Комментарий

Орусиянын Өзбекстанда атомдук электр станциясын курушу анын энергетикалык көйгөйлөрүн чече алабы?

Орусиянын Өзбекстанда атомдук электр станциясын курушу анын энергетикалык көйгөйлөрүн чече алабы?

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Өзбекстандагы интеграцияланган атомдук электр станциясынын биринчи энергоблогун куруу иштерин баштады. (president.uz)

Комментарий:

4-июнда президент Шавкат Мирзиёев Орусияга иш сапары менен барып, Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун 29-жыйынына катышты. Ошол эле күнү ал Орусиянын президенти Путин менен жолугушуу өткөрүп, Өзбекстандагы атомдук электр станциясынын биринчи энергоблогун курууну расмий баштоо аземине катышты.

Расмий маалыматтарга ылайык, бул ири долбоор үчүн Өзбекстан 9,5 миллиард доллар бөлөт жана ал өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгынын болжол менен 14–15 пайызын камсыздайт. Ошондой эле кубаттуулугу төмөн болгон (RITM-200N) реактору 2029-жылдын аягында ишке берилери, ал эми станция 2035-жылдан тартып толук кубаттуулукта иштеп баштай турганы жарыяланды.

Эң оболу, Өзбекстандын тарыхында буга чейин мындай ири көлөмдөгү жана ушунчалык чоң суммага бааланган долбоор болгон эмес экенин өзгөчө белгилеп өтүү керек. Бирок дагы бир чындык бар: бул сумма азырынча алдын ала эсептөөлөр гана болуп саналат жана ал бир нече эсеге көбөйүп кетиши мүмкүн. Биз буга окшогон ири энергетикалык долбоорлордо мындай абалды буга чейин бир нече жолу көргөнбүз.

Ушул жылдын март айында Орусиянын «Росатом» атомдук энергетика корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачёв Өзбекстанда чакан атомдук электр станциясын куруу орусиялык компанияларга 2 триллион рублга чейин (азыркы алмашуу курсу боюнча 27,7 миллиард доллар) буйрутма алып келерин билдирген. Салыштыруу үчүн айтканда, бул сумма дээрлик Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине барабар.

Кызыгы, өзбек тарап мындай билдирүүгө эч кандай реакция көрсөткөн жок. Бул сандардагы өтө чоң айырмачылыктардан көрүнүп тургандай, Путин менен өзбек режими өз ара тил табышуу аркылуу мамлекеттик бюджетти талап-тоноону жана элибизди жаңы карыздардын оор жүгүнө батырууну көздөп жатышат. Анткени расмий маалыматтарга ылайык, атомдук электр станциясы үчүн орус тарап Өзбекстанга жеңилдетилген экспорттук насыя берет. Бул болсо берилген насыянын каражаты Орусиянын өзүндө каларын, ал эми Орусия атомдук электр станциясы үчүн реакторлорду, жабдууларды жана материалдарды Өзбекстанга жеткирип берип, анын мойнуна бул насыяны карыз катары жүктөй турганын билдирет. Мындай схема технологияны экспорттоо деген шылтоо менен Өзбекстан сыяктуу алсыз мамлекеттерди карызга батырууда колонизатор кафир мамлекеттер колдонгон классикалык услуб болуп саналат.

Орусия үчүн бул өтө маанилүү долбоор болуп эсептелет. Анткени ал бир гана орус экономикасын жандандырбастан, Борбор Азиянын жүрөгү саналган Өзбекстандын энергетикалык көз карандылыгын дагы да күчөтөт. Ошондуктан Москва бул атомдук электр станциясы долбоорун өзбек режимине узак убакыттан бери таңуулап келген жана сегиз жылдан кийин акыры аны ишке ашыра баштады. Бирок бул долбоордун айланасындагы талаш-тартыштар али да токтой элек. Себеби анын наркынан тышкары, жооптуу кызматкерлер төмөнкүдөй суроолорго канааттандыруучу жооп бере алышкан жок: анын энергия менен камсыздоодо жетиштүүлүгү кандай болот? Коопсуздугу канчалык деңгээлде камсыздалат? Качан өзүн актайт? Негизи эле өзүн актайбы? Өндүрө турган энергиясынын баасы канча болот? Жана башка ушул сыяктуу суроолор.

Кыскача айтканда, өкмөт бул долбоор боюнча «ал Өзбекстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга кызмат кылат» деген сыяктуу көнүмүш даяр сөздөрдөн ары өткөн жок. Дал ушул себептен улам ага карата күмөн саноолор жана шектенүүлөр күн өткөн сайын күчөп жатат. Бул маселеге үстүртөн эле көз жүгүртүү Өзбекстандын калкы ондогон жылдардан бери башынан өткөрүп келген энергетикалык көйгөйлөрдүн чыныгы чечими атомдук электр станциясын куруу эмес экенин түшүнүүгө жетиштүү. Тескерисинче, ал негизинен Орусиянын кызыкчылыктарына кызмат кылат. Анткени бул көйгөйлөр өлкөбүздө энергетикалык ресурстардын чыныгы жетишсиздигинен улам пайда болгон табигый көйгөйлөр эмес. Алар өзбек режиминин «улуу орус агабыздын» каш-кирпигин карап турушунан, отун-энергетика тармагындагы ага болгон күчтүү көз карандылыгынын сакталып калышынан, ошондой эле жергиликтүү ортомчулардын энергетикалык ресурстарды байлык топтоонун булагына айландыруусунан келип чыккан. Ошондуктан мусулман элибиз бул көйгөйлөрдүн жалгыз туура чечими энергетика тармагын башкарууда жана анын ресурстарын бөлүштүрүүдө Ислам өкүмдөрүн колдонуу экенин аңдап түшүнүшү зарыл. Бул жаатта Расулуллахтын ﷺ төмөнкү белгилүү хадиси негиз болот:

عَنْ أَبِي خِرَاشٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: فِي الْمَاءِ، وَالْكَلَأِ، وَالنَّارِ»

Абу Хираштан риваят кылынат, Расулуллах ﷺ айтты:

«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто».
(Абу Дауд риваят кылган).

Ислам Абу Халил – Өзбекстан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button