Роя гезити

Трамптын Кытайга болгон сапары жана Американын үстөмдүгү сынып, таасир-кудуретинин жоголуп бара жаткан учуру

Трамптын Кытайга болгон сапары жана Американын үстөмдүгү сынып, таасир-кудуретинин жоголуп бара жаткан учуру

Мамлекеттер менен цивилизациялардын көтөрүлүшү жана кулашында тарыхый бурулуш учурлар жана чечүүчү көз ирмемдер болот. Америка менен Ирандын ортосундагы согуш да дал ошондой тарыхый мезгилдердин жана чечүүчү учурлардын бири болуп саналат. Мындай учурларда үстөмдүк кылуучу күч өз алсыздыгынын азабын жана анын ичин кемирип, мамлекеттин кыйрашына, империянын кулашына алып баруучу терең төмөндөөнү башынан өткөрөт.

Американын Иранга каршы согушу Советтер Союзунун Афганистанга каршы согушуна окшош. Ал согуш мамлекеттин толук кыйроосун, ашыкча чоң көргөзүлгөн материалдык күчтүн чектелүү экенин жана көзөмөлдөө, үстөмдүк жүргүзүү, баш ийдирүү куралдарынын талкаланып, кыйрап жатканын ашкерелеген эле.

Бүгүн Америка оор геостратегиялык жана тарыхый стратегиялык туңгуюкка кептелди. Иран согушу, анын тескери натыйжалары жана Америка таасири менен үстөмдүгүнө тийгизген каргашалуу кесепеттери аскерий күчтүн чектелүү экенин жана америкалык стратегиялык көйгөйдүн тереңдигин ачык көрсөттү. Анткени Иран да баш ийдирилген жок, Кытай да муунтулган жок. Тескерисинче, Иран согушу Американын өзүнө оор түйшүк жана муунткан аркан болуп калды.

Ушундай уулуу стратегиялык шартта жана Америка Иранга каршы түгөтүүчү согушка аралашып калган өтө кооптуу учурда анын президенти Трамп америкалык капитализм жырткычтарынын чоң тобу менен Кытайга сапар кылууну чечти. Өзүнүн толук стратегиялык сокурлугунда, куру текеберлигинде жана саясий көрөгөчтүгүнүн алсыздыгында ал стратегиялык туңгуюктун көлөмүн аңдай алган жок. Ошондой эле өзүнүн өтө оор абалда турганын көз жаздымда калтырды. Ал эми Кытай мындай өзгөчө стратегиялык мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, андан белгилүү бир пайда алууга умтулары анык эле. Дал ушул нерсени Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Трамп менен жолугушууда жасады.

Эгер Америкада стратегиялык акылдан бир аз болсо да калганда, мындай оор жана Америка үчүн каргашалуу шартта Кытайга сапар жасалмак эмес. Бирок бул Трамптын стратегиялык сокурлугу жана куру текеберлиги болду. Эки күнгө созулган бул сапар жана саммит Американын үстөмдүгүнүн сынганын, анын жетекчилигинин жана президенти Трамптын бой көтөргөн текеберлигинин талкаланганын көрсөткөн белги болду.

Саммиттин башталышында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин өзүнүн ачылыш сөзүндө бул өзгөчө стратегиялык учурдун мүнөзүн так белгилеп берди. Ал аны дүйнөлүк маселелерди Америка менен бирге талкуулаган глобалдык күч катары Американын кызыкчылыктарын талкуулоо эмес, Кытайдын тарыхый учуру деп сыпаттады. Си Цзиньпиндин билдирүүсү өзгөчө мааниге ээ болду: «Кытай менен Америка атаандаш эмес, өнөктөш болушу керек… Америка менен Кытай кызматташтыктан пайда табат, ал эми тирешүүдөн утулат… Бүгүн дүйнө башаламандыкка күбө болууда, ошондуктан биз кытай жана америкалык элдердин, ошондой эле дүйнө элдеринин кызыкчылыктарына көңүл бурушубуз керек».

Ал эми Трамп Американын кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн өзү менен америкалык капиталист жырткычтардан турган чоң топту алып келген. Алардын арасында Тесланын жетекчиси Илон Маск, Энвидиянын жетекчиси Женсен Хуанг жана Эппл компаниясынын башкы аткаруучу директору Тим Кук бар эле. Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушууда мындай деди: «Биз өзүбүз менен эң улуу, эң ири жана балким дүйнөдөгү эң мыкты ишкерлерди алып келдик. Биз менен эң мыкты адамдар бар жана алардын баары бүгүн бул жерде мени менен бирге».

Бирок Кытай аларга дээрлик көңүл бурган жок жана четте калтырды. Алар жетишкен эң чоң нерсе Бээжиндеги Элдик чоң жыйындар сарайында өткөрүлгөн расмий кечки тамакка катышуу болду.

Ошондой эле Американы тынчсыздандырган Иран маселеси жана Ормуз кысыгындагы туңгуюк боюнча Кытай Трамптын талаптарын этибарга албоону жашыруу үчүн өтө муздак мамиле жасады. Кытай тарабынан Американын Иранга каршы согуштагы туңгуюгунан чыгышына жардам берүү же Ормуз кысыгына коюлган блокаданы жоюуга көмөктөшүү боюнча эч кандай ачык милдеттенме берилген жок.

Анткени Кытайдагы ар бир стратегиялык пикир бул согуштун уланышын колдомок. Иранга каршы согуш Американын өзүнүн түйшүгү, аны муунткан тузагы жана кыйратуучу геостратегиялык туңгуюк болуп саналат. Кытай болсо бул согушту жана Американын туңгуюгун өзүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык кызыкчылыктарына кызмат кылуучу фактор катары көрөт. Мындан тышкары, Кытай үчүн Иран мунайын ташууда Ормуз кысыгына альтернатива боло ала турган Каспий деңизи да бар.

Трамптын Кытайга болгон сапарынын эң чоң жыйынтыгы Кытайдын даяр келишими эмес, болгону Боинг компаниясынан 200 учак сатып алуу боюнча убадасы болду. Бул Трамп күткөн 500 учактан кыйла аз эле. Ошондой эле бул көрсөткүч Бээжин Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө, 2017-жылы жасаган сапары учурунда сатып алууга макул болгон 300 учактык келишимден да төмөн болду. Бул ийгиликсиздик саммиттен кийин Боинг компаниясынын акцияларынын төмөндөшү аркылуу да чагылдырылды.

Саммитте ошондой эле жасалма интеллект системаларында колдонулган жарым өткөргүч чиптер маселеси үстүртөн гана талкууланды. Бул маселе АКШ менен Кытайдын технологиялык тирешүүсүнүн өзөгүн түзөт. Анткени Кытай технологияны сүйлөшүүгө жатпаган эгемендик маселеси катары карайт.

Ал эми соя боюнча айыл чарба келишимине келсек, жетишилген макулдашуу Кытайдын Байден администрациясынын учурунда Америкадан импорттоп келген көлөмүнүн болгону жарымына гана барабар болду. Бул импорт Трамп бажы төлөмдөрүн көтөргөндөн кийин жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы менен кыскарган эле. Демек, Трамптын бажы саясаты тескери натыйжа берген. Анткени жаңы келишим мурда эле болгон көлөмдүн жарымын гана кайра калыбына келтирди. Мындай нерсени жетишкендик деп эсептөө туура эмес.

Ал эми Кытай жетишкен нерсе — Трамптын кытайлык компаниялар менен инвесторлордун Америка ичинде айыл чарба жерлерин жана чарбаларын сатып алуусу пайдалуу экендигин моюнга алышы болду. Трамп Кытайдагы саммит учурунда мындай деп билдирди: «Чет элдиктерге сатууга тыюу салуу жер бааларынын төмөндөшүнө жана фермерлердин чыгым тартуусуна алып келет».

Ошентип, Обама жана Байден мезгилинде мыйзамдуу түрдө уруксат берилген нерсени Трамп да саммит учурунда колдоого алды. Белгилей кетүүчү нерсе, мындай сатып алууларга тыюу салуу анын шайлоо агитацияларындагы эң негизги ураандардын бири болгон.

Мындан тышкары, Трамп саммит учурунда кытайлык студенттерди Америка университеттеринде кабыл алууну ачык колдой турганын жарыялады. Бул анын администрациясы мурда киргизген катуу чектөөлөрдөн байкаларлык артка чегинүү болду. Анткени Америка университеттеринде билим алган кытайлык студенттер Кытайдын келечектеги адистери. Алар Америка карыздарынын эсебинен каржыланган билимден, тажрыйбадан жана лабораториялардан пайдаланып, кийин Кытайдын өнүгүшүнө кызмат кылышат.

Демек, саммит толугу менен Кытайдын пайдасына өткөн саммит болду. Кытай үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бардык чоң маселелер — «Бир алкак, бир жол» долбоору, Тайвань маселеси, технология жана жасалма интеллект сыяктуу Американы тынчсыздандырган курч темалардын баары боюнча Кытай Трамптын алдында эшиктерди жапты. Ал эми Трампка соя данын жана Боинг компаниясынан 200 учак сатып алуу тууралуу милдеттендирбеген бүдөмүк убададан башка эч нерсе калтырган жок.

Бул жердеги эң чоң стратегиялык парадокс — мурда Кытайдын кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн Кытайдын төрагасы Америкага барып, 2014-жылы Вашингтондо Обама менен, ал эми 2023-жылы Сан-Францискодо Байден менен саммит өткөргөн болсо, бүгүн Америка кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн Трамптын өзү Бээжинге келүүгө аргасыз болду. Бул болсо Американын үстөмдүгүнүн сынуусу жана империянын кыйрашы артка санак баштаганын көрсөтүүдө.

Андан тышкары, Путиндин Бээжинге болгон сапары Трамптын Бээжиндеги саммити аяктагандан кийинки учурга туш келиши жөн гана кокустук эмес. Өзгөчө бул сапар Си Цзиньпиндин чакыруусу менен уюштурулганын эске алганда, бул Кытайдын Америкага берген билдирүүсү катары каралат. Тактап айтканда, Америка бузууга аракет кылып жаткан кытай-орус жакындашуусу барган сайын бекемделип жана чыңдалып жатат деген билдирүү болду.

Мындан да маанилүүсү, стратегиялык жактан бул: америкалык доор аяктап, Евразия доору башталды деген белги катары көрсөтүлүүдө.

Бирок Ислам жана анын үммөтү үчүн мындан да башка стратегиялык чындык бар. Ал – акыркы сөздү айтуу жана анык акыйкаттын чындыгы. Тактап айтканда, заман өз айлануусун аяктады жана бул доор Америка доору да эмес, Евразиянын же Кытайдын доору да эмес. Тескерисинче, бул улуу Исламдын жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын доору. Ал бардык жахилияттардын караңгылыгын жоготуп, адамзатты караңгылыктан Исламдын нуруна, хидаятына жана ырайымына алып чыгат.

Роя гезити

Устаз Мунажи Мухаммад

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button