Асыл хадис

Уурулук, каракчылык жана талап-тоноо

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Уурулук, каракчылык жана талап-тоноо

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

روى البخاري في صحيحه قال: حَدَّثَنَا عَلِيُّ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ حَدَّثَنِي يَحْيَى بْنُ سَعِيدٍ حَدَّثَنَا فُضَيْلُ بْنُ غَزْوَانَ حَدَّثَنَا عِكْرِمَةُ عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: “أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ خَطَبَ النَّاسَ يَوْمَ النَّحْرِ فَقَالَ: يَا أَيُّهَا النَّاسُ أَيُّ يَوْمٍ هَذَا؟ قَالُوا: يَوْمٌ حَرَامٌ، قَالَ: فَأَيُّ بَلَدٍ هَذَا؟ قَالُوا: بَلَدٌ حَرَامٌ، قَالَ: فَأَيُّ شَهْرٍ هَذَا؟ قَالُوا: شَهْرٌ حَرَامٌ، قَالَ: فَإِنَّ دِمَاءَكُمْ وَأَمْوَالَكُمْ وَأَعْرَاضَكُمْ عَلَيْكُمْ حَرَامٌ كَحُرْمَةِ يَوْمِكُمْ هَذَا فِي بَلَدِكُمْ هَذَا فِي شَهْرِكُمْ هَذَا، فَأَعَادَهَا مِرَارًا ثُمَّ رَفَعَ رَأْسَهُ فَقَالَ: اللَّهُمَّ هَلْ بَلَّغْتُ؟ اللَّهُمَّ هَلْ بَلَّغْتُ؟ قَالَ ابْنُ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: فَوَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ إِنَّهَا لَوَصِيَّتُهُ إِلَى أُمَّتِهِ فَلْيُبْلِغْ الشَّاهِدُ الْغَائِبَ، لَا تَرْجِعُوا بَعْدِي كُفَّاراً يَضْرِبُ بَعْضُكُمْ رِقَابَ بَعْضٍ

Аль-Бухари өзүнүн Сахихинде риваят кылат. Али ибн Абдулла Ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегенин баяндайт: “Алланын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Курман айт күнү элге кайрылып айтты: Оо, адамдар, бул кайсы күн? Алар: арам (ыйык) күн дешти. Ал айтты: Бул кайсы жерде? Алар: арам (ыйык) жерде дешти. Ал айтты: Бул кайсы айда? Алар: арам (ыйык) айда дешти. Ал: Чындыгында, силердин каныңар, байлыгыңар жана абийириңер силер үчүн арам (ыйык), дал ушул күнүңөр, ушул айыңар, ушул шаарыңар, арам (ыйык) болгондой, – деди. Ал муну бир нече жолу кайталап, анан башын көтөрүп: Оо, Аллах, мен кабарды жеткирдимби? Оо, Аллах, мен кабарды жеткирдимби?” – деди. Ибн Аббас айтты: Жаным колунда болгон Затка ант болсун, бул Анын өз үммөтүнө болгон керээзи. Ал жердегилер муну ал жерде жокторго жеткиришсин: Менден кийин бири-бириңерди моюнуңарга уруп, каапырлыкка кайтпагыла”.

Ибн Хажардын “Фатхул-Барий” китебинде мындай деп айтылат: (Бишр) Ал Ибн аль-Муфаддал жана риваят чынжырындагы бардык адамдар Басрадан. “Бул кайсы күн?” Аль-Куртуби мындай деген: Пайгамбардын (ага тынчтык жана береке болсун) үчөөнү сурашы жана ар бир суроодон кийин унчукпай турушу алардын көңүлүн буруу жана аларды толугу менен угууга мажбурлоо, ошондой эле ал айтып жаткан нерсенин улуулугун сездирүү үчүн болгон. Ошондуктан ал андан кийин: “Чындыгында, силердин каныңар…” ж.б.у.с сөздү айтты. Бул тыюу салынган нерселерди жеткиликтүү айтып жеткирүү услубу.

“Күнүңөрдүн ыйыктыгы сыяктуу” деген сөзүндөгү салыштыруунун жана андан кийинки салыштыруулар – бул анын угуп жаткандарга сездирүүсү, анткени жахилият доорунда Мекке шаарынын, зул хижжа айынын жана курман айт күнүнүн ыйыктыгы алардын аң-сезиминде бекем орноп, алардын арасында орун алган. Исламга чейинки доордо Мекке, зул хижжа айы жана курмандык күнү сыяктуу жан, мал-мүлк жана ар-намысты алар ыйык катары эсептешкен эмес. Шарият аларга мусулмандын каны, мал- мүлкү жана ар-намысы Меккенин, зул хижжа айынын же курман айт күнүнүн ыйыктыгынан да ыйык деген тыюу салуу менен түшүндүргөн. Ошондуктан, ал салыштырылып жаткан нерсе салыштырылып жаткан нерседен төмөн даражада болушу үчүн айтылышы шарт эмес, анткени сөздү шарият келгенге чейинки адамдар көнүп калган нерселерге салыштыруу менен айкындык киргизип жеткиликтүү түшүндүрдү.

“Чындыгында, силердин каныңар…» деген сөзү кыйыр сөздүн алынып салынышына негизделген, башкача айтканда, каныңды төгүү, байлыгыңды тартып алуу жана ар-намысыңа шек келтирүү маанисинде. Айнда касра бар, ар-намыс – бул адамдын өзүндө же ата-бабаларында болсун, андагы мактоо жана жемелөөнүн орду.

(لِيُبَلِّغ الشَّاهِد)бул жердеги адам жеткириши үчүн” деген сөзү: ошол жыйынга катышкан адам дегенди билдирет.

“бул жерде жокторго” дегендин мааниси, жыйында жок болгон адам жана максат кылынган маани жогоруда айтылган сөздү жеткирүү же бардык өкүмдөрдү жеткирүү.

Бул хадистин пайдаларынын арасында – буга чейин айтылгандардан тышкары – илимди жайылтууга үндөө жана толук күч-кубатка жете электе илим алууга уруксат берилгендиги бар.

Ал эми түшүнүү аткаруу үчүн шарт эмес жана кабарды кийин уккан адам өзүнөн мурункуга караганда көбүрөөк түшүнүшү мүмкүн жана анда насаат бийик жерден айтылат, ошондуктан ал элге угулуп, аларга көрүнө тургандай натыйжалуу болот.

Урматтуу бир туугандар:

Бул хадис Исламдын адамдардын өмүрүнө, мүлкүнө жана ар-намысына карата кол салуудан же зомбулуктан коргоого болгон камкордугун көрсөтөт. Ислам бул нерселерди кантип коргоо жана сактоо керектигин түшүндүрбө электе тыюу салган эмес. Тескерисинче, ал уурулук, киши өлтүрүү, ойноштук жана жалаа жабууга карата хаддарды белгилеп, каракчылык, талап-тоноо, жаракаттандыруу, кол салуу, жалаа жабуу жана адамдардын өмүрүнө, мүлкүнө жана ар-намысына ушул сыяктуу кол салуулар үчүн жазаларды белгилеген. Ошондой эле, бул хаддарды жана жазаларды сактоо жана ишке ашыруу үчүн жооптуу органды белгилеген…

Ал халиф башкарган мамлекетке элдин өмүрүн, мүлкүн жана ар-намысын коргоону, ошондой эле аларга каршы мыйзам бузууга же зомбулук көрсөтүүгө батынган ар бир адамга белгиленген жазаларды жана хаддарды колдонууну тапшырган…

Ички коопсуздук башкармалыгы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандардын мал-мүлкүнө уурулук, каракчылык же талап-тоноо жолу менен кол салуулардын алдын алуу үчүн жооптуу. Ошондой эле, ал адамдарды сабап, жаракаттандыруу же өлтүрүп кол салууга тыюу салат жана жалаа жабуу, ушак айтуу жана ойноштук кылуу менен кадыр-баркка шек келтирүүгө каршы иш алып барат.

Ички коопсуздук кызматы өзүнүн сергектиги, күзөт кызматы жана патрулдук кызматы аркылуу бул кылмыштардын алдын алат. Андан кийин, адамдардын мал-мүлкүнө, өмүрүнө же ар-намысына каршы кылмыш жасагандарга каршы сот бийлигинин чечимдерин шурта ишке ашырат. Ислам мамлекетинде шурта элди коргоо жана кайтаруу үчүн иштейт, мусулман өлкөлөрүндөгү азыркы режимдердеги полициядагыдай коркутуу, үркүтүү жана тыңчылык кылуу үчүн эмес. Бүгүнкү күндө адамдар полициянын атынан жийиркенип, алар менен жолугушуудан же башка жерде кезигип калуудан качышат.

Оо, Аллах, бизге Халифалыктын кайтып келишин тездет. Ошентип, шурта кайрадан үммөттүн сыймыгына айлансын, адамдар алар менен сыймыктанышсын, аларга чоң урмат көрсөтүшсүн жана алардын катышуусу шыктандырган коопсуздук жана ишеним сезиминен улам кызматкерлерин көрүп кубанышсын. Оо, Аллах, бул күндү тезирээк кыл, оо, баарын Угуучу, оо, дубаларга жооп берүүчү зат.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 1- мухаррам

2026-ж, 15июнь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button