Роя гезити

Суданда болуп жаткан согушта коңшу мамлекеттерге берилген рол

Суданда болуп жаткан согушта коңшу мамлекеттерге берилген рол

Судандын айланасын Сайкс-Пико келишиминин негизинде пайда болгон бир катар мамлекеттер курчап турат: түндүктө Мисир, түндүк-батышта Ливия, батышта Чад, түштүк-батышта Борбордук Африка Республикасы, түштүктө Түштүк Судан, түштүк-чыгышта Эфиопия, чыгышта Эритрея жана түндүк-чыгышта Кызыл деңиз, анын ары жагында Саудия жайгашкан. Бул мамлекеттер Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы согушка таасир этүүдө. Бул таасир аларга качкындардын агылып барышы аркылуу болобу же саясий жана аскерий иштер аркылуу согушка түздөн-түз катышуусу аркылуу болобу, айырмасы жок

2023-жылдын май айында Саудиянын ролу Жидда минбары аркылуу башталган. Бул Саудия менен Американын биргелешкен көзөмөлдөгү сүйлөшүү жолу эле. Америка бул согуштагы тынчтык маселесин Саудияга тапшыргандыктан, 2023-жылдын 22-май дүйшөмбү күнүнөн тартып Жидда минбары ишке кирген. Андан соң Американын көрсөтмөсү менен улам-улам жарашуу келишимдери жарыяланган.

Чынында Судандагы абалды Америка башкарууда жана Жидда сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөөдө. Анткени Жиддада эки тарап кол койгон маселелерди АКШнын Африка иштери боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысы Молли Фи буга чейин эле 2023-жылдын 14–16-май күндөрү Аддис-Абебада өткөргөн жолугушууларында айткан болчу. Ал Жиддадагы сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берип, гуманитардык жардамдардын жеткирилишине мүмкүнчүлүк бере турган кыска мөөнөттүү ок атышууну токтотуу аракеттерин баяндаган.

Андан кийин Вашингтондо америкалык төрт тараптуу механизмге кирген мамлекеттердин (Америка, Мисир, Саудия жана БАЭ) жыйындары өткөн. Башында Бурхан бул жыйындарды четке каккан, бирок кийинчерээк Америка президенти Трамп менен иштөөгө даяр экенин билдирген. Ал Ибн Салмандын чакыруусу менен Эр-Риядга жасаган расмий сапарынын соңунда: «Президент Трамп, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана анын Судандагы тынчтык боюнча өкүлү Массад Булос менен тынчтыкка жетишүү жана согушту токтотуу аракеттеринде кызматташууга умтуларын» баса белгилеген. Ушундайча Саудиянын Судан согушундагы ролу Бурхандын бийлигин бекемдөөгө каратылганы ачык көрүнүп турат. Себеби согуш башталгандан үч ай өткөндөн кийин, 2023-жылдын 13-июлунда, бейшемби күнү Каирде Судандын коңшу мамлекеттеринин саммити өз ишин жыйынтыктаган. Бул жыйын Европага караштуу судандык оппозициялык партиялардын тынчтык демилгелерин өз колуна алуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу үчүн өткөрүлгөн. Ошондуктан коңшу мамлекеттердин Каир конференциясы Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүн согушту токтотууга чакырып, тышкы кийлигишүүлөрдөн алыс болгон жалпы улуттук диалог өткөрүүгө үндөгөн.

Конференция 2023-жылдын апрель айынын ортосунда жаңжал башталгандан эки ай өткөндөн кийин өткөрүлдү. Анын максаты гуманитардык абалдын кескин начарлашын жөнгө салуу, миллиондогон адамдарды азык-түлүк, баш калкалоочу жай, медициналык жардам жана коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу болгон.

Дал ушул нерсе согуштун уюштуруучусу болгон Американын максаты эле. Ал чечимди ок атышууну токтотуу жана гуманитардык коридорлорду ачуу менен гана чектөөнү максат кылган. Мунун аркасында ал Судандагы англиялык таасирди жок кылууну же жок дегенде чектөөнү, ошондой эле зарыл деп тапса Дарфур аймагын бөлүп чыгарууну көздөгөн. Ошондуктан ал Трамптын сүйүктүү диктатору Сисиге Бурхандын бийлигин бекемдөө үчүн саясий рол ойноону тапшырган. Натыйжада Мисир, Булос жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин ортосунда жолугушуулар өткөрүлүп, Мисир ушул саясий ролду аткарууга киришкен.

Ал эми Ливиянын Ыкчам колдоо күчтөрүн колдоосуна келсек, 2025-жылдын ноябрь айында америкалык көзөмөл уюму «The Sentry» чыгарган баяндамада ливиялык кол башчы Халифа Хафтарга караштуу күчтөр БАЭнин атынан Ыкчам колдоо күчтөрүнө мыйзамсыз ташылган күйүүчү май жеткирип жатканы айтылган.

Чаддын бул маанисиз согушка кийлигишүүсү болсо Адри чек ара өткөрмө бекети аркылуу гуманитардык жардам деген ат менен Ыкчам колдоо күчтөрүн азык-түлүк жана ок-дары менен камсыз кылуу түрүндө болгон.

Борбордук Африка Республикасы да Судандагы согуштун айлампасынан сыртта калган жок. Айрыкча Адри өткөрмө бекети жабылгандан кийин, 2023-жылдын июнь айынын ортосунда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Түштүк Дарфур вилаятындагы чек арада Умм Дафук аймагын көзөмөлгө алышы чоң мааниге ээ болду. Бул шаар Судан менен Борбордук Африка Республикасынын ортосундагы жалгыз соода өтмөгү болуп эсептелет. Ал эми Умм Дафук өткөрмө бекети Батыш Судандагы негизги таасир аймактарына ээ болгон Ыкчам колдоо күчтөрү үчүн «өтө маанилүү аймак» болуп саналат. Өзгөчө Чад Судан менен болгон чек арасын жапкандан кийин бул абал камсыздоо жолдорунун жана эки өлкөнүн ортосунда согушкерлердин жүрүп-турушунун чектелишине алып келген.

Ал эми бөлүнүп чыккан түштүк мамлекетче үчүн Түндүк Судан негизги жашоо артерия болуп эсептелет. Ошондуктан ал гуманитардык жардам деген ат менен Ыкчам колдоо күчтөрүнө курал-жарак өткөрүүнүн негизги өтмөгү болуп кызмат кылууда. Ошондой эле Көк Нил жана Кадугли тараптарында жаңы согуш майдандарын ачуу аркылуу «чет жактарды чыңалтуу» саясатын жүргүзүүдө. «Аль-Жазира» 2025-жылдын 12-декабрында мындай деп жазган: «Түштүк Судан армиясынын командачысы Пол Нанг өз өлкөсү чек арага жакын жайгашкан стратегиялык Хеглиг мунай кенин коргоо үчүн Суданга аскер жөнөткөнүн билдирди. Бул кадам Ыкчам колдоо күчтөрү аны көзөмөлгө алгандан бир нече күн өткөндөн кийин жасалды. Ошол учурда Кордофанда кагылышуулар уланып жаткан эле.

Генерал Нанг аскерлерди жайгаштыруу Түштүк Судандын президенти Салва Киирдин, Судандын Эгемендик кеңешинин төрагасы Абдул Фаттах аль-Бурхандын жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командачысы Мухаммад Хамдан Дагалонун (Хамидти) макулдугу менен ишке ашканын ырастаган.Ал эми армиянын расмий өкүлү, бригадалык генерал Асим Авад Абдулваххабдын айтымында, Эфиопиянын Бахр-Дар аэропортунан учурулган учкучсуз аппараттар Судандын аба мейкиндигине кирип, аскердик жана жарандык объектилерге каршы душмандык операцияларды жүргүзгөн. Алардын буталарынын арасында Хартум эл аралык аэропорту да болгон».

Ошондой эле Эфиопия да Судандагы бул каргашалуу согушка салым кошуп келет. Анткени өткөн жылдын аягынан бери эл аралык баяндамалар Эфиопиянын аймагында Ыкчам колдоо күчтөрүн машыктыруу жана колдоо үчүн ири лагерь бар экенин ачыктаган. Ал лагерь аба тилкелери жана учкучсуз аппараттар үчүн ангарлар менен жабдылган. Мындан тышкары, спутниктен алынган сүрөттөр менен бекемделген ошол баяндамаларда Ыкчам колдоо күчтөрүнө курал-жарак жеткирген ондогон аба каттамдары тууралуу да айтылган.

Ал эми Эритреянын Судан согушуна катышуусуна келсек, 2023-жылдын 4-майында «The Independent» басылмасы Эритрея президенти мурдагы режим кулагандан кийин анын өкмөтү Судан армиясынын командачысы Бурханды колдогонун мойнуна алганын жазган. Ал мындай колдоо «анын жеке өзүнө байланыштуу себептерден эмес, өлкөдөгү биринчи эгемен институт болгон армияны өкүлдүк кылгандыгы үчүн» берилгенин билдирген. Андан тышкары, Эритрея Бурхан үчүн жаңы камсыздоо жолун ачып берүүдө. «Аль-Араб» гезити жана башка басылмалар 2025-жылдын 18-июнунда, шаршемби күнү, мындай деп жазышкан: «Эфиопиялык бир нече маалымат булактарынын окшош билдирүүлөрүнө ылайык, Судан армиясы абадан коргонуу системалары, түрк жана ирандык учкучсуз аппараттар, жардыруучу бочкалар жана запастык бөлүктөр сыяктуу маанилүү курал-жарак жүктөрүн коопсуз жеткирүү үчүн Эритрея аймагын пайдаланган. Бул болсо 2023-жылдан бери уланып келе жаткан кандуу согуштун дагы күчөшүнө өбөлгө түзүүдө».

Мына ушундайча Америка Судан согушун Сайкс-Пико мамлекеттери аркылуу башкарууда. Мусулман башкаруучуларынын абалы да ушундай, аларды адамдардын иши жана коопсуздугу кызыктырбайт. Алар үчүн эң маанилүүсү тактыларында отуруу, алардын кожоюндары болсо бардык иштерди башкарып турушат.

Чындыгында, өлкөбүз колонизатор мамлекеттердин күрөш майданына айланып калганы өтө өкүнүчтүү. Бизди курчап турган өлкөлөрдүн баары исламий өлкөлөр болуп, алардын калкынын басымдуу бөлүгү мусулмандар болсо да абал ушундай. Чындыгында, бул – мусулман башкаруучуларынын моюнундагы кулчулуктун арканы.

Өлкөлөр жана адамдар колониализмдин кишенинен исламий жашоону кайра баштоо жана нубувват минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу гана кутула алышат. Ошондо, Аллахтын уруксаты менен, адилет таразалар орнотулат.

﴿وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنْقَلَبٍ يَنْقَلِبُونَ﴾

«Заалим кимселер болсо жакында кандай акыбет — жыйынтыкка карап бара жатышкандарын билип атышат». (Шуара: 227).

Роя гезити

Устаз Ибрахим Мухаммад (Мушриф)

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button