Макала

Жетекчиликтин бузулушу: Мамлекеттердин кыйроосундагы жана цивилизациялардын чиришиндеги акыркы баскыч

Жетекчиликтин бузулушу: Мамлекеттердин кыйроосундагы жана цивилизациялардын чиришиндеги акыркы баскыч

(Трамп башындагы Америка мисалында)

Мунажи Мухаммад

Улуу мамлекеттердин жана үстөмдүк кылган цивилизациялардын жогорулашы менен кулашын жөнгө салган мыйзам ченемдүүлүктөр бар. Бул тууралуу Батыштын светтик материалисттик талдоолору да бар. Алардын эң белгилүүлөрү – британиялык тарыхчы Арнольд Тойнбинин теориясы. Ал цивилизациялардын кулашы ички жактан башталат деп эсептейт. Бул чыгармачыл элитанын чакырыктарга жооп берүүдө ийгиликсиздиги анын зулум бийликке айланышынын натыйжасы болуп эсептелет. Натыйжада көпчүлүк эл андан баш тартып, коомдук биримдик ыдырайт жана ички бөлүнүү күчөйт. Ошондон кийин цивилизация кандай гана тышкы чакырык болбосун, анын алдында кыйрайт.

Андан соң Пол Кеннединин теориясы бар. Пол Кеннеди бул теориясын 1987-жылы жарык көргөн «Улуу державалардын жогорулашы жана кулашы» аттуу китебинде баяндаган. Бул нукура капиталисттик көз караш болуп саналат. Ал мамлекеттин күчүн курууда экономикалык кубат негизги таяныч болуп, аны аскерий жана саясий күч колдойт деп эсептейт. Ошондой эле ал улуу державанын амбициялары менен анын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы тең салмаксыздык, башкача айтканда, мамлекеттин ашыкча чыгымдар менен аскерий жана стратегиялык жактан кеңейиши экономиканы алсыратып, мамлекеттин күчүн кетирет деп эсептейт.

Пол Кеннединин теориясынын америкалык чечим кабыл алуучуларга карата таасири АКШнын бардык кийинки администрациялары учурунда күчөдү. Бул экономиканы кайра куруу боюнча удаалаш саясаттарда ачык көрүнүп турду (товар экономикасынан кызмат көрсөтүү экономикасына, андан соң каржы экономикасына, кийин санариптик экономикага, андан кийин технология жана жасалма интеллект экономикасына өтүү). Мунун баары экономикалык «кара тешикти» (асман чапчыган карыздар жана туруктуу бюджеттик тартыштыкты) бүтөп, төмөндөө менен кыйроонун алдын алуу аракети эле. Ошондуктан экономикалык материалдык фактор бардык Америка администрацияларынын — республикалык болобу же демократтар болобу — саясаттарын кыймылдаткан негизги күч болуп келди. Айырма болгону стратегияларда, услубдарда жана каражаттарда эле.

Бирок төмөндөө улана берди жана Американын абалы улам курчуду. Маалым болгондой, Америка Батыш дүйнөсүн каптаган кризистин эң ашкере көрүнүшү жана эң таң калтырган үлгүсү болуп саналат.

Бул төмөндөөнүн, кыйроо сызыгынын ылдамдашынын жана Батыш кирип кеткен караңгы туннелдин түшүндүрмөсү бул эки теориянын кемчилигинде жатат. Алар Батыштын чыныгы илдетин жана Батыш кризисинин негизги өзөгүн көз жаздымда калтырышкан. Ал илдет — Батыштын светтик сакофий системасы. Дал ушул система жашоо түзүмдүн, мыйзамдардын, эрежелердин жана саясаттардын булагы болуп саналат. Ошондой эле ал чечимдердин ийгиликсиз болушунун, көйгөйлөрдүн тереңдеп жана күчөшүнүн негизги себеби болуп эсептелет. Тойнби менен Кеннеди, экөө тең Батыштын светтик капиталисттик системасынын өкүлдөрү болгондуктан, анын сакофий, хазарий жана саясий жактан жарактуу экенине ишенишкен. Ошондуктан алар бул системанын ийгиликсиздигин жана банкроттукка учураганын көрмөксөн болушкан. Чынында болсо сакофий системалар цивилизациянын, мамлекеттин жана коомдун уругу жана тамыры болуп саналат. Анын кемчиликтерин көз жаздымда калтыруу кыйроого алып келет. Анткени Батыш цивилизациясынын бузулушу, саясаттардын чириши, кырсыктуу экономикалык кризистер, коомдук бузулуу жана баалуулуктардын, ахлактын жемирилиши сакофий себептерден келип чыккан. Бул жөн гана экономикалык же саясий процедуралык маселе эмес. Негизги себеп — Батыштын светтик сакофий системасынын адамзат көйгөйүн чечүүдөгү толук ийгиликсиздиги жана банкроттугу. Ал адамдын бактылуулугун камсыз кылууда толугу менен ийгиликсиз болду. Себеби анын сунуш кылган чечимдери бузгунчу жана жалган эле. Тескерисинче, ал өзүнүн түшүнүктөрүнө карама-каршы болгон, жалпы адамзаттык трагедияны пайда кылды.

Бул Батыштын светтик капиталисттик системасынын өнүгүү процесси болуп, ал шексиз өзүн-өзү жок кылышына алып барат. Анткени ал жараксыз жана начар негизге таянат, кулоого аз калган жар боюнда турат жана адашууга баткан жалган сакофий түшүнүккө курулган. Анын маңызы адамдын акылы адамзат маселесин инсанды жараткан Аллахтан көрө жакшыраак чече алат деген түшүнүк.

Батыш системасы башында светтик фикрат катары пайда болгон. Андан кийин капитализм менен айкалышып, акырында жырткыч жана чектен чыккан өзүн-өзү кыйратуучу капитализмге айланды. Батыш системасы башында чиркөө пикирлерине, дин кызматкерлеринин үстөмдүгүнө, диний-теологиялык сакофий таасирине жана саясий бийлигине каршы чыккан нукура светтик фикрат катары жаралган. Светтик агымдын философтору жана ойчулдары жаңы жашоо түшүнүктөрүн, коомдук түзүмдөрдү, цивилизацияны жана мамлекетти пайда кылган фикрат менен сакофаттын теоретиктери жана негиздөөчүлөрү болушкан.

Ошондуктан сакофат да, саясат да алардын өндүрүшү жана негизги ишмердүүлүгү болгон. XVI, XVII жана XVIII кылымдар алардын доору жана алардын светтик пикирлери үстөмдүк кылган мезгил болду. Натыйжада светтик агым бийликти чиркөөдөн тартып алып, XVIII кылымдын экинчи жарымында өз мамлекетин түзүүгө жетишти. Ошентип, Батыштын светтик системасынын салмак борбору жана анын бекем өзөгү философтордун, ойчулдардын, ошондой эле алардын таасири астында болгон жана философияларына берилген саясатчылар менен башчылардын колунда топтолду.

Андан соң XVIII кылымдын акырында жана XIX кылымдын башында системанын өзгөрүү этабы башталды. Светтик дүйнөнүн борбору болгон Европадагы өнөр жай төңкөрүшүнүн (буу кыймылдаткычы, токуу станогу, заводдор) натыйжасында Батыш коомунда жаңы катмар пайда болду. Ал — өнөр жай капиталисттеринин, башкача айтканда заводдордун жана өндүрүш ээлеринин катмары эле. Бул катмар фикрий жана саясий деңгээлде таасир күчүнө ээ боло баштады. Өнөр жай өнүгүүсү менен фикрий өндүрүштүн ортосунда айкалышуу жүрүп, капиталисттик пикирлер пайда болду. Адам Смит тарабынан 1776-жылы жазылган «Улуттардын байлыгы» китеби капиталисттик экономиканын негиздөөчү тексти жана капитализмдин, жеке менчик эркиндигинин, эркин рыноктун жана алардын Батыш жашоосундагы үстөмдүгүнүн негиздөөчү декларациясы болуп эсептелет. Бул капиталисттик үстөмдүк менен бирге акча, фикр, сакофат жана саясаттын ортосунда аморалдык нике пайда болуп, ал Батыштын жашоосуна жана цивилизациясына өз мөөрүн басты.

XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башында Батыштын капиталисттик системасында чоң өзгөрүү болду. Эл аралык ири банк мекемелери, финансылык холдингдер, баалуу кагаздар базарлары жана континенттер аралык биржалар (Лондон жана Нью-Йорк биржалары) пайда болуп, өнүктү. Мунун натыйжасында каржы сектору негизги орунга чыгып, каржы капитализми өсүп, анын таасири менен үстөмдүгү фикрге, сакофатка, саясатка жана жалпы жашоого жайылды. Андан кийин капиталисттик технологиялык секирик болуп, анын технологиялары менен каражаттары капиталисттик калыпка салууну жана акчанын үстөмдүгүн мурдагыдан да күчөттү. Ошентип, жаңы капиталисттик катмар үчүн технология камсыз кылган элес виртуалдык акча жана булуттагы байлык аркылуу капитализмдин чектен чыгуусу дагы да күчөлү. Фикрге, сакофатка жана саясатка толук көзөмөл орнотулду. А түгүл сакофаттын, фикрдин жана саясаттын булактары толугу менен куурады. Батыштын жашоосунда негизги күч акча жана акчанын үстөмдүгүнөн башка эч нерсе болбой калды. Натыйжада Батыш кризиси тереңдеп, күчөп, ого бетер курчуду. Аны менен бирге кризиске баткан Батыш системасы жараткан адамзаттык трагедия да тереңдей берди.

Ошентип, светтик сакофий системанын “билим” жаатындагы кемчиликтерине жана терең философиялык кризистерине капиталисттик акчанын уулуу таасири да кошулду. Светтик система менен капитализмдин ортосундагы ошол табигый эмес айкалыш капиталисттик акчага таанып-билүү чөйрөсүн бурмалоого, көз карашты өзгөртүүгө жана фикрий-сакофий талкуунун багытын анын негизги максатынан алыстатууга мүмкүнчүлүк берди. Негизги маселе болгон адамдын бактысын издөө, ошондой эле ага жеткирген фикрий-сакофий система жана жашоо түзүмдөрү жөнүндө талкуунун ордуна, сөз байлык жана анын өсүшү тууралуу талкуу негизги орунга чыкты. Бул болсо таасирдүү капиталисттик катмардын кызыкчылыктарына жана ач көздүгүнө кызмат кылды. Натыйжада фикр, сакофат жана жалпы Батыш системасы капиталисттик катмардын кызыкчылыктарына көз каранды болуп калды. Ошону менен Батыш системасынын салмак борбору өзгөрүп, анын бекем өзөгүн ири банктардын жана континенттер аралык ири компаниялардын ээлеринен турган капиталисттик катмар ээледи.

Мындай уулуу жана табигый эмес айкалыш тараптардын бири экинчисине үстөмдүк кылбай туруп узакка созулушу мүмкүн эмес эле. Акыры үстөмдүк капиталисттик акчанын колуна өттү. Натыйжада капиталисттик катмар фикрди, сакофатты, саясатты жана жашоону толук көзөмөлдөй баштады. Ошентип акчанын үстөмдүгү сакофат менен саясаттын эсебинен орноду. Ал тургай капиталисттик акчанын өсүү шарттарынын бири сакофат менен саясаттын бардык таасирин жок кылуу болуп калды. Мунун максаты сакофат менен саясаттын чыгымдарынан жана чектөөлөрүнөн арылган накта капиталисттик кирешеге жетишүү эле. Бул максатка жетүү үчүн төлөнгөн баа болсо фикр менен сакофаттын булактарын курутуу жана саясатты өлтүрүү болду.

Бүгүн Батыш системасы фикрий кыйроону, сакофий банкроттукту жана саясий чирүүнү башынан өткөрүүдө. Ошол эле учурда капиталисттик катмардын чектен чыккан жана болуп көрбөгөндөй үстөмдүгү күчөп жатат. Батыш системасы акыры толугу менен жырткыч жана чектен чыккан капитализмге айланды. Ага каршы тура турган фикр да, сакофат да, саясат да калган жок. Ал бардык баалуулуктардан жана ахлактан куру жалак калды.

Бул система жасалма ойчулдарды, жалган сакофат өкүлдөрүн, башчылардын көлөкөлөрүн жана арзан жалданма саясатчыларды өндүрүп чыгарат. Алардын баары ири банктардын жана континенттер аралык капиталисттик компаниялардын ээлери болгон капиталисттик күчтөрдүн колундагы куурчактар гана. Мындай бузгунчу жана уулуу капиталисттик абал капитализмге көз каранды мамлекеттерди, капиталисттердин кызматын аткарган жалданма башчыларды жана капиталисттик үстөмдүктүн үгүтчүсү болгон жасалма интеллигенцияны гана пайда кылат. Алар бул уулуу жана кыйратуучу үгүттү фикр жана сакофат катары жайылтып, жарнамалап турушат.

Бүгүнкү чектен чыккан капитализм сакофат менен саясатка толук көзөмөл жана абсолюттук үстөмдүк орнотууда. Бул болсо капиталисттик үстөмдүккө толук баш ийген, анын айтканынан чыкпаган төмөн деңгээлдеги саясатчылардын жана сакофат өкүлдөрүнүн пайда болушун билдирет. Демек, Батыштын маселеси жана анын тагдырий кризиси саясат же экономика маселеси эмес. Булар Батыш кризисинин белгилери гана. Ал эми бүткүл адамзат анын азабын тарткан Батыш кризисинин өзөгү жана негизги себеби Батыштын сакофий системасы, башкача айтканда светтик-капиталисттик фикрат болуп саналат. Бул фикрат толук банкроттукка жана толук ийгиликсиздикке учурады. Анын натыйжалары болсо кыйратуучу болду. Системанын фикрий жана сакофий төмөндөшүнүн алгачкы белгилеринин бири анын улам-улам кайталанган кризистери. Алар күчөп, биринин артынан бири келип, топтолуп отуруп, системанын толук банкрот болгонун көрсөттү. Ошону менен Батыш цивилизациясынын жарака кетүү жана кыйроо белгилери цивилизация, мамлекет жана коом деңгээлинде ачык байкала баштады. Бул Батыштагы улуттук мамлекет кризисинде, саясаттын коомдук маселелерди чечүүдөгү алсыздыгында, башкаруунун бузулушунда, жашоо түзүмдөрүнүн чиришинде, жетекчиликтин бузулушунда жана жетекчилердин жараксыздыгында көрүндү.

Эми ал коомдун сакофий бөлүнүшүндө, цивилизациялык бурмаланышында, социалдык жактан ыдырашында, анын бөлүктөрүнүн бири-биринен алысташында жана өз ара жарандык кагылыштарга даяр турган тирешкен топторго бөлүнүп кетишинде көрүндү.

Бүгүн капиталисттик система өнүккөн чирүү баскычына жетти. Анын бузулушунун сасык жыты калкып чыгып, бүтүндөй системаны каптады. Батыштын өлүмү жана жок болууга карай белгилери Батыш чөйрөлөрүнө түйшүк алып келген эң оор көйгөйгө айланды. Анын бардык белгилери дээрлик көрүнүп калды. Фикрий жактан система эскирип бүттү. Бүгүн ал мээнин шал оорусуна окшош абалды башынан өткөрүүдө. Анткени жаңы фикрий өндүрүш дээрлик мурун айтылгандардын кайталанышына айланды.

АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер: «Дүйнө башаламандыктын абалында турат жана Америка Кошмо Штаттары дүйнөлүк тартипти кантип түзүү маселесине туш болуп жатат» деп айткан.

Капиталисттик түзүлүштүн негизги пайдубалы болгон экономика да эскирип, начарлады. Батыш жана анын башкы мамлекети болгон Америка Кошмо Штаттары карыздардын сазына, уулуу акча басып чыгарууга жана жасалма виртуалдык акча көбүгүнө батып калды. 2008-жылдагы каржы кризиси буга эң чоң белги болду. Ал капиталисттик түзүлүштүн эң жогорку баскычы болгон ири банктарды соккуга алды. Анткени алар капиталисттик экономиканын кыймылдаткычы жана анын жүрөгү болуп саналат.

Аскерий күч да алсырады. Аскерий деңгээлде Афганистанда болгон окуя Америка үчүн гана эмес, анын Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму альянсы үчүн да чоң шерменделик болду.

Андан мурун Бейкер–Хэмилтон комиссиясы америкалык аскерий түзүмдөгү кемчиликтердин көлөмүн көргөндөн кийин, Ирак менен Афганистандагы иштер чет жактагы экинчи даражадагы мамлекеттерге өткөрүлүп берилген.

Эми болсо Америка Иранга каршы согушунун натыйжасында кырсыктуу стратегиялык аскерий кризиске кептелди. Бүгүн ал өзүнүн муунткан жана караңгы стратегиялык туңгуюгуна улам терең кирип бара жатат.

Андан соң дагы бир кооптуу тайгалануу бар. Ал — капиталисттик системанын ичинен жемирип жаткан бөлүнүү. Бул капиталисттик катмарлардын кызыкчылыктарынын карама-каршылыгынан келип чыгып, коом жана мамлекет деңгээлине да таасир этти. Бул капиталисттик бөлүнүү кризистин канчалык курч экенин көрсөткөн эң ачык белгилердин бири болду. Ошондой эле ал кризиске баткан капиталисттик системаны бузуунун жана кыйратуунун эң коркунучтуу факторлорунун бири болуп калды.

Мындан тышкары цивилизациялык баалуулуктардын банкроттугу да бар. Батыш жыныстык бузукулук жана гендердик түшүнүктөр аркылуу цивилизациялык кыйроого жетти. Ошондой эле адамзат коомунун түзүмү жана мыйзамдары боюнча да өзгөчө бузгунчу абалга келип калды. Ага бузуку никелерди мыйзамдаштыруу, жынысын өзгөртүү, уруктук сатуучу банктар, суррогат энелер рыногу, бузуку жуптардын бала асырап алуусун мыйзамдаштыруу жана акырында Эпштейн аралынын чыры сыяктуу көрүнүштөр кирет.

Бул коомдук төмөндөөдө, артка кетүүдө жана цивилизациялык бузулууда болуп көрбөгөндөй төмөндүк болуп саналат. Натыйжада коомдун бузулушу, ыдырашы жана бөлүнүшү дагы да күчөдү. Бүгүн капиталисттик система чирүүнүн жана бузулуунун акыркы баскычына кирди. Чирүү жетекчиликке жана жетекчи катмарга чейин жетти. Бул цивилизациянын өлүмүнүн жана мамлекеттин кулашынын акыркы өнүккөн этабы болуп эсептелет. Анткени тар кызыкчылыктарын көздөгөн күчтүү топтор саясий жашоонун жана саясий чечим кабыл алуунун негизги түйүндөрүн көзөмөлгө алышты. Натыйжада саясий система жана мамлекет алардын кызыкчылыктарынын туткунуна айланып, мамлекет менен коомду каптап жаткан чоң чакырыктарга каршы турууда толук шал абалга жана алсыздыкка кептелди. Мындай күчтүү жана тар жеке кызыкчылыктарды көздөгөн топтор менен бирге коррупция мыйзамдаштырылган коррупцияга жана саясаттын куралына айланды. Бул системадагы боштуктарды пайдалануу, мыйзамдык жаракаларды тереңдетүү жана «экономикалык эркиндик», «менчиктештирүү» жана «инвестицияларды колдоо» деген ураандар астында көзөмөлдөөчү механизмдер менен чектөөлөрдү жок кылуу аркылуу ишке ашырылды.

2024 жана 2025-жылдардагы эң соңку батыштык фикрий баяндамаларга ылайык, Америка жетекчилигинде жана башкаруучу элита деңгээлинде болуп көрбөгөндөй коррупцияны баштан кечирүүдө. Бул терең коррупция «мыйзамдаштырылган түзүмдүк коррупция» деп аталып калды.

Брукингс институту жана Чатем Хаус маалымдагандай, бүгүнкү күндө коррупция жөн гана «бир кызматкерге пара берүү» эмес. Тескерисинче, ал Чатем Хаустун өкүлү Энн Эпплбаум сүрөттөгөндөй, акча жана көмүскө каржылоо аркылуу «мамлекетти басып алууга» айланган. Саясий жашоону, саясий элиталарды жана жетекчи катмарды бузган бул көмүскө акча саясий таасирге ээ болуу үчүн шайлоо агитацияларында колдонулат. Мунун максаты бузгунчу капиталисттик катмардын тар жеке кызыкчылыктарын жана пайдасын камсыз кылуу.

Мамлекетти өзүнө баш ийдирип, капиталисттик катмардын кызыкчылыгына кызмат кылган куралга айландырган бул коррупция мамлекеттин милдетин да өзгөрттү. Мамлекет эми таасирдүү капиталисттердин жана байлык менен бийлик ээлеринин жеке пайдасын камсыздаган механизмге айланды. Мындай коррупциянын натыйжасында бузгунчу саясий элита, бузгунчу жетекчилик жана бузгунчу саясий жашоо пайда болду. Ошону менен бирге бузгунчу вакыйлык бурмаланып көрсөтүлүп, уулуу жана курч поляризация жаралып, саясий туңгуюк пайда болду. Мунун баары бийликтин бардык тизгиндерин кармап турган бир ууч акча магнаттарынын кызыкчылыгы үчүн учурдагы бузгунчу абалды сактап калууга кызмат кылууда. Ошондой эле саясий элитанын жана жетекчиликтин бузулушу көзөмөл жана сот системаларынын начарлашына алып келди. Бул көзөмөлдөөчү органдарда, сот тармагында жана мамлекеттик башкарууда дайындоолор менен кызматтык көтөрүлүүлөрдүн саясатташтырылышы аркылуу ишке ашты. Натыйжада коррупция курту мамлекеттин түзүмдөрүн, мекемелерин, башкаруу аппараттарын жана коомдук жашоону ичинен кемире баштады.

Жетекчиликтин бузулушу мурун болуп көрбөгөндөй капиталисттик үстөмдүктү пайда кылды. Натыйжада байлык жана бийлик ээлери капиталисттик олигархияга айланып, мамлекеттин бардык түзүмдөрүн, мекемелерин жана институттарын темир муштум менен көзөмөлдөп калды. Бул катмар саясатты, экономиканы, коопсуздукту, аскер тармагын, билим берүүнү, маалымат каражаттарын, сот системасын жана мамлекеттик башкарууну толук көзөмөлдөй баштады. Ошентип мыйзамдар менен саясаттар алардын кызыкчылыктарына кызмат кылган техникалык куралдарга гана айланды. Анын натыйжасында мыйзамдын үстөмдүгү жана мамлекеттин бийлиги начарлады. Уулуу акча өзү мыйзамга жана бийликке айланды. Ал эми саясий процесс чоң каржы базарына айланып кетти.

Вашингтондогу «Пью» изилдөө борборунун маалыматына ылайык, 2024-жылдагы АКШнын федералдык шайлоолоруна кеткен жалпы чыгым 15,9 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч 1990-жылга салыштырмалуу беш эсеге көбөйгөн. Ал кезде чыгым болжол менен 3 миллиард долларды түзгөн. Ошентип саясий ишмердүүлүк саясий жөндөмгө жана фикрий мүмкүнчүлүктөргө эмес, капиталга көз каранды болуп калды. Ошондой эле саясий таасир технологиялык компаниялардын, мунай компанияларынын, курал өндүрүүчүлөрдүн, дары-дармек корпорацияларынын, ири банктардын жана Уолл-Стрит базарларынын көмүскө акчасынын көлөмүнө жараша аныктала турган абалга жетти.

Андан соң бул капиталисттик олигархия мамлекетти өзүнө баш ийдиргенден кийин, менчиктештирүү деген ат менен аны өзүнүн жеке менчигине айландырды. Ал мамлекеттин милдеттери менен функцияларын жеке секторго өткөрүп берди. Натыйжада капиталисттик олигархия мамлекеттин милдеттерин жана кызматтарын өз компаниялары аркылуу соода кылган кызматтарга айландырды. Ошентип мамлекет капиталисттик компаниялардын кардарына айланып, алар мамлекеттен пайда таба башташты.

Мамлекетти менчиктештирүүнүн пайдубалын өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында Американын президенти болуп дайындалган жаңы либерализмдин өкүлү Рональд Рейган түптөгөн. Ал мамлекеттин жана жеке сектордун функцияларынын ортосундагы чектерди жоюу жана чектөөлөрдү алып салуу милдети жүктөлгөн президенттик комиссия түзгөн. Бул менчиктештирүү капиталисттик катмардын мамлекетти басып алуу жараянынын башталышы болгон. Анын жолун кийин Жорж Буш, Билл Клинтон жана алардан кийинкилер улантышты. Токсонунчу жылдардын акырында жүргүзүлгөн изилдөө мамлекеттик кызматтардын жеке секторго өткөрүлүп берилиши бир нече эсеге көбөйгөнүн көрсөткөн. Ошондой эле жеке сектордо иштеп туруп федералдык мамлекеттик милдеттерди аткарган адамдардын саны болжол менен 8,5 миллион адамга жеткени белгиленген.

Бул мамлекетти менчиктештирүү кокустук көрүнүш эмес эле. Тескерисинче, ал мамлекетти басып алуу үчүн алдын ала пландалган саясат болгон. Ошондой эле ал өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында «жаңы либерализм» деп аталып калган капиталисттик үстөмдүктүн бир көрүнүшү болгон. Бул саясатты ишке ашырууда капиталисттердин өкүлдөрү катары Американын президенти Рональд Рейган жана Британиянын премьер-министри Маргарет Тэтчер кызмат кылышкан. Ошентип мамлекеттин бардык кызматтары акы төлөнүүчү кызматтарга айланып, капиталисттик олигархия алар аркылуу пайда таба баштады. Мамлекеттик жана өкмөттүк функциялар капиталисттик компаниялардын кеңешчилерине жана алардын кеңселерине өткөрүлдү.

Бул процесс мамлекеттин эң кооптуу тармактары болгон коопсуздук структурасына жана армияга чейин жетти. Натыйжада армия жалданма күчтөргө айланып, аларды капиталисттик олигархияга таандык компаниялар көзөмөлдөй баштады. Мунун мисалдары катары Ирак басып алынган мезгилде иш алып барган «Blackwater» жана «DynCorp» компанияларын айтууга болот.

Ички коопсуздук тармагында болсо жалданма күзөтчүлөрдүн саны полиция кызматкерлеринин санынан эки эсе көп болуп калды. А түгүл америкалык чалгын кызматтарына тиешелүү эң сезимтал коопсуздук иштеринин өзү — котормо иштеринен тартып электрондук көзөмөл, иликтөөлөр, талдоолор, баяндамалар жана кыскача маалыматтарды даярдоо — киреше тапкан тармакка айланып, капиталисттик олигархияга таандык жеке компанияларга өткөрүлүп берилди.

Бул менчиктештирүү мамлекеттин денесин ичинен кемирип, бардык мекемелерди жана тармактарды камтыды. Бул тууралуу «Биз Римбизби? Империянын кулашы жана Американын тагдыры жөнүндө баян» аттуу китептин автору да эскерет.

Мамлекеттик башкаруу органдары, чек аралар, коомдук объекттер, порттор, аэропорттор, автомагистралдар, мамлекеттик ооруканалар, мектептер, мамлекеттик университеттер, суу менен камсыздоо жана канализация системаларынын баары менчиктештирилди. Алардын баары сатылуучу товарга айланды. Америка бардык мүлкүн ачык аукционго коюп саткан өлкөгө окшоп калды. Жада калса өзүнөзү сатып жаткан өлкөдөй көрүнүш жаралды.

Капитализм элитанын жана жетекчиликтин бузулушунда чирүүнүн эң жогорку баскычына жетти. Анын сасык жыты жетекчиликке жана президенттик бийликке чейин чыкты. Натыйжада анын президенти болуп Трамп келди.

Трамп — жетекчиликтин бузулушунун логикалык натыйжасы. Ал жетекчи элитанын чирүүсүнүн акыркы баскычы болуп саналат. Ошондой эле ал мамлекеттин кулоосу жана цивилизациянын жок болуу оорусунун өнүккөн формасы болуп эсептелет. Анткени капитализмдин биринчи этабында философ менен ойчул жок кылынды. Андан кийин экинчи этапта саясат жана саясатчы өлтүрүлдү. Эми болсо өзүн-өзү кыйратуу жана жок болуу алдындагы акыркы этап келди. Бул этаптын негизги белгиси жетекчилердин бузулушу, жетекчиликтин чириши жана капиталисттик олигархиянын мамлекетти басып алып, коомду кыйратуусу болуп саналат.

Батыш капитализминин мындай өнүккөн чирүү абалы жана анын башкы үлгүсү болгон Америка менен анын президенти Трамп коммунисттик системанын кулоо жана Совет мамлекетинин кыйроо алдындагы советтик жетекчиликтин чирүү абалын эске салат.

Бул чындыкты Владимир Медведев өзүнүн “Человек за спиной аттуу китебинде ачык көрсөтөт. Ал жерде Леонид Брежнев карыганда кабылган ахлакый төмөндөө жана Михаил Горбачёвдун мүнөзүнүн алсыздыгы системанын кыйрашы менен кулашынын чечүүчү факторлору болгонун баяндайт. Ошондой эле ал Брежневдин доорунда коррупция биринчи жолу советтик коопсуздук органдарына, анын ичинде башкы чалгын кызматы болгон КГБга чейин сиңип киргенин эскерет. Ошол мезгилде элитанын жана башчылардын балдарынын артыкчылыктары пайда болгон. Бул көрүнүш Москвадагы жана башка советтик республикалардагы Коммунисттик партиянын Саясий бюросунун жана Борбордук комитет мүчөлөрүнүн балдарынын жашоосунда ачык байкалган.

Брежневдин балдары Юрий менен Галина жетекчиликтин бузулушунун эң уяттуу мисалдарынын бири болгон. Алар өлкөнүн байлыктарына өздөрүнүн жеке менчигиндей мамиле кылышкан. Айрыкча Галина Брежнева дүйнөдөгү эң кымбат алмаздар жана асыл таштар боюнча эң бай аял катары белгилүү болгон. Ошондой эле ал Орусиядагы дүйнөгө белгилүү алмаз өндүрүүчү аймак болгон Якутиядагы алмаз кендеринин жана зергерчилик ишканаларынын жетекчилерине күчтүү таасир тийгизип турган.

Бүгүн болсо Трамп башындагы Америкада жетекчиликтин чиришинин бардык белгилери көрүнүп турат. Анткени Трамп үчүн бийлик анын байлыгын көбөйтүүнүн жана үй-бүлөсүн байытуунун каражатына айланган. Президенттик кызматка келгенден кийин ал өзүнүн кызматын, ыйгарым укуктарын жана жөнгө салган чечимдерди пайдаланып, «Трамп доллар» деп аталган санариптик валютасын чыгарган. Анын кызмат орду ага бир нече күндүн ичинде рыноктук баасы 10 миллиард доллардан ашкан зор киреше табууга мүмкүнчүлүк берген. Муну менен эле токтоп калбастан, анын жубайы да өзүнүн мем-валютасын чыгарган жана анын рыноктук баасы эки күндүн ичинде болжол менен бир миллиард долларга жеткен. Мындан тышкары Саудияда жана Бириккен Араб Эмираттарында анын кыймылсыз мүлк долбоорлору менен инвестицияларына байланыштуу келишимдер жана лицензиялар боюнча артыкчылыктар берилген. Бул иштердин ишке ашуусунда анын президенттик кызматы чечүүчү роль ойногон. Ошондой эле анын балдары жана жакын туугандары да анын президенттик кызматынан пайда көрүшкөн.

Америка Трамп менен бирге жетекчиликтин чиришинин жана жетекчинин бузулушунун эң жогорку деңгээлин башынан өткөрдү. Анын экинчи администрациясынын алгачкы айлары жана ошол мезгилдеги стратегиялык башаламандыгы Америка мамлекетин өлүмгө алып барган стратегиялык туңгуюкту жаратууга жетиштүү болду.

Американын экономикалык жана дипломатиялык таасири кескин алсыраган шартта Трамп Америкада калган жалгыз күчкө — анын аскерий кубатына таянууга шашылды. Натыйжада ал мамлекетти жана анын аскерий күчтөрүн Иранга каршы согушка аралаштырды. Бул орто деңгээлдеги аймактык күчкө каршы жүргүзүлгөн, кесепеттери эсептелбеген кооптуу тобокелчилик катары сүрөттөлөт. Мындай кадам Американын үстөмдүгүн сактап калуу үчүн колдонуп жаткан акыркы көзүр картанын алсыздыгын ачык көрсөттү. Ошондой эле анын аскерий күчүндөгү кемчиликтерди ачып берип, Америка жетекчилигинин стратегиялык сокурлугун ашкереледи. Трамп толук стратегиялык башаламандык жана туура эмес эсептөөлөр менен Иранга каршы Американын аскерий күчүн колдонууга өттү. Натыйжада ал өзүнө муунткан туңгуюк түзүп, Американы кыйратуучу стратегиялык кризиске кептеди. Ошентип ал жетекчиликтин жана жетекчинин бузулушу кандай оор кесепеттерге алып келерин эң толук түрдө көрсөтүп берди.

Батыш маселеси Американын жетекчилиги астында жеткен бул каргашалуу жана трагедиялуу абал жан тамырларынын үзүлүшүнө барабар. Трамптын жетекчилигиндеги бул чириген жетекчилик өзүнүн жеке кыйроосун жалпы кыйроого, өзүнүн жеке трагедиясын жалпы адамзаттык трагедияга айландырууга бел байлаган. Трамптын Иранга каршы согушу тарыхый бурулуш учур болду. Ал жетекчиликти ичинен жемирип жаткан бузулуу менен чирүүнүн канчалык каргашалуу деңгээлге жеткенин көрсөттү.

Экинчи мөөнөтүнүн биринчи жылында эле ал Америка үчүн тарыхый стратегиялык туңгуюкту жаратып, анын үстөмдүгүнө жана дүйнөлүк тартибине өлүм алып келүүчү сокку урду. Эпштейн аралынын катышуучусу болгон Трамп, ага берилген бузгунчу жана ийгиликсиз адамдар менен курчалган абалда жана кризиске баткан администрациянын коштоосунда жетекчилик кризисинин жана жетекчинин бузулушунун ашкере көрүнүшү болуп калды. Ал стратегиялык жактан эч нерсе курбайт жана жаңы нерсенин пайдубалын түптөбөйт. «Фокс Ньюс»тун маскарапозу, жылаңач бий клубдарына мас болуп алып барууну жакшы көргөн, Трамп тарабынан согуш министри болуп дайындалган адамдын аскердик натыйжаларын жана элитанын канчалык деңгээлде чирип кеткенин өзүңөр сынап көрсөңөр болот. Трамп — бул элитанын бузулушун чагылдырган акыркы стадия жана Американын өз көрүн казып жаткан күрөгү болуп калды. Бирок, күчөп жана кырсыктуу болуп бара жаткан бул трагедиядан куткаруунун жана кутулуунун жолуна ким ээлик кылат?

Чечим Американын чирүүсүндө жана мүрзөсүндө эмес. Тескерисинче, ал дүйнөнү Европа менен Америка Батышы адамзатка алып келген бул сокур жахилияттын караңгылыгынан, бактысыздыгынан жана өзүн-өзү кыйратуусунан куткара турган цивилизациялык жана саясий альтернативада.

Албетте, бул Кытай эмес. Анткени ал Батыш жахилиятынын кытайлык версиядагы уландысы. Жада калса, ант болсун, ал андан да коркунучтуу жана андан да ачуу.

Кутулуу — бардык макулуктарды жараткан Роббинин Исламы менен, Исламдын өзгөчө хазарий долбоору жана өзгөчөлөнгөн рошид Халифалыгы менен болот. Эми Исламдын уулдары бардык түрү жана түсү менен болгон куфрду кулатуу үчүн аракеттерин күчөтүп, Исламдын улуу имаратын жана пайдубалын т.а. адилеттүүлүгү менен ырайымын жалпы адамзатка жайылтуучу, аны адамдардын эң жакшысы жетектеген Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелесин!

الر ۚ كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ النَّاسَ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَىٰ صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ

«Алиф, Лам. Ра. (Бул Куран) Биз сага адамдарды Жараткандын ызны-ыктыяры менен караңыгылыктардан нурга — кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп». (Ибрахим: 1).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button