Асыл хадис

Алтын жана күмүш түзүмү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Алтын жана күмүш түзүмү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

روى ابن ماجه في سننه قال: حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ ثَعْلَبَةَ بْنِ سَوَاءٍ حَدَّثَنَا عَمِّي مُحَمَّدُ بْنُ سَوَاءٍ عَنْ حُسَيْنٍ الْمُعَلِّمِ عَنْ مَطَرٍ الْوَرَّاقِ عَنْ نَافِعٍ عَنْ ابْنِ عُمَرَ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “مَنْ مَاتَ وَعَلَيْهِ دِينَارٌ أَوْ دِرْهَمٌ قُضِيَ مِنْ حَسَنَاتِهِ لَيْسَ ثَمَّ دِينَارٌ وَلَا دِرْهَمٌ

Ибн Мажа өзүнүн “Сунанында” мындай деп риваят кылган. Мухаммад ибн Салаба Ибн Умардан риваят кылып айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген: “Ким динар же дирхам карыз болуп каза болсо, анын жакшылыктарынан төлөнөт жана ал жерде динар да, дирхам да болбойт”.

“Хашият ас-Синди ‘ала Ибн Мажа” китебинде: (قَضَى مِنْ حَسَنَاته) “Ал жакшы иштеринен төлөдү” деп айтылат, башкача айтканда, ал өзүнүн жакшы иштеринен алып, карыз бергендин карызынын ордуна берет.

Урматтуу бир туугандар:

Хадис бул жашоодо карыздарды төлөөгө жана адамдардын укуктарын баалоого, алардын аткарылышын кечеңдетпөөгө үндөйт. Карыздар дирхамбы, динарбы же башка валютабы, айырмасы жок, Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун), бул эки валютаны ошол кездеги Ислам мамлекетинде колдонулган валюталар болгондуктан айткан. Ислам мамлекети алтын жана күмүш системалары менен иш алып барган, алтын динар жана күмүш дирхам товарларды, жумуш күчүн жана пайданы өлчөө бирдиги катары кызмат кылган… Алар ички жана тышкы алакаларда негизги айырбаштоо куралы болгон. Мамлекеттин алтын же күмүш сыяктуу белгилүү бир акча системасында иштешинин мааниси, бул акча мамлекеттин ички, тышкы алакаларында, жүгүртүү бирдиги болуп саналган.

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү акча системасы ар дайым металл системасында (алтын же күмүш) болуп келген. Бирок азыркы доордо ал башында алтын менен күмүштүн ордун баса турган кагаз банкнотторду акырындык менен чыгаргандан кийин милдетүү кагаз валюта системасы кабыл алынган. Башкача айтканда, ал белгилүү бир жерде сакталган тыйындар же акча түрүндөгү куймалар алтындын же күмүштүн санын билдирген. Ал жерде бул куймаларды алтын же күмүш менен алмаштырууга болгон, бул орун басар (акча) деп аталган Андан кийин кагаз акча чыгарылган, ал белгилүү бир өлчөмдөгү алтын же күмүштү билдирген, ал алтын менен күмүштун толук номиналдык наркын жаппаган, бирок анын бир бөлүгүн гана жапкан. Башкача айтканда, аны баалуулугу алтын же күмүш менен жабылган бөлүгүнө барабар алтын же күмүшкө алмаштырууга болот. Бул кагаз акча деп аталган. Андан кийин алтын же күмүштүн эч кандай көлөмүн чагылдырбаган, өкмөттөр тарабынан чыгарылган жана негизги валюта болгон кагаз акча чыгарылган. Бул толугу менен да, жарым-жартылай да алтын же күмүш менен жабылбаган жана алтын же күмүш резерви менен кепилденбеген кагаз акча. Ошондуктан, аны чыгарган мамлекеттин бийлигинен башка эч кандай кепилдиги жок жана бул милдетүү кагаз акча деп аталат…

Акчанын ички баалуулугу канчалык баалуу болсо, ал нерселердин, анын ичинде товарлардын, жумуш күчүн жана пайдалардын наркын өлчөөдө анын баалуулугу жана кадыр-баркы ошончолук бекемделет. Ошондуктан, баалуулуктарды белгилөө үчүн негиз катары кызмат кыла турган эң жакшы металл – бул алтын… Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөр бул системаны 1970-жылдары АКШнын президенти Никсон доллар менен алтындын ортосундагы байланышты үзүүнү жарыялаганга чейин колдонушкан… Муну менен Дүйнөлүк экономикалык системага кыйратуучу сокку урулду, дүйнө бүгүнкү күнгө чейин андан жапа чегип келет. Күмүш системасы күмүш акча бирдигинин негизи экенин билдирет жана ал байыркы замандардан бери белгилүү. Байыркы мезгилдеги айрым өлкөлөр, мисалы, байыркы Персия мамлекети, аны өздөрүнүн бирден-бир акча системасы катары кабыл алышкан. Ал эми Ислам мамлекети да аны алтын системасы менен катар кабыл алган. Күмүш алтын сыяктуу баалуу болбосо да, анын ички баалуулугу бар, ошондуктан ал таасир этүү эркиндигине жана чексиз тазалоочу күчкө ээ жана бардык жагынан алтын стандарты сыяктуу…

Ошондуктан, алтын жана күмүш системаларын айкалыштырууга негизделген система башка эч бир система тең келе албаган күчкө, туруктуулукка жана ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ислам мамлекетиндеги акча системасында да ушундай, ал тарыхында алтын жана күмүш системаларында иштегендей эле келечекте да дал ушул системаны ишетет. Кудай буюрса, ал система кайтып келет жана өз өлкөсүн эч кандай ички баалуулугу жок, тескерисинче, күчү мамлекеттин бийлигинин күчүнө байланган милдеттүү кагаз акчалардан келип чыккан кыйратуучу экономикалык соккулардан жана олку-солкулуктардан коргойт. Дүйнө иштери кандайча башкарылып, жашоо, айрыкча экономикалык жашоо, туруктуу каржы системасына, туруктуу экономикалык жашоого негизделген системанын үлгүсүн көрсөтөт. Азыркы күндөгү кагаз акчалардын күчү аны валюта катары чыгарган өлкөнүн күчү менен байланыштуу. Бүгүнкү күндө дүйнө мамлекеттери тарабынан колдонулуп жаткан бул валюта туруксуздукка жана өзгөрүүлөргө дуушар болуп, бүткүл дүйнө үчүн удаалаш кризистерди, тынчсызданууларды жана башаламандыктарды жаратып жатат. Ошондуктан, Халифалыктын жана анын бекем акча системасынын кайтып келиши жакында дүйнөнүн алтын же күмүш системасын, же экөөнү тең чогуу кабыл алууга кайтып келишине алып келет. Ал Америка дүйнөгө коркутуу, эзүү жана мажбурлоо аркылуу таңуулаган адилетсиз системаны, милдеттүү кагаз системасын түп тамырынан четке кагат.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х, 21– зулхижжа.

2026-ж, 7-июнь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button