Басма сөз

Трамптын текеберлигине жана Американын мусулман өлкөлөрүн талап-тоноосуна чек коюунун убагы келди

Басма сөз баянаты

Трамптын текеберлигине жана Американын мусулман өлкөлөрүн талап-тоноосуна чек коюунун убагы келди

Американын президенти Трамп 2026-жылдын 10-июнунда, шаршемби күнү, Америка Ирандан күн сайын миллиондогон баррел мунайды Иран билбеген абалда тартып алып турганын ачык айтуудан уялган жок. Ал: «Мен муну азыр жарыялап жатам, анткени алар муну билип калышты», – деп кошумчалады. Муну менен ал өзүнө жана мамлекетине каршы күбөлүк берип, аны рэкет жана каракчы мамлекет экенин мойнуна алды.

Бейшемби күнү Трамп: «Бүгүн кечинде Иранга күчтүү соккуларды беребиз», – деди. Ошондой эле: «Жакынкы келечекте Ирандын Харк аралын жана башка мунай инфраструктураларын басып алабыз жана ал жактагы мунай-газ рынокторун толугу менен көзөмөлгө алабыз», – деп кошумчалады. Ошол эле учурда ал Иранга катуу эскертүү берип, Американын сунуштап жаткан келишимине кол коюлбаса, кеңири масштабдагы аскерий жооп болорун айтты. Ошондой эле, анын администрациясы көздөп жаткан келишимге Иран макул болбосо, чабуулдарды кайра улантарын эскертти.

Демек, Трамп өзүнүн максаттарын да, ниеттерин да жашырбайт. Тескерисинче, ал каракчы жана рэкет мамлекетти башкарып жатканын толук ачыктык жана оройлук менен айтууда. Ал Ирандын мунайын тартып алып, Харк аралын колониялаштыруу менен мусулмандардын мунайын жана байлыктарын талап-тоноону көздөп жатканын ачык билдирүүдө. Мунун баарын эч кандай уялбастан, ахлакка, баалуулуктарга же Америка саясатчылары башыбызды оорутканча айтып келген адам укуктары, эркиндиктер, өз тагдырын өзү аныктоо укугу, жашоо укугу, колониализмге каршы күрөшүү жана элдердин канын сорууга каршы туруу сыяктуу ураандарга эч көңүл бурбастан айтууда!

Мындай текебер мүнөз Трампка гана таандык эмес. Мына, Американын каржы министри Скотт Бессент 2026-жылдын 11-июнунда, бейшемби күнү, Ирандын каражаттарын Перс булуңунда Иран келтирген зыяндардын ордун толтуруу үчүн пайдаланууга убада берди. Ал X платформасында: «Иран биздин Булуңдагы союздаштарыбызга келтирген ар кандай зыян Ирандын эсептеринен алынган каражаттар аркылуу төлөнөт», – деп жазды.

Америка фикрий жактан ийгиликсиздикке учурап, анын цивилизациясынын жалганы ашкере болгондон кийин, күч жана рэкетчилик тилинен башка эч нерсеге ээ болбой калды. Трамп жана анын республикалык администрациясы өздөрүнүн көрүнүшүнө анча маани бербегендиктен, образын кооздоого аракет кылышпайт. Тескерисинче, алар жасалмалуулуксуз жана түр көрсөтүүсүз өз табияттарына жараша аракет кылышат. Натыйжада алардын чыныгы кейиштүү жана банкрот абалы ачыкка чыкты.

Мусулмандардын бүгүн ушундай төмөн адамдардын кордугуна кабылып калышынын себеби – алардын башкаруучулары, анын ичинде Ирандын башкаруучуларына байланыштуу. Алар буларга мусулмандардын алсыздыгын, кордугун жана төмөндүгүн көрсөтүштү. Ошондуктан булар бизге жана өлкөлөрүбүзгө каршы ашынып, бизди өздөрүнүн кулдары жана кызматчылары катары гана көрүп калышты. Ошондой эле өлкөлөрүбүздү талап-тоноочу мунай кудуктары жана уурдай турган акча сакталган банктар катары карай башташты.

Мына ушундай абал үммөттүн тирүү күчтөрүн, айрыкча армияларды козгошу керек. Алар ишке киришип, абалды өз нугуна кайтарышы, Американын, яхудий түзүмүнүн жана бардык колонизатор каапырлардын текеберлигине чек коюшу, ошондой эле мусулмандардын биримдигин, иззатын жана Ааламдардын Раббиси алар үчүн ыраазы болгон ордун кайра кайтарышы керек. Бул болсо пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө ишке ашат.

Бул күндөрү болуп жаткан окуялар үммөт армияларындагы ар бир кудуреттүү жана ихластуу адамдын абийирине багытталган чакырык болуп саналат. Алар өз үммөтүнүн чакырыгына жооп берип, башкаруучуларыбыздын ондогон жылдар бою батыштык каапырларга моюн сунуусунун натыйжасында биз түшүп калган бул кордукту токтотушу керек. Ошондо үммөт ар кандай текеберлер менен рэкетчиликтин оюн талаасы болуп калбастан, өзүнө татыктуу болгон эркиндигин жана кайратын кайра кайтарып алат.

﴿وَيُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُحِقَّ الْحَقَّ بِكَلِمَاتِهِ وَيَقْطَعَ دَابِرَ الْكَافِرِينَ﴾

«Алла болсо Өз сөздөрү менен чындыкты жүзөгө ашырууну жана каапырлардын куйругун кесүүнү каалайт». (Анфал: 7).

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

13.06.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button