Роя гезити

Туткундар жана Исра маселеси — бул оорунун белгиси, аны дарылоонун бир гана жолу бар

Туткундар жана Исра маселеси — бул оорунун белгиси, аны дарылоонун бир гана жолу бар

Кылмышкер яхудий түзүмүнүн түрмөлөрүндөгү туткундар маселеси — Палестина элинин азап-кайгысынын эң көрүнүктүү көрүнүштөрүнүн бири. Кылмышкер түзүм аларга каршы зулумдуктун жана кыйноонун бардык түрлөрүн ойлоп таап колдонуп келет. Бул жараян Палестина басып алынгандан бери токтобой уланып келе жатат жана дээрлик күн сайын кайталанууда. Ар күнү анын жырткыч аскерлери айыл-кыштактарды, шаарларды жана лагерлерди басып кирип, үйлөрдү бузуу, талкалоо жана эркектерди, аялдарды, балдарды камакка алуу кылмыштарын жасашууда. Мунун баары Палестина элинин эркин, сабырдуулугун жана берекелүү Палестина жериндеги яхудий түзүмүнө каршы турушун сындыруу аракети болуп саналат.

Туткундарды жеңишке жеткирүү жана колдоо көрсөтүү үчүн ар түрдүү тараптартардан, ар кандай жамааттык жана элдик формаларда аракеттер жасалып келет. Атүгүл жыл сайын туткундардын үнүн көтөрүү үчүн “Туткун күнү” белгиленип, алардын азаптары тууралуу бардык минбарларда – маалымат каражаттарында, билим берүү жайларында, мечиттерде, көчөлөрдө жана аянттарда айтылып келет. Алар үчүн пикеттер, жүрүштөр, хутбалар, семинарлар, конференциялар, талкуу программалары жана даректүү берүүлөр уюштурулуп, аңгемелер жана ырлар жазылууда. Бул иш-чаралардын баарынын маанилүүлүгүнө карабастан жана аларга жумшалган аракеттерди кемсинтпестен айтканда, алар туткундар маселеси үчүн дарылоо боло алган жок жана боло да албайт. Ошондой эле бул маселени жабууга күчү жеткен жок жана жетпейт. Анткени бул маселе Палестина элинин ар бир үйүнө түйшүк алып келген бүтпөс азап жана көптөгөн палестиналык энелердин, аталардын, аялдардын жана балдардын жүрөгүндөгү кансыраган жара болуп калды. Себеби алардын жакындары жана көз карегиндей болгон перзенттери жылдап түрмөлөрдө жок кылынууда. Айрымдары түрмөнүн дубалдары жана темир торлору менен “достошуп” да калышты. Алар ачка кармалып, катуу суукта жылаңач ташталууда. Алардын ар-намысы тебеленип, инсанияты жанчылууда. Оорулар денелерин кыйратып жаткан болсо да, алар дарылоодон ажыратылып, акырындап өлүмгө ташталууда.

Кылмышкер түзүм кыйноо, зулумдук жана ар-намысты тебелөө менен эле чектелбестен, кылмышын дагы да күчөтүп, туткундар үчүн дарга асуу жыгачтарын даярдады. Ал туткундарды өлүм жазасына тартууну жана аларды өлтүрүүнү мыйзамдаштырган мыйзам кабыл алып, бардык үрп-адаттарды жана мыйзамдарды тебелеп-тепседи. Мунун баары алардан зулумдукту алып таштап, кишендерин үзүп, жакындарынын көкүрөгүн тынчтандыра турган жоопкерчиликтүү кыймыл жоктугунан болуп жатат.

Тарых бою Ислам үммөтү мусулмандардын душмандарынын колундагы туткундарына карата өзүнүн важибин аткарууда кайдыгерлик же шалаакылык көрсөткөн эмес. Бул Расулуллахтын ﷺ төмөнкү буйругун иш жүзүндө аткаруу жана аны бекем кармануу болгон:

«فُكُّوا الْعَانِيَ وَأَطْعِمُوا الْجَائِعَ وَعُودُوا الْمَرِيضَ»

«Туткунду бошоткула, ачка калганды тойгузгула жана оорулуунун кабарын алгыла».

Мусулман аалымдарынын жана имамдарынын сөздөрү туткундарды бошотуунун маанилүүлүгүн жана аларды таштап коюунун канчалык жийиркеничтүү экенин көрсөтүүдө бир пикирге келишкен.

Шайхул-Ислам Ибн Таймийя رحمه الله мындай деген: “Эгер чыгышта бир аял туткунга түшсө, батыштагы адамдарга аны бошотуу важиб болот”. Башкача айтканда, үммөттүн чыгышы да, батышы да душмандардын колуна түшкөн бир туткун аялды бошотуу үчүн кыймылга келиши керек. Анда кылмышкер түзүмдүн түрмөлөрүндөгү ондогон туткун аялдар жана миңдеген туткундар жөнүндө эмне дейбиз?!

Ал тургай Имам Нававий رحمه الله мусулмандын туткунга түшүүсүн мусулмандардын жерине болгон аскерий кол салуу өкүмүндө деп эсептеген. Демек, бул кол салууну кайтаруу жана туткундарды бошотуу үчүн жалпы көтөрүлүү важиб болот. Ал رحمه الله мындай деген: “Эгер алар бир же эки мусулманды туткунга алышса, бул Дарул-Исламга кирүү өкүмүндө болобу? Эки көз караш бар. Туурараагы – ооба. Анткени мусулмандын урматы жердин урматынан улуураак”.

Муну аалымдардын султаны Изз ибн Абдуссалам رحمه الله да ачык айтып: “Мусулман туткундарды каапырлардын колунан куткаруу — Аллахка жакындата турган эң улуу амалдардын бири” деген.

Имам Куртубий Ниса сүрөсүнүн 75-аятын, тагыраагы Аллах Тааланын төмөнкү сөзүн тафсир кылып жатып:

﴿وَمَا لَكُمْ لا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ وَلِيّا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ نَصِيرا﴾

(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!

“Туткундарды куткаруу бардык мусулмандарга важиб. Бул согуш аркылуу болобу же мал-мүлк аркылуу болобу айырмасы жок. Муну аткарууандан да важиб, анткени жанга салыштырмалуу мүлк төмөн турат жана андан жеңилирээк. Малик: «Адамдарга туткундарды бардык мал-мүлкү менен бошотуу важиб», — деген. Бул маселеде ихтилаф жок”.

Имам Ибн Арабий ал-Маликийдин “Ахкамул-Куръан” китебинде алсыз мусулман туткундар тууралуу айткан төмөнкү сөзү кандай гана улуу:

“Алар менен болгон вилаая сакталууда, аларга жардам берүү болсо дене менен да важиб. Башкача айтканда, аларды куткаруу үчүн, эгер саныбыз буга жетсе, көз ирмемге да токтобостон чыгышыбыз керек. Же болбосо аларды бошотуу үчүн акыры эч кимде бир дирхам да калбаганга чейин, бардык мал-мүлкүбүздү сарпташыбыз керек”.

Ислам мамлекети өз туткундарын душмандын колунан куткаруу үчүн кандай аракет кылганын көрсөткөн көптөгөн окуялар тарыхта жазылып калган. Фарук Умар رضي الله عنه мындай деген:

“Мушриктердин колунан бир мусулманды куткарып калуум мен үчүн Араб жарым аралынан да сүйүктүүрөөк”. Анын Абдуллах ибн Хузафа ас-Сахмий менен болгон окуясы белгилүү.

Ошондой эле мусулмандардын Андалустагы башкаруучуларынын бири Мансур ибн Абу Амир франктарга каршы согуштан жеңиш менен борборуна кайтып келгенде, аны бир мусулман аял тосуп чыгып: “Сен жана адамдар кубанып жатасыңар, ал эми мен ыйлап, кайгырып жатам!” – деди.

Ал: “Эмне үчүн?” — деп сурады.

Аял: “Уулум франктардын колунда туткун”, — деди.

Ошондо Мансур сарайына да кирбестен, дароо аскерлерди жөнөтүп, аларга уулун туткундан бошотмойунча франктар менен согушууну буйруду. Акыры аны эркин абалда алып келишти.

Аммуриянын фатхы да жардам сурап: “Оо Муътасым!” — деп кыйкырган мусулман аялдын үнүнө жооп катары болгон эле.

Умар ибн Абдулазиз Константинополдогу мусулман туткундарга мындай кат жазган:

“Амма баъд. Силер өзүңөрдү туткундар деп эсептейт экенсиңер. Аллах сактасын! Тескерисинче, силер Аллах жолунда кармалып турган адамдарсыңар. Билип койгула, мен кол астымдагылар арасында бир нерсени бөлүштүргөн сайын, силердин үй-бүлөңөр үчүн алардан көбүрөөк жана жакшыраак нерселерди өзгөчө бөлүп коём. Мен силерге баланчаны беш динар менен жибердим. Эгер Румдун тагуту аны силерге жеткирбей кармап калат деп коркпогонумда, мындан да көбөйтмөкмүн. Дагы баланчаны кичүүңөрдү да, чоңуңарды да, эркегиңерди да, аялыңарды да, эркин адамыңарды да, кулуңарды да суралган баа менен бошотуп келүүгө жибердим. Сүйүнгүлө, дагы сүйүнгүлө. Вассалам”.

Туткундар маселесин жана анын чечимин изилдей турган болсок, анын түпкү негизде Палестина маселеси менен байланыштуу экенин көрөбүз. Туткундар маселеси менен Исра маселеси бири-биринен ажырабайт. Экөө тең бир оорунун белгиси. Ал оору берекелүү жердин үстүнө орноп алган баскынчы яхудийлердин жана алардын кылмышкер түзүмүнүн бар болушу. Анын чечими жана дабаасы болсо бирөө гана: үммөттүн маселени толук бүтүрө турган кыймылга келиши. Бул аскерлерди кыймылга келтирүү, яхудийлерге каршы согушуу, алардын күнөөкөр түзүмүн тамыры менен жулуп таштоо жана берекелүү жерди анын зулумунан, караңгылыгынан, азгынчылыгынан жана кылмышынан тазалоо аркылуу болот.

Ошондуктан бүгүн Ислам үммөтүнүн үстүндөгү важиб өкүм Фарук Умар, Умар ибн Абдулазиз, Муътасым жана Салахуддин доорлорунда аткарылган важибдин өзү. Башкача айтканда, үммөт кыймылга келип, аскерлерин кыймылга келтириши керек. Жөн гана айыптоо жана нааразылык билдирүү менен чектелбестен, өз башкаруучуларынын Палестинага, Масжидул-Аксага жана туткундарга каршы кыянаттыгына, шалаакылыгына жана кутумуна унчукпай карап турбоосу керек. Ислам үммөтү өз башкаруучуларынын тактыларын кулатып, аскерлерин Масжидул-Акса тарапка азат кылуучу жана такбир айтуучу абалда багытташы керек:

﴿وَلِيَدْخُلُوا الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُوا مَا عَلَوْا تَتْبِيراً﴾

“…Масжид (ал-Аксага басып) кирип, (аны тебелеп тепсөөлөрү) үчүн ошондой эле ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз)”. (Исра: 7).

Бул важибден башка ар кандай аракет Аллахка, Анын Расулуна ﷺ, Расулуллахтын ﷺ Исрасына, Палестина элинин канына жана туткундарына болгон кыянат болуп саналат.

Роя гезити

Устаз Халид Саид

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button