундагы соода «абдан күчтүү болгонун» далил катары айтып, Кытай америкалык соя буурчагын сатып алууну көбөйтөрүн белгиледи. Бул америкалык фермерлерди колдоого алып келет. Ошондой эле Кытай президенти Си Boeing компаниясынан 200 америкалык учак сатып алууга милдеттенгенин, эгер Boeing менен General Electric «жакшы иш аткарса» б.а. ал Boeing учактарында General Electric компаниясынын кыймылдаткычтарын колдонсо, бул келишим 750 учакка чейин көбөйүшү мүмкүн экенин айтты. Бирок Трамп бул болжолдуу ийгилик тууралуу болгон бардык медиа ызы-чууларга карабастан, Кытай соя буурчагын жана учактарды качан сатып ала баштай турганы тууралуу деталдарды ачыктаган жок. Негизи Кытайдын бул учактарды сатып алышы тууралуу маалымат саммиттен мурда эле белгилүү болгон. Бул жаңылык эски болуп, саммиттин өзүнүн жыйынтыгы эмес эле. Бул болсо сатып алуу маселеси жөн гана убадалар экенин, кепилденген сатып алуу келишимдери эмес экенин көрсөтөт. Муну Экономикалык чалгын бөлүмүндөгү Кытай иштери боюнча башкы экономист Ю Су да ырастап: «Менимче, эки тарап тең өз убадаларын беришти», – деп айткан.

Тайван маселеси тууралуу болсо, Трамп бул теманы Си менен кеңири талкуулаганын айтып, арал боюнча жаңжал болот деп ойлобой турганын билдирди. Ошондой эле ал Тайван маселеси боюнча Кытай президенти менен сүйлөшүүлөрүндө «эч кандай милдеттенме алган жокмун» деп айтты. Мындан тышкары, ал Тайванга курал берүү маселесинде так позиция билдирбей: «Муну кылышым мүмкүн, кылбашым да мүмкүн», – деди. Бул болсо негизги маселе боюнча эч кандай келишим болбогонун жана олуттуу талкуу жүргүзүлбөгөнүн көрсөтөт.

Иран маселесине келсек, кытайлык жооптуу өкүл: «Кытай реалдуу түрдө жасай ала турган нерсенин чеги бар. Иран режими өзүн сактап калууга аракет кылууда жана бардык нерседен мурда өз кызыкчылыктары менен күн тартибин биринчи орунга коёт», – деп билдирди. Башкача айтканда, Кытай Америка үчүн Иранга басым жасоого милдеттенме алган жок жана Америка үчүн Ирандан жеңилдиктерди сууруп алууга аракет кылган жок.

Өз кезегинде Кытай президенти Трампка Кытайды эл аралык деңгээлде Америка менен тең макамга чыгаруунун маанилүүлүгүн түшүндүрдү. Муну далилдөө үчүн ал байыркы грек тарыхындагы Спарта менен Афина ортосундагы кандуу жаңжалдын символун эске салып мындай деди: «Кытай менен АКШ “Фукидид тузагы” деп аталган нерседен өтүп, улуу державалар ортосундагы мамиленин жаңы моделин түзүп, глобалдык чакырыктарга каршы биргеликте иштей алабы?»

Кытай президенти айткан бул символдук окуяда ошол мезгилдеги эң күчтүү мамлекет болгон Спарта өсүп келе жаткан Афинанын күчүн баалабай койгондуктан, алардын ортосундагы жаңжал уланып, акыры эки тарап тең зыян тарткан. Бул жердеги билдирүү Америка Кытайдын күчүн кемсинтпеши керек жана аны менен эл аралык деңгээлде тең ата негизде келишүүгө тийиш, болбосо “Фукидид тузагына” түшөт деген маанини билдирет.

Ошентип, көп уюлдуу дүйнө маселеси, Тайван маселеси же Иран маселеси сыяктуу маанилүү саясий маселелер болобу, же соода келишпестиктери, жогорку технологияларды экспорттоо жана сейрек кездешүүчү металлдардын өтүшүн жеңилдетүү сыяктуу экономикалык жана технологиялык маселелер болобу — булардын эч биринде көзгө көрүнөрлүк жылыш болгон жок. Сапарда формалдуу протоколдук көрүнүштөрдүн көлөкөсү басымдуулук кылып, ал түзүлгөн келишимдердин маңызын жаап койду жана эки тарап ортосунда жүргөн чыныгы сүйлөшүүлөрдүн табиятын көмүскөдө калтырды.

Соода жана технология тармактары бул сапарда үстөмдүк кылганы ачык көрүнүп турду. Мунун белгиси катары Трамп өзү менен кошо ири экономикалык жана технологиялык делегацияны алып барды. Анын курамына каржы, бизнес, технология, энергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарында иштеген америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү жана бизнесмендер кирди. Жолугушууга Boeing компаниясынын башкы аткаруучу директору, Nvidia компаниясынын башкы аткаруучу директору Женсен Хуанг, ошондой эле ири бизнесмендер катышты. Алардын арасында Apple компаниясынын башкы аткаруучу директору Тим Кук жана Tesla компаниясынын башкы аткаруучу директору Илон Маск да болду.

Бул адамдар дүйнөдөгү экинчи эң ири экономикага ээ болгон, ошондой эле дүйнө мамлекеттеринин көбүнө товар өндүрүп жана экспорттогон эң чоң өндүрүүчү өлкө болгон Кытай менен келишим түзүү аркылуу зор киреше табууну каалашат. Алар Кытай рыногунун маанисин жана анын чоң көлөмүн жакшы түшүнүшөт. Ошондой эле Кытайдын зор экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана анын дүйнөлүк рыноктордун кыймылына, ошондой эле жеткирүү чынжырларына болгон таасирин аңдашат.

Америкалык компаниялар Кытайдын өз технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн америкалык технологиялык үстөмдүктөн пайдаланууга өтө муктаж экенин түшүнүшөт. Бул болсо Америка тарабынан Кытайга өнүккөн чиптерди жана жабдууларды экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу аркылуу ишке ашат. Башкача айтканда, эгер бул чектөөлөрдү алып салуунун ордуна Кытай Америка өзүнүн сезимтал өнөр жайларында муктаж болгон сейрек кездешүүчү металлдардын өтүшүн жеңилдетүүгө макул болсо, анда бул алар үчүн сүйлөшүүлөрдүн ийгилиги болуп эсептелет.

Кандай болгон күндө да, бул сапардын натыйжасында акыркы он жылда эки мамлекеттин мамилелеринде үстөмдүк кылып келген токтоп калуу абалы бузулду. Ошондой эле жаңжалдарга толгон дүйнөдө бул эки улуу державанын ортосунда стратегиялык туруктуулуктун кандайдыр бир формасына жетишилди.

Роя гезити

Абу Хамза аль-Хатвани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button