Басма сөз

Оо мусулмандар, өлкөлөрүңөрдү колонизаторлордун аскерлерине майдан кылбагыла

Басма сөз баянаты

Оо мусулмандар, өлкөлөрүңөрдү колонизаторлордун аскерлерине майдан кылбагыла

Британия өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы аскерий операцияларында арзан баадагы дронго каршы куралды жайгаштырганын жарыялады. Ал билдирүүсүндө: «Жаңы система азыр Жакынкы Чыгыш аймагындагы операциялык майдандарга жайгаштырылды» деп айтты. Ошондой эле Британия «Ормуз кысыгын коргоо үчүн көп улуттуу миссияга дрондорду, согуштук учактарды жана аскерий кемени кошо турганын» билдирди. Франция да «Шарль де Голль» учак ташуучу кемесин жана ага тиешелүү бир катар фрегаттарын Жакынкы Чыгышка жөнөттү. Мунун баарына кошумча түрдө мусулман өлкөлөрүндөгү Американын аскерий катышуусу, ошондой эле Палестинада, Ливанда жана Шамда яхудий түзүмү жана анын Ирактагы жашыруун лагерлери да бар!

Мусулман өлкөлөрүн колонизатор каапыр мамлекеттердин аскерлерине майдан кылып бергендер мусулмандардын рувайбиза акимдери болду. Мунун каршысында алардын кожоюндары аларды ийри тактарында калтырып коюшту. Алар өлкөлөрдү бөлүп-жарып, биримдигине тоскоол болуп, Исламдын колдонулушу алдында бекем тосмо болуп турушат. Ошондой эле армияларды өздөрүнө жана өздөрүнүн кыянат режимдерине кул жана сакчы кылып алышты. Өлкөлөрдү өздөрүнө жана айланасындагыларга таандык чарбадай көрүп, байлыктары менен мүмкүнчүлүктөрүн жалгыз өздөрү ээлеп алышууда.

Эй мусулман өлкөлөрүндөгү армиялар, рувайбиза акимдердин бул аракеттерине качанкыга чейин унчукпай турасыңар?! Силер өлкөңөрдүн бекем коргону эмес белеңер?! Силердин милдетиңер өлкөнү жана адамдарды коргоо эмес беле? Же акимдерге баш ийүү деген шылтоо менен акыйдаңар өзгөрүп кеттиби? Силер Жаратуучуга каршы келген иште макулукка баш ийүү жок экенин билесиңер. Ошондой эле бүгүн баш ийип жаткандарыңар Кыямат күнү силерден баш тартышат, ал эми силер болсо Аллах Субханаху ва Тааланын алдында турган улуу абалда алардан баш тарта албайсыңар! Билип койгула, өлкөлөрүңөрдөгү акимдердин кылмыштарына силер да жооптуусуңар. Ошондой эле аларды өзгөртүүгө кудуретиңер жетет. Андыктан кеч болуп өкүнүп калуудан мурда аракет кылгыла!

Эй мусулмандар, силерге үстүңөрдөгү кордук-төмөндүктүн чаңын силкип таштай турган убакыт келди. Ал кордук силердин рувайбиза акимдериңердин колонизатор каапыр мамлекеттердеги кожоюндарына баш ийүүсүнүн натыйжасы. Ошондой эле алардын мункар иштерин өзгөртө турган убакыт да келди. Анткени алар өздөрүнүн жасалма конституциялары аркылуу коргогон мункарлар менен ачык куфрдан тышкары, өлкөлөрдү колонизатор каапыр мамлекеттердин аскерлерине майдан кылып беришти. Алар болсо силерге жакшылык каалабайт, байлыктарыңарды жана умумий мүлкүңөрдү талап-тоноп жатат. Ошондой эле Аллах Тааланын шариятын колдонуп, аны адамдарга жеткирүү аркылуу Анын ыраазылыгына жетүүгө тоскоол болууда. Муну Расулуллах ﷺ, сахабалар жана алардан кийинки халифтер кылышкан эле.

Эй мусулмандар, акыркы жылдардагы окуялар жана күндөр силерге душмандарыңарга каршы тура аларыңарды далилдеди. Ошондой эле душманыңар акимдериңердин кыянаттыгы жана силерге каршы кутумдары болбосо, өлкөлөрүңөрдө эч нерсе кыла албасын көрсөттү. Эсиңерде болсун, силер Аллахка болгон ыйманыңар, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарганыңар себептүү адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөтсүңөр. Андыктан, элине калп айтпаган жол башчы Хизб ут-Тахрир силерди чакырып жаткан чыныгы өзгөрүүгө шашылгыла. Аны менен бирге пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн иш алып баргыла. Ошондо ал каапыр мамлекеттердин аскерлерин өлкөлөрүбүздөн кууп чыгарат же бул жерлерди алар үчүн көрүстөнгө айлантат.

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

18.05.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button