Европа саммити жана НАТОнун ыдырашын кабарлаган белгилер

Европа саммити жана НАТОнун ыдырашын кабарлаган белгилер
Европа лидерлери 2026-жылдын 4-май күнү Армения борбору Ереванда Европа саясий коомчулугунун саммитин өткөрүштү. Алар коргонуу тармагында Европанын көз карандысыздыгын жана Канада менен алакаларды күчөтүүнү баса белгилешти.
Бул Европа саясий коомчулугу — Европа лидерлери жылына эки жолу өткөрүүчү саясий форум. Ал 2022-жылы Франция президенти Макрондун демилгеси менен Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин түзүлгөн. Башында ал Орусияга каршы түзүлгөндөй көрүнгөн. Бирок азыр ал Трамп башчылыгындагы Америка саясаттарына каршы багыт алган. Ошондуктан форум Европа саясатын жана аны кызыктырган дүйнөлүк маселелерге карата позициясын талкуулап, Европанын бирдиктүү көз карашын жана бирдиктүү саясий аракетин калыптандырууга аракет кылууда. Себеби Европа Биримдиги аркылуу алар бир саясий көз карашка ээ болгон жана бирдиктүү саясий чечимдерди кабыл алган жалгыз саясий блок боло алышкан жок.
Бул Франциянын жамап-жасалгалоо аракети болуп, ал Европа аркылуу ушул аракетти ийгиликтүү кылууга умтулууда. Франция Европага фикрий жана саясий жактан жетекчилик кылууга аракет кылып жатат. Экономикалык жактан болсо ага Европа Биримдигинде күчтүү орунга ээ болгон Германия атаандаштык кылууда. Көптөгөн саясий демилгелер Франциядан чыгат. Алардын эң алгачкысы биримдик идеясы жана аны өнүктүрүү болду. Бул демилгелер көмүр жана болот биримдигинен тартып, Европа орток базарына, андан кийин толук биримдикке чейин жетти. Демек, ушул тараптардан караганда Франция негизги таасирдүү күч болуп саналат. Ал Германияга таасир өткөрүп, эгер аны кандайдыр бир идеяга ынандыра алса, анда аны ишке ашыруунун жолун табат.
Акыркы саммит Орусиянын таасир аймагы болгон Арменияда өткөрүлдү. Америка болсо бул өлкөнү өзүнүн таасири астына киргизүүгө аракет кылууда. Ошондуктан саммиттин ошол жерде өткөрүлүшү белгилүү мааниге ээ болуп, жөн жерден болгон жок. Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта бул саммитте муну ачык билдирип мындай деди: «Европа Биримдиги калкы болжол менен 3 миллион болгон Армения менен алакаларды тереңдетүүгө умтулууда. Армения 2017-жылы Биримдик менен кеңири өнөктөштүк келишимине кол койгон жана өткөн жылы уюмга мүчө болуу үчүн арыз берүү ниетин жарыялаган».
Демек, Европа Биримдиги Арменияны өзүнө кошуп алуу аркылуу Орусия жана Америка менен атаандаштыкта өз таасир чөйрөсүн кеңейтүүгө аракет кылууда. Бирок Орусиянын буга унчукпай карап турушу күмөндүү маселе. Путин буга жооп кылып: «Европа Биримдигине мүчөлүк менен Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүктү айкалыштыруу мүмкүн эмес иш», — деди.
Армения 2014-жылы Орусия түзгөн жана өзү биринчи кезекте пайда көрүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болуп саналат. Орусия өзүнүн өнөр жай товарларынын көпчүлүгүн мүчө мамлекеттерге сатат. Ал мамлекеттер болсо негизинен өнөр жайы өнүкпөгөн, бирок керектөөчү өлкөлөр болуп саналат. Алар: Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения. Орусия менен бирге мүчө мамлекеттердин калкынын саны болжол менен 180 миллионго жетет, ал эми жалпы ички дүң өндүрүмү 5 триллион доллардан ашат. Бул биримдик товарлар жана кызматтар кыймылын жеңилдетип, макроэкономика, транспорт, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, тышкы соода, инвестиция, бажы, техникалык жөнгө салуу, атаандаштык жана монополияга каршы саясат тармактарында орток саясаттарды камсыз кылат.
Бул рынок аталган тармактарда Орусия үчүн көптөгөн пайдаларды берет. Ошондуктан ал Армениянын өзүнөн ажырап кетүү аракеттеринин баарына тоскоолдук кылууда. Армения дээрлик толугу менен орус товарларына көз каранды. Ошондой эле Орусия армяндар үчүн жумуш орундарын камсыз кылат. 2022-жылы алардын саны 100 миңге жакын болсо, азыр болжол менен 70 миң армян Орусияда иштейт. Мындан тышкары, Орусия Федерациясында 2 миллионго жакын армян жашайт. Бул Армения калкынын үчтөн эки бөлүгүнө барабар.
Армения болсо Орусиядан ажырап чыгууга аракет кылып, Европа Биримдигине жакындашууга умтулууда. Ошондой эле Америка менен да алакаларын күчөтүүгө аракет кылып жатат. Европа Биримдиги болсо муну өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылууда.
Мындан да маанилүү жагы, Европа Биримдиги Америкадан көз карандысыз саясий жана аскерий күч түзүүгө аракет кылып жатат. Саммитке катышкан Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен мындай деди: «Биз өзүбүздү өзүбүз коргой алышыбыз үчүн аскерий мүмкүнчүлүктөрүбүздү күчөтүшүбүз керек. Европа Биримдиги көбүрөөк көз карандысыздыкка муктаж». Франция президенти Макрон болсо: «Европалыктар өз тагдырын өз колуна алып жатат. Алар коргонуу жана коопсуздук чыгымдарын көбөйтүп, өздөрүнүн орток чечимдерин куруп жатышат», — деди.
Бул жыйын Америка Германиядагы аскерлеринин санын 5 миңге кыскартуу чечиминен кийин өткөрүлдү. Мындай чечим Германия канцлери Мерцтин Американын Иранга каршы согуштагы саясатын сынга алышынан кийин кабыл алынган. Бул Трампты ачуулантып, ушундай кадамга түрткөн. Мерц 2026-жылдын 27-апрель күнү мындай деген: «Иран жетекчилиги, айрыкча Революция сакчылар корпусу бүтүндөй бир улутту басынтууда». Ал муну менен Европалыктар менен кеңешпеген Трампты сындаган. Ошондой эле ал: «Америка Иран согушунда кандай чыгуу стратегияны карманып жатканын түшүнбөйм», — деген. Белгилей кетчү нерсе, Мерц мурда Америкага жакын саясат жүргүзүп келген. Бирок азыр анын позициясы өзгөрүп, Европа багытына ыктап баратканы көрүнүүдө.
Ошентип, Түндүк Атлантика келишими уюму — НАТОнун эки жээгинде жарака пайда болду. Америка менен европалыктар сыяктуу негизги мүчөлөр ортосунда айтышуулар жана өз ара айыптоолор күчөдү. Трамп 2026-жылдын 8-апрель күнү НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугушуудан кийин өзүнүн Truth Social платформасында мындай деп жазды: «Бизге керек болгондо НАТО жок болчу жана кайра керек болуп калса дагы болбойт. Туура эмес башкарылып жаткан чоң муз бөлүгү болгон Гренландияны эстегиле». Бул сөздөрү менен ал дагы эле Гренландияны ээлеп алуу ниетинен баш тартпаганын көрсөткөн. Бул болсо европалыктардын ачуусун келтирүүдө. Алар Трамптын Ирандагы согушта жеңилип калышын каалашат, анткени ал кайра келип бул аралды талап кылышынан кооптонушат.
Трамп Европа мамлекеттеринен Ормуз кысыгын күч менен көзөмөлгө алууга жардам берүүнү талап кылган. Бирок европалыктар бул согуш боюнча алар менен кеңешилбегенин жүйө кылып, андан баш тартышты.
НАТОнун дагы бир мүчөсү болгон жана Америка тарабынан бутага алынган Канада да Европа менен жакындашууга аракет кылууда. Ошондуктан анын премьер-министри Марк Карни саммитке катышып, европалыктарга мындай деди: «Биз пайданы гана көздөгөн, обочолонгон жана жырткыч дүйнөгө баш ийүүгө милдеттүү эмеспиз». Бул сөздөрү менен ал Канадага кысым көрсөтүп, аны 51-штат катары өзүнө кошуп алууга чакырып жаткан Американы максат кылды. Ошентип, Карни Американын чакырыгын «жырткыч дүйнөгө баш ийүү» деп сыпаттады. Башкача айтканда, дүйнөнү жетектеп жаткан жана өз пайдасынан башка нерсени билбеген Америкага баш ийүү дегенди айтты.
Ал дагы мындай деп кошумчалады: «Мындай жолугушуулар бизге башка жолду ачып берет». Башкача айтканда, ал өзүнө дем ала турган мейкиндикти жана коргончу жайды Европадан таап жатканын билдирүүдө. Ошондуктан Канада дагы деле символикалык түрдө англиялык таажыга караштуу болгондуктан, өзүн коргоо үчүн Европа менен коргонуу тармагында координация кылууну каалайт. Европа мамлекеттери Канада 1867-жылы негизделгенден бери анын Америка тарабынан жутулуп кетишинен коргоп келишкен. Британия менен Франция анын түзүлүшүнө көмөктөшүп, Американын аны өзүнө кошуп алышына тоскоолдук кылышкан. Эми болсо Канада кайрадан Европага таянып коргонууга аракет кылууда.
Ушундайча, Советтер Союзу кулагандан кийин жоюлушу керек болгон НАТО альянсында чыныгы жарака пайда болгонун көрүп жатабыз. НАТО 1949-жылы Советтер Союзуна каршы туруу үчүн түзүлгөн. Буга жооп катары Советтер Союзу 1955-жылы Варшава келишимин түзгөн. Бирок Америка НАТОнун жашап калышын Европага болгон үстөмдүгүн улантуу үчүн камсыз кылды. Эгер бул максатына жете албаса, анда аны улантууну каалабайт. Ошондуктан ал өзүнүн жүгүн жеңилдетүүгө аракет кылып, мүчө мамлекеттерден коргонуу чыгымдарын ички дүң өндүрүмдүн 5%ына чейин көбөйтүүнү талап кылууда. Ошондой эле Европадагы аскерлеринин санын азайтууга аракет кылууда. Себеби ал аскерлер Европаны коргоо үчүн эмес, аны Американын үстөмдүгү астында кармоо үчүн турат.
НАТОдо жарака кетиши жана кийин кулашы дүйнөнү азап себептеринин биринен т.а. дүйнөлүк блоктордун болушунан куткарат. Анткени алар чоң согуштарды чыгарып, бир эле учурда көптөгөн мамлекеттердин башка өлкөгө кийлигишүүсүнө себеп болот. Мисалы, ушул кресттүү блок болгон НАТО Афганистанга зулумдук менен кол салып, аны кыйратып, элин өлтүрүп жана көчүрүп, 2001-жылдан 2021-жылга чейин 20 жыл бою азап тарттырды. Акыры анын текебер жетекчиси болгон Америка шерменде абалда чыгып кетти.
Роя гезити
Асъад Мансур




