Комментарий

Саммит алдында күч органдары мусулмандарга зулумдукту күчөтүүдө

Саммит алдында күч органдары мусулмандарга зулумдукту күчөтүүдө

Бишкекте 12 дааватчы “экстремизм” шылтоосу менен камакка алынды. Маалыматка ылайык, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүү учурунда, Куран, намаз жана ушул сыяктуу диний китептер, үй-бүлөлүк сүрөт-видеолор сакталган дисктерден башка эч нерсе табылган эмес. А бирок, УКМК маалымат таркатуу учурунда айрым курал-жарактарды да кошуп койгон.

Комментарий:

31-августа Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет жетекчилеринин 25-саммити башталат. Бул уюм төрт коркунучка каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Алар: терроризм, экстремизм, сепаратизм жана баңги соодасы.

Уюм түзүлгөн жылдардан бери терроризм, экстремизм шылтоосу менен мусулмандарды бутага алып келет. Ал эми, сепаратизм шылтоосу астында Кытайда уйгур жана башка мусулмандар куугунтукталат.

Кыргыз бийлиги кезектеги саммитти өткөрүүчү тарап катары өзүнүн милдеттенмесин эртелеп аткарууга киришүүдө. Атап айтканда, экстремизм, терроризм шылтоосу менен дааватчыларды камакка алуу, маски шоуларды уюштуруу аракетин күчөттү. Мунун себеби, коомчулуктун көңүлүн негизги көйгөйдөн буруу жана алдыда өткөрүлө турган ШКУ саммитинде кожоюндарына жагынуу болуп эсептелет. Мына ушул кошоматтык үчүн Бишкек шаарында УКМК кызматкерлери экстремизм шылтоосу менен 12 дааватчыны кармады. Аларды тинтүү учурунда дааватчылар колдонушу мүмкүн болбогон мылтык жана бычак сыяктуу куралдарды подстава кылуу үчүн таштап коюшкан. Муну менен калк ичинде дааватчыларды жек көрсөтүү максат кылынууда.

Буга байланыштуу хадис кудсийде Аллах Таала айткан: «Оо, Менин пенделерим! Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана силердин араңарда да аны арам кылдым. Бири-бириңерге зулумдук кылбагыла!» (Сахих Муслим).

Демек, мусулмандарга зулумдукту күчөтүү менен өлкө башчылары каапырларды, мушриктерди, крестүүлөрдү колдой турганын ачыктап жатат.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз коому өлкөдө ар бир саммит алдында мусулмандардын кысым-кыйноолорго алынышына жол бербеши керек. Бул зулумдуктар бийликтин буйругу мененби же бөрк ал десе баш алган аткаруучулардын ишиби мусулмандар абалга туура баа берип, заалимдин зулумдугун кол менен же тил менен токтотуп калууга салым кошуп калуусу зарыл!

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: “Жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарасыңар. Болбосо Аллах өз алдынан силерге азап жиберет. Ошондо Ага дуба кыласыңар, бирок дубаңар кабыл болбойт” (Тирмизий риваят кылган жана аны хасан сахих деп айткан).

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button