Басма сөз

Мусулман башкаруучулары эми Ислам жерлеринин жүрөгүндө өзөктүк коркунуч менен ойной турган абалга жетишти!

Басма сөз баянаты

Мусулман башкаруучулары эми Ислам жерлеринин жүрөгүндө өзөктүк коркунуч менен ойной турган абалга жетишти!

Абу-Даби медиа кеңсеси жекшемби күнү адистешкен ыкчам жооп берүү топтору Аз-Зафра аймагындагы Барака өзөктүк электр станциясынын аймагынан тышкаркы жерде жайгашкан электр генераторунда чыккан өрттү көзөмөлгө алганын билдирди. Бул окуя аймакка учкучсуз учак менен жасалган чабуулдан кийин болгон. Натыйжада эч ким жабыркаган эмес жана эч кандай радиациялык агып чыгуу катталган эмес.

БАЭнин Коргоо министрлиги чабуулдардын булагын аныктоо боюнча териштирүүлөр дагы эле уланып жатканын билдирип, териштирүү аяктагандан кийин бардык жаңы маалыматтар жарыя кылынышын айтты.

Чындыгында болуп жаткан нерсе – өтө чоң жамандык. Мусулман жерлери тепселген майданга жана саясий максаттарды ишке ашыруу менен эсептешүүлөр жүргүзүлө турган сахнага айланып калды. Мында Ислам жергеси жеткен абалга да, мусулмандардын жана ошол жердин элинин тагдырына да эч кандай көңүл бурулбай калды. Ал тургай иш аймакка жана анын элине өтө чоң кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон өзөктүк станцияны бутага алууга чейин жетти!

Иран бул чабуулдун артында турса да, Америка турса да же яхудий түзүмү турса да, натыйжа бир: мындай абалга унчукпай туруу таптакыр туура эмес. Анткени бүгүнкү болуп жаткан жаңжалдын эки тарабындагы мусулман башкаруучулары Американын Ислам жерлерин басып киришине жана бул жерлерге терең сиңип кетишине мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Өлкөлөрдө ондогон аскерий базалары үчүн кучактарын жайып ачып беришти. Яхудий түзүмү менен келишим түзүп, мамилелерди нормалдаштырып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, аны мусулман жерлерине өздөрү киргизишти. Ошондон кийин жерлерибиз бул кылмышкерлер үчүн каалаган пландарын жана долбоорлорун ишке ашыра турган сахнага жана жайлоого айланышы табигый көрүнүш болуп калды.

Мусулман башкаруучулары Американын Ирак менен Афганистанга каршы согушунда, ошондой эле Шам менен Йемендеги долбоорлорун ишке ашырууда аны менен бирге жүрүштү. Натыйжада Ислам жерлеринде ага бекем орун даярдап беришти. Алар дагы эле Америкага жана яхудий түзүмүнө колонизатордук максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржылык, логистикалык, аскерий жана саясий колдоолордун баарын берип келишүүдө. Мунун баарында курмандык берип жаткан тарап мусулман жерлери, мусулмандардын мал-жаны жана алардын мүмкүнчүлүктөрү.

Үммөт качанга чейин ушул саткындардын жетекчилигине унчукпай чыдай берет? Аларды көкүрөгүнөн алып ыргытып, чачырандысын жыйнаган, үммөттү бириктирген жана жерлерибизден колонизаторлордун колун кескен жалгыз халифаны тикелей турган убакыт али келе элекпи?! Ошондо үммөт кайрадан алсыз жана окуялардын майданы болгон үммөт эмес, даңктуу азиз үммөт болуп кайтып келмек. Ооба, Аллахка касам, анын убактысы келди!

Мухандис Салахуддин Азаза

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси

19.05.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button