Кабар

Кыргызстанда 20 миң чет өлкөлүктүн кыймылсыз мүлкү бар

Кыргызстанда 20 миң чет өлкөлүктүн кыймылсыз мүлкү бар

Кыргызстанда болжол менен 20 миң чет өлкөлүк жаран кыймылсыз мүлккө ээ. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары Жакшылык Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, мекеменин реестринде 3 миллион 546 миң 574 турак жай катталган.

«Жалпысынан 2025-жылы кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу боюнча 91 миңге жакын бүтүм катталган. Бул өткөн мезгилге салыштырмалуу 4,6 пайызга көп.

Депутат Улукбек Ормонов чет өлкөлүктөр Кыргызстанда кайсы мыйзамдын негизинде кыймылсыз мүлк сатып алып жатканын сурады.

Мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары бул маселе Жер кодексине ылайык жөнгө салынарын белгиледи.

Аткаминердин айтымында, Кыргызстанда турак жайды чет өлкөлүктөргө сатууга болот. Анын алдындагы жер тилкеси алардын менчигине берилбейт, 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга өткөрүлөт.

Ошондой эле депутат айрым учурларда айыл чарба багытындагы жерлер да чет өлкөлүктөргө пайдаланууга берилип жатканын кошумчалады.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button