Кабар

Куран окуу – кылмыш!

Куран окуу – кылмыш!

Өзбекстанда мусулман боордошубуз социалдык тармактарга баласынын Куран окуп жаткан видеону жарыялагандан кийин жоопкерчиликке тартылып, айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Анын айтымында, бийлик бул видеону диний материалдарды мыйзамсыз таратуу катары баалаган. Ошондой эле анын телефону конфискацияланган. Ал мындай чаралар негизинен мусулмандарга гана карата колдонулуп жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген.

Боордошубуз мындай дейт:

«Административдик кодекстин 184-2-беренеси менен соттолдум, айып пул салышты. Ошондой эле телефонумду конфискациялашты. Себеби – өзүмдүн баламдын Куран окуп жатканын Instagram баракчама жарыялаганым болду. Көрсө, бизде Куран окуу жана диний маалыматтарды таратуу кылмыш болуп эсептелет экен.

Бирок, ачык эле адепсиз, уят сөздөрдү сүйлөө бул демократия болуп саналат. Сыра фестивалдары болсо эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлө берет. Ал эми, Куран окусаң — кылмыш. Эгер билбесеңиздер, билип алыңыздар жана этият болуңуздар.

Мени кызыктырган дагы бир суроо бар жана аны силерге бергим келет. Бул кодекс, тагыраагы ушул берене мусулмандарга жана Куран окугандарга гана тиешелүүбү? Мисалы, орус улутундагы адам Инжилди окуса болобу, же болбосо Тооротту окуган жөөттөргө дагы ушул норма жайылтылабы?

Жеке мен ушул берене боюнча мусулмандан башка эч бир адамдын соттолгонун көрбөдүм».

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button