Йемендеги кызматтар колонизатордук күрөштүн барымтасында калды, андан жалгыз Халифалык гана чыгара алат

Басма сөз баянаты
Йемендеги кызматтар колонизатордук күрөштүн барымтасында калды,
андан жалгыз Халифалык гана чыгара алат
Йемендин түштүгүндөгү Аденде жана чыгышындагы Хадрамаутта кызматтардын, өзгөчө электр энергиясынын узак сааттарга өчүрүлүшүнөн улам нааразылыктар жана элдик толкундар болуп жатат.
Болуп жаткан окуяларды Англия менен Американын Йемен үстүндөгү күрөшүнөн эч качан ажыратууга болбойт. Бул жөн гана административдик каталар же убактылуу коррупция эмес. Тескерисинче, бул – батыштык күрөштүн бир бөлүгү болуп, аны жергиликтүү жана аймактык башкаруучулар өздөрүнүн колонизатор каапыр кожоюндарына кызмат кылуу үчүн ишке ашырып жатышат. Салмандын Саудиясы Американын таасирин бекем орнотуу үчүн бүт күчүн жумшап жаткан болсо, анын каршысында Заиддин уулдары болгон БАЭ англиялыктардын таасирин сактап калуу үчүн дагы эле каршылык көрсөтүп келет. Акыркы күндөрү Аденден Сауд үй-бүлөсүнүн башкаруучуларынын талаадагы өкүлү болгон Фалах аш-Шахранинин чыгып кетиши, ошондой эле Саудиянын башкаруусундагы пакистандык күчтөрдүн аль-Анад аймагына жана Хадрамаут менен Шабвадагы мунай аймактарына кириши байкалды. Ошондой эле Улуттук каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн биринчи дивизиясынын командири бригадир Яхья Абдуллах Вахиштин өлтүрүлүшү да орун алды.
Бүгүнкү күндө электр энергиясы жашоонун негизги кан тамыры жана экономикалык туруктуулуктун тиреги болуп эсептелет. Аны камсыз кылуу жана үзгүлтүксүз иштетүү аркылуу элге жана маанилүү тармактарга кызмат кылуу мамлекет менен башкаруучу мекемелердин негизги милдети жана зарыл жоопкерчилиги болуп саналат. Бирок өтө ысык жай мезгилинде электр энергиясынын узак сааттарга өчүрүлүшү адамдардын көчөгө чыгып, ысыктан качып ошол жерде түнөп калышына алып келди.
Көңүл бура турган жагдай – 2026-жылдын башында БАЭ чыгып, анын ордуна Саудия келгенде электр энергиясынын өчүрүлүү сааттары азайганы байкалган. Бирок алардын ортосундагы күрөштүн айынан бул абал көпкө созулган жок жана электр кайрадан өчүрүлө баштады. Демек, бул көрүнүш жөн гана административдик ката же техникалык жаңылыштык эмес. Тескерисинче, бул кызыкчылыктар үчүн күрөш жүргүзгөн жана адамдардын негизги укуктарын соодалашууга жана менчиктештирүүгө баш ийген товар катары караган дүйнөлүк капиталисттик түзүм жасап жаткан мабдаий кылмыштын натыйжасы болуп саналат.
Бул элден чыккан өкмөт эмес, тескерисинче башаламандыкты башкарган колонизатордук администрация. Анын максаты Йемен элин алсыратып, деңиз аркылуу келген ар кандай кор болгон башкаруучуга баш ийүүгө мажбурлоо.
Капкараңгы үйлөрүндөгү азап берүүчү ысыктан качып чыккан адамдарга толгон көчөлөрдүн көрүнүшү жана муну менен катар коопсуздук жагынан толук мобилизацияланган өкмөттүн уяттуу мамилеси жырткыч капиталисттик фикраттын элдин иштерин башкаруудагы алсыздыгын ачык көрсөтүп турат. Миллиондогон адамдар үйлөрүндө жана көчөлөрдө жай өлүмгө ташталып жаткан учурда, саткын башкаруучулар жана алардын жардамчылары кондиционерленген бөлмөлөрдө жыргап жашап жатышат. Бийлик өкүлдөрү адаттагыдай эле сабак алышкан жок, тескерисинче нааразылык билдиргендерге каршы коопсуздук күчтөрүн жөнөтүштү!
Йемендеги жалпы кызмат көрсөтүү тармагындагы аянычтуу абал жана кызматтардын атайылап начарлатылышы кокустан болгон натыйжа эмес. Тескерисинче, бул өтө кылдаттык менен даярдалган сценарий болуп, анын максаты адамдардын аң-сезимин калыптандыруу, аларды моюн сундуруу жана өз көйгөйлөрү менен алек кылып коюу болуп саналат.
Вашингтондогу жана Лондондогу кожоюндарына кызмат кылуу үчүн Эр-Рияд менен Абу-Дабинин ортосундагы жийиркеничтүү кезектешүү эми баарына ачык көрүнүп калды. Ошондуктан Йемен эли алардан жана алардын жергиликтүү административдик жана коопсуздук жетекчилеринен баш тартышы керек. Анткени аларды өз элине каршы камчы болсун деп арам акча менен камсыздап жатышат.
Оо, Йемендеги элибиз! Силердин азаптарыңардын дабасы жана көйгөйлөрүңөрдүн чечими Америка деген Исламдын жана мусулмандардын душманынын кызыкчылыгы үчүн иштеген Сауд үй-бүлөсүнүн башкаруучуларын ээрчүүдө эмес. Ошондой эле өлкөлөрүбүздү колониялап, байлыктарыбызды талап-тоноп, араб жана түрк чыккынчыларынын жардамы менен 1924-жылы Ислам мамлекетин – Осмон Халифалыгын кулаткан англиялыктардын тарбиясындагы БАЭ башкаруучуларынын тарабында турууда да эмес.
Биз балдарыбызды Америка, Британия жана алардын жолун жолдогон куфр лидерлерине душмандык рухунда тарбиялашыбыз керек. Коопсуздук күчтөрү андан коркуп ок чыгарган көчө нааразылыктары менен гана чектелүү эч нерсеге жарабайт. Тескерисинче, шарияттагы жалгыз чечим – бизге таңууланган бул капиталисттик түзүмдү бардык көрүнүштөрү жана символдору менен өзгөртүү, анын саткын башкаруучуларын шыпырып таштоо, Исламга кайтуу жана Аллах түшүргөн шарият менен өкүм жүргүзгөн, адамдардын иштерин Аллах ыраазы боло тургандай башкарган жана Ислам рисалатын дүйнөгө алып чыккан экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра баштоо болуп саналат. Ошондо үммөттүн байлыктарынан колонизатор каапыр эмес, анын өз эли пайда көрөт. Бул Хизб ут-Тахрир иш алып барып жаткан Халифалык мамлекети. Ал үчүн мамлекет адамдары даярдалып, турмуштун бардык тармактарын жөнгө салуучу, Китеп менен Сүннөттөн истинбат кылынган жана колдонууга даяр конституция долбоору иштелип чыккан. Ошондуктан силерди бул улуу фарзды тургузуу үчүн биз менен бирге аракет кылууга чакырабыз.
Аллах Таала айтат:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَىٰ لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً﴾
«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынчтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды». (Нур: 55).
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Андан соң Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
Демек, аны тикелөө үчүн аракет кылгандар менен бирге болгула, ошондо ийгиликке жетесиңер.
Хизб ут-Тахрирдин Йемен вилаятындагы маалымат бөлүмү
12.06.26




