Ажылык бизди бир аянтка кандай жыйнаган болсо, башкаруу да бизди бир Халифалыкта жыйнашы керек

Ажылык бизди бир аянтка кандай жыйнаган болсо, башкаруу да бизди бир Халифалыкта жыйнашы керек
Ар түрдүү түстөгү, жыныстагы, жаштагы жана ар кыл өлкөлөрдөн келген миллиондогон мусулмандардын бир аянтка чогулганын көрүү кандай гана улуу көрүнүш! Алар бирдей кийимде, Бир Раббинин чакырыгына жооп берип, ибадаттарды биринин артынан бирин жамаат болуп аткарышууда. Бул улуу парзды аткаруу үчүн үйлөрүн, үй-бүлөлөрүн жана дүйнөлүк кызыкчылыктарын таштап келишкен. Алардын байы менен кедейин айырмалай албайсың. Анткени бул жай моюн сунуу, баш ийүү жана Жалгыз Аллахка кулчулук кылуу жайы. Адамдар Адамдан, Адам болсо топурактан жаралган. Алардын жаралышында да, Аллах адамдарды жараткан фитратта да айырма жок. Ошентип, бул улуу ибадаттарда Аллах Субханаху ва Тааланы улуктоонун эң зор көрүнүштөрү байкалат. Алардын тилдери бир үн менен:
«Лаббайкаллахумма лаббайк, лаббайка ла шарика лака лаббайк, иннал хамда ван ниъмата лака вал мулк, ла шарика лак» – деп жаңырып турат.
Ошондо бул толкунданган үн ааламга тарап, төмөнкү сөздүн Ээсине болгон берилгендикти жарыялайт:
﴿وَلِلّهِ عَلَى النَّاسِ حِجُّ الْبَيْتِ مَنِ اسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلاً﴾
«Ошондой эле жолго чамасы жеткен кишилердин мойнунда Алла үчүн мына ошол үйдү ажы-зыярат кылуу милдети бар». (Али Имран: 97).
Ошондой эле Расулу ﷺ айткан:
.«خُذُوا عَنِّي مَنَاسِكَكُمْ»
«Ажылык ибадаттарыңарды менден үйрөнгүлө».
Жана башка адамдардан өзгөчөлөнүп бир үммөттү түзгөн момундарга болгон берилгендикти да жарыялайт.
Чынында, ажылык мусулмандардын биримдигинин ачык көрүнүшү. Анткени амалдары да, сөздөрү да бир; ниеттери да, максаттары да бир; ибадат жайлары да бир; убактысы да бир; кийими да бир. Мунун баары Исламдын бекем түркүктөрүнүн бири болгон бир түпкү негизден келип чыгат.
Ажылык Исламдын бешинчи түркүгү болушу таң калычтуу эмес. Анткени ал Ислам өкүмдөрүнүн эң акыркыларынан болуп парз кылынган. Эң күчтүү риваяттар боюнча ал хижраттын тогузунчу жылында парз кылынган. Балким, мунун хикматы Мекке Даруль-Исламдын курамында болуп, анда Ислам өкүмдөрү колдонулушу үчүн болгон чыгар.
Ошол жылы Расулуллах ﷺ Абу Бакрды ажылыктын амири кылып дайындады. Андан кийин Али ибн Абу Талибди ага кошуп, ажылыкта элге окуп берүү үчүн Тообо сүрөсүн түшүрдү. Ал сүрө аркылуу мушриктерге төрт ай мөөнөт берилери жарыяланды. Ал эми кимдин Расулуллах ﷺ менен келишими болсо, анда ал келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин күчүндө калары айтылды. Ошондой эле ошол жылдан кийин эч бир мушрик Каабага ажылык кыла албастыгы жана эч ким Каабаны жылаңач абалда таваф кыла албастыгы жарыяланды.
Мунун баары хижраттын тогузунчу жылында болгон. Ал жыл «элчилер жылы» деп аталган. Анткени Араб жарым аралындагы уруулардан келген делегациялар Расулуллах ﷺ алдына келип, Исламды кабыл алганын жана Ислам мамлекетинин роясы астына киргенин жарыялашкан. Натыйжада Исламдан башка ар кандай пикирлерди жана Ислам мамлекетинен башка ар кандай түзүлүштү жок кылуу аркылуу бирдиктүү Ислам мамлекети түзүлгөн.
﴿إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ﴾
«(Эй инсандар), силердин диниңер чындыгында бир дин (Ислам) Мен болсо (бардыгыңардын) Раббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла!» (Анбия: 92).
Ал эми Расулуллах ﷺ хижраттын тогузунчу жылында Абу Бакрды ажылыктын амири кылып дайындагандан кийин, хижраттын онунчу жылында ажылыкты өзү ﷺ жетектеген. Мында мусулмандардын башкаруучусу же анын дайындаган адамы ажылык иштерине жооптуу болушу керектиги тууралуу шаръий көрсөтмө жана багыт бар. Ал ажылардын коопсуздугун камсыздап, ажылык өкүмдөрү жана башка зарыл болгон шаръий өкүмдөр менен алардын иштерин башкарууга тийиш.
Андан кийинки халифалар да ушул жолду карманышкан. Мисалы, Умар ибн Хаттаб (разияллаху анху) өз халифалыгынын бардык жылдарында ажылыкка үзгүлтүксүз катышып турган. Риваяттарда келгендей, ар жылы ажылык мезгилинде аймактардагы акимдерин өзүнө чакырып туруу анын услубдарынын бири эле. Эл өз арыз-муңдарын жеткире турган белгилүү убакытка ээ болуусу үчүн, акимдерди алардан бөлүп, зулум кылуудан тосуп, алардын абалын жакындан билчү. Ал эми Аъмаш Али ибн Абу Талиб Ибн Аббасты ажылыктын амири кылып дайындаганын риваят кылат. Ошол күнү Ибн Аббас ушундай хутба окуган экен, эгер аны түрктөр менен румдуктар укканда, сөзсүз Исламды кабыл алышмак эле.
Мусулмандардын биримдиги – тагдыр чечүүчү маселе. Бул биримдик жыл сайын ажылык мезгилинде көрүнүп турат, бирок мусулман өлкөлөрүнүн ортосундагы чек аралар жана башкаруучуларынын көптүгү себептүү жарым-жартылай гана көрүнөт. Ошол сыяктуу эле бул биримдик намазда да көрүнөт. Анткени мусулмандар бир азандын чакырыгына жооп беришет. Ошондой эле орозодо да көрүнөт. Негизи мусулмандар айды көрүү менен баары бирге орозо кармап, айды көрүү менен баары бирге айтты майрамдашы керек. Алар бул ибадатты Рамазан айы бою таңдан кечке чейин бирдей аткарышат. Ошондой эле зекетте да биримдик көрүнөт. Расулуллах ﷺ зекетти чогултуу жана аны акылуу адамдарга таратуу үчүн кызматкерлерди жиберчү. Андан кийинки халифалар да Халифалыктын акыркы доорлоруна чейин ушул тартипти улантышкан.
Анда эмне үчүн бүгүн мусулмандар бир чакырыкка жооп берип, башка чакырыкка жооп беришпейт? Алар төмөнкү чакырыкка жооп беришет:
﴿وَأَذِّن فِي النَّاسِ بِالْحَجِّ﴾
«Жана адамдар арасында (жүрүп, аларды) ажыга чакыргын».
Бирок Аллах менен Анын Элчиси ﷺ аларды өкүм чыгаруу үчүн чакырганда жооп беришпейт:
﴿إِنَّمَا كَانَ قَوْلَ الْمُؤْمِنِينَ إِذَا دُعُوا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ أَن يَقُولُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا﴾
«Алла жана анын пайгамбарына ортолорунда өкүм чыгаруу үчүн чакырылган убактыларында, момундардын сөзү «уктук жана моюн сундук», (деш). Дал ошолор гана нажат табуучулар – кутулуучулар».
Эмне үчүн алар: «Уктук жана моюн сундук» дешпейт?
Эмне үчүн алар төмөнкү чакырыкка жооп беришет:
﴿إِذَا نُودِي لِلصَّلَاةِ مِن يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ﴾
«…качан Жума күнүндөгү намазга чакырылса (азан айтылса), дароо Алланы зикир кылууга-эскерүүгө баргыла!»
Бирок төмөнкү буйрукка жооп беришпейт:
﴿لاَ تَتَّخِذُواْ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاء﴾
«Эй момундар, жөөттөр менен насранийлерди дос тутпагыла!» (Маида: 51).
Аалымдары да «башкаруучуларга» баш ийүүгө чакырышат, бирок төмөнкү буйрукка жооп беришпейт:
﴿فَإِن تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللّهِ وَالرَّسُولِ﴾
«Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла». (Ниса: 59).
Алар төмөнкү буйрукка жооп беришет:
﴿كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ﴾
«… силерге да орозо кармоо парз кылынды». (Бакара: 183).
Бирок төмөнкү буйрукка жооп беришпейт:
﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَآ أَنزَلَ اللّهُ﴾
«(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын». (Маида: 49).
Мусулмандардын биримдиги маселесин тагдыр чечүүчү маселе кылуунун мааниси — ага карата жашоо же өлүм маселесиндей мамиле кылуу. Расулуллах ﷺ мындай деген:
«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاعَتَكُمْ فَاقْتُلُوهُ»
«Силердин ишиңер бир адамдын колунда болуп турган учурда, ким силерге келип, биримдигиңерди бузууга же жамаатыңарды бөлүүгө аракет кылса, аны өлтүргүлө».
Демек, мусулмандардын алсыз түзүмдөргө бөлүнүп жашоосу, Аллахтын шариятын жана жер жүзүндө Анын жалгыз өкүмүн орнотууну токтотуп коюшу жаиз эмес. Алар Аллахка ажылыкта, намазда, орозодо жана кээ бир башка өкүмдөрдө моюн сунуп, бирок Исламдын калган өкүмдөрүндө моюн сунушпаса, алардын абалы Куранды бөлүк-бөлүк кылгандардай же Китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн четке каккандардай болуп калат. Аллах сактасын, мусулмандардын абалы булардын же тигилердин абалындай болуп калбасын.
Эй мусулмандар!
Ажылык силерди ошол улуу көрүнүштө бир аянтка жыйнады. Исламдын бардык өкүмдөрүн колдонуу да силерди бир Халифалыкта жыйнашы керек. Силер буга кудуреттүүсүңөр. Анткени силер узак кылымдар бою бир халифанын роясы астында ушундай абалда жашагансыңар. Демек, араңарда силердин ойгонууңар жана Халифалык долбоорунун негизинде биригишиңер үчүн аракет кылып жаткан, өз элине жалган айтпаган жол башчы болгон Хизб ут-Тахрир турган учурда, муну кайрадан жүзөгө ашыруу кандай гана жеңил!
Силерге болгону бекем чечим кабыл алып, аны менен бирге иш алып баруу жана ага нусрат берүү гана калат. Ошондо биримдигиңердин эң улуу көрүнүшү ишке ашат. Ошондо силер үчүн дүйнөдө азиздик, акыретте болсо ийгилик жана Аллахтын ыраазычылыгы болот. Ал эми Аллахтын ыраазычылыгы баарынан улук.
Роя гезити




