Роя гезити

Глобалдашуудан протекционизмге чейин: дүйнөлүк экономиканын белгисиздикке карай багыт алуусу

Глобалдашуудан протекционизмге чейин: дүйнөлүк экономиканын белгисиздикке карай багыт алуусу

Акыркы отуз жыл ичинде глобалдашуу дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн акыркы баскычы деген түшүнүк бекем орун алды. Сооданы эркин жүргүзүү жана капиталдын, товарлардын жана технологиялардын эркин кыймылы үчүн чек араларды ачуу дүйнөнү туруктуу гүлдөп-өнүгүү жана мурда болуп көрбөгөндөй экономикалык интеграция дооруна алып келет деп эсептелген. Компаниялар континенттер аралык түзүмдөргө айланып, өндүрүш чынжырлары Чыгыш Азиядан тартып Европа менен Америкага чейин созулду. Ошол эле учурда дүйнөлүк рыноктордун күчү алдында улуттук мамлекеттин таасири мурдагыдан азайгандай көрүндү. Бирок 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы кризисинен баштап, коронавирус пандемиясы, Россия–Украина согушу, Америка–Кытай чыңалуусу, Жакынкы Чыгыштагы башаламандыктар жана Американын Иранга каршы согушу, ошондой эле экономикалык улутчулдук тенденциялардын күчөшү менен коштолгон окуялар дүйнөлүк экономикалык системанын ичинде терең жаракалар бар экенин көрсөттү. Туруктуулук менен жыргалчылыкты убада кылган глобалдашуу бүгүн көптөгөн мамлекеттердин көз карашында тобокелдиктин, көз карандылыктын жана стратегиялык алсыздыктын булагына айланды.

Бүгүн дүйнө акырындап ачык глобалдашуу доорунан экономикалык протекционизм (ички рынокту чет өлкөлүк атаандаштыктан коргоого багытталган мамлекеттин экономикалык саясаты) дооруна өтүп жаткандай көрүнүүдө. Бул доордо соодадагы чек аралар жана жогорку бажы төлөмдөрү кайра кайтып келип, камсыздоо чынжырлары экономикалык натыйжалуулукка эмес, улуттук коопсуздукка байланыштуу ойлордун негизинде кайра түзүлүүдө. Бирок бул өзгөрүү соода саясатындагы жөн гана өзгөрүү эмес. Ал өтө терең экономикалык башаламандыктарды өзүндө камтыган бүдөмүк өткөөл баскычтын башталышы болушу мүмкүн жана бүтүндөй эл аралык түзүлүштү кайра калыптандырышы ыктымал. Анда дүйнөлүк экономика кыйроонун босогосунда турабы? Ага алып келиши мүмкүн болгон чыныгы себептер кайсылар? Дүйнөнү күтүп турган белгисиздиктин табияты кандай?

Биринчиден: Эмне үчүн глобалдашуу артка чегинүүдө?

1. 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы кризисинин соккусу: Бул кризис дүйнөлүк өз ара байланышы өнүгүүнү гана эмес, кризистерди да жайылтарын көрсөттү. Каржы кризиси Америка Кошмо Штаттарынан дүйнөнүн көпчүлүк экономикаларына тез тарады. Бул болсо ашкере өз ара көз карандылыктын артыкчылыктарына карата күмөн саноолорду жаратты. Бүгүнкү күндө технологиянын жайылышы жана колдонулушу мурдагыдан да кеңири. Ошондуктан Америка рыногунда, айрыкча доллардын башка валюталарга карата наркы өзгөргөндө каржы кризиси жаралса, анын таасири бир нече күндүн, ал тургай бир нече сааттын ичинде эле дүйнөлүк рынокторго жетет.

2. Коронавирус пандемиясы жана камсыздоо чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы: Кытайдагы заводдор токтоп, дүйнөлүк порттордун иши салыштырмалуу жабылганда, өнөр жайы өнүккөн мамлекеттер тышкы өндүрүшкө көз карандылык стратегиялык алсыздык экенин түшүнүштү. Ошондуктан Америка жана башка мамлекеттер стратегиялык мааниге ээ болгон өндүрүштөрүнүн бир бөлүгүн кайра өз өлкөлөрүнө кайтара башташты. Бул саясат “өндүрүштү кайра улутташтыруу деп аталат.

3. Америка менен Кытайдын атаандашуусу: Дүйнөдөгү эң ири эки экономиканын ортосундагы атаандаштык технологиялар, жарым өткөргүчтөр, энергетика жана камсыздоо чынжырлары үчүн күрөшкө айланды. Бул эки тараптын бири-бирине каршы соода жана инвестициялык чектөөлөрдү киргизишине алып келди. Бул атаандаштык мындан да алыска кетиши мүмкүн жана мунун баары глобалдашуунун бузулушуна салым кошууда.

4. Россия–Украина согушу: Бул согуш экономикалык көз карандылык саясий куралга айланып калышы мүмкүн экенин көрсөттү. Бул өзгөчө энергетика, азык-түлүк жана стратегиялык маанидеги минералдар тармагында ачык байкалды.

5. Иран жана Жакынкы Чыгыштагы согуш: Бул согуш жаңы баскычка өтүүнү тездеткен тарыхый бурулуш болушу мүмкүн. Анткени чыгымдар өскөн сайын глобалдашуунун эң негизги артыкчылыктарынын бири болгон арзан өндүрүш мүмкүнчүлүгү жоголо баштайт. Ал эми ташуу жана энергия чыгымдарынын тобокелчилиги күчөгөн сайын, глобалдашуу кыйроо коркунучуна көбүрөөк дуушар болот.

Экинчиден: Дүйнөлүк экономиканын алдыдагы кыйроосунун чыныгы себептери

1. Дүйнөлүк карыздардын кескин көбөйүшү: Дүйнөлүк карыздардын көлөмү тарыхтагы эң жогорку чекке жетип, 300 триллион доллардан ашты. Коркунучтуусу – пайыздык үстөктөрдүн жогорулашы бул карыздарды тейлөөнү барган сайын кымбаттатууда. Натыйжада өкмөттөр менен компаниялар банкроттукка же финансылык кыйынчылыкка туш болуу коркунучуна кабылууда.

2. Камсыздоо чынжырларынын ыдырашы: Глобалдашуу өндүрүштү дүйнө жүзүнө бөлүштүрүү аркылуу чыгымдарды азайтууга негизделген. Ал эми протекционизм өндүрүштү чыгымы жогору болсо да өлкөнүн ичине көчүрүүгө түртөт. Бул товарлардын баасынын өсүшүнө, инфляциянын күчөшүнө жана дүйнөлүк экономиканын натыйжалуулугунун төмөндөшүнө алып келет.

3. Энергетикалык кризис: Кайра жаралуучу энергия булактарына өтүү жүрүп жатканына карабастан, дүйнөлүк экономика дагы эле негизинен мунай менен жаратылыш газына таянууда. Геосаясий чоң чыңалуулар өндүрүш менен ташуунун чыгымдарын кескин көбөйтүшү мүмкүн. Бул болсо дүйнөлүк каржы системасынын экономикалык кризистерин дагы да тездетет.

Мындан башка да көптөгөн себептер бар, бирок аларды бул жерде кеңири карап чыгуу мүмкүн эмес.

Үчүнчүдөн: Дүйнөлүк экономиканы кандай белгисиздик күтүп турат?

Дүйнө бири-бири менен атаандашкан экономикалык блокторго (Америка блогу, Кытай блогу, Европа блогу, Азия блогу жана башка аймактык блокторго) бөлүнүшү мүмкүн. Эркин сооданын кыскарышынын натыйжасында өндүрүш мурдагыдай натыйжалуу болбой, чыгымдары көбөйөт. Мунун айынан дүйнө өндүрүштүн, энергиянын, чийки заттын жана башка ресурстардын чыгымдары өсүп турган шарттагы узакка созулган экономикалык токтоп калуу жана инфляция мезгилине кириши мүмкүн. Мындай шартта күрөштүн негизги куралдары экономикалык санкциялар, соода блокадалары жана технологиялык үстөмдүк болуп калат.

Алдыдагы кыйроо салттуу каржы кырсыктарындай күтүүсүздөн боло турган кыйроо болбошу мүмкүн. Тескерисинче, дүйнөнү ондогон жылдар бою ач көздүккө, жеке кызыкчылыкка жана монополияга негизделген, түпкү негизи сүткорлукка курулган азыркы экономикалык системанын акырындык менен ыдыроосу ыктымал.

Балким, бул көбүрөөк бөлүнгөн, натыйжалуулугу төмөн жана кагылыштарга көбүрөөк дуушар болгон жаңы системанын жаралышы болушу мүмкүн. Бул аз сандагы адамдардын кызыкчылыгы үчүн тыгыз экономикалык байланыштарга таянган дүйнөдөн ресурстар, технологиялар жана таасир үчүн атаандаштык өкүм сүргөн дүйнөгө өтүү болуп саналат. Бул кыска жана азырынча бүдөмүк баскыч. Бирок ал өзүнүн бардык куралдары менен азыркы капиталисттик системаны четке сүрүп, эл аралык аренада өзүн таңуулай турган жаңы дүйнөлүк системанын пайда болушу үчүн ыңгайлуу шарт түзөт. Ал күч менен эмес, адилетсиздикти жоюудагы жана адамзаттын көйгөйлөрүн кайра кайталанбай тургандай кылып чечүүдөгү жөндөмү жана кемчиликсиз тунуктугу аркылуу өзүн көрсөтөт. Ал – адамзаттын жыргалчылыгы үчүн өзүнүн шарттарын жана системасын орното ала турган жалгыз мабда болгон исламий раббаний система.

Чындыгында исламий экономикалык система көйгөйлөрдүн жаралуусун башынан эле алдын алган түзүм. Эгер көйгөй жарала турган болсо, анын кайра кайталанбай турган чечими бар. Анткени ал үч негизге таянат: мүлк, мүлктү башкаруу жана байлыктарды бөлүштүрүү. Булардын баары мал-мүлктүн чыныгы Ээси Аллах Таала деген негизден келип чыгат. Аллах Таала айтты:

﴿آمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَأَنفِقُوا مِمَّا جَعَلَكُم مُّسْتَخْلَفِينَ فِيهِ فَالَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَأَنفَقُوا لَهُمْ أَجْرٌ كَبِيرٌ﴾

“(Эй инсандар), Аллага жана Анын пайгамбары (Мухаммад алайхис-салам)га, ыйман келтиргиле дагы Ал Зат силерди халифа кылып койгон нерселерден, (тактап айтканда, убактылуу колуңарда турган эрте бир күн силер кааласаңар да, каалабасаңар да башкалардын колдоруна өтүп кете турган, Алла берген мал-дөөлөттөн) кайрымдуулук-эхсан кылгыла! Анткени, силерден ыйман келтирген жана кайрымдуулук-эхсан кылган заттар үчүн чоң ажр-сыйлыктар бар”. (Хадид: 7).

Бирок исламий экономикалык системаны бүткүл дүйнөдө колдонуу үчүн адегенде исламий мабданы колдонушубуз керек. Анткени бул экөө бири-биринен ажырагыс эки бөлүк. Ал эми исламий мабданы колдонуу үчүн исламий жашоону кайра баштоо жолунда аракет кылып жаткандар менен бирге аракет кылуу жана Расулуллахтын ﷺ төмөнкү сүйүнчүсүнүн ишке ашышына аракет кылуу зарыл:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

“Андан соң пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот”.

Бүгүн болуп жаткан окуялар – биз баштан өткөрө турган оор толгоо гана. Биз бүткүл дүйнө уйкуда кармап калууга аракет кылып жаткан Ислам күчүн ойготуу үчүн иштейбиз жана алар анын ойгоно баштаганын сезишти. Ошондуктан алар Ислам таянышы мүмкүн болгон каражаттарды кыйратууга, ошондой эле исламий өлкөлөрдүн инфраструктурасын колдон келишинче талкалоого, аларды бөлүп-жарууга жана майдалоого киришишти.

Батыш бизге ар бири өзүнчө мамлекет катары эмес, бир үммөт катары душмандык кылат. Тилекке каршы, биз болсо бул жырткыч чабуулга үммөттүн кеңири жана бүтүндөй түшүнүгү менен эмес, улуттук мамлекеттердин түшүнүгү менен жооп берип жатабыз!

Эй мусулмандар, ойгонгула! Акыл-эсиңерге кайткыла! Душманыңарды бооруңардан сүрүп чыгаруу үчүн биригип аракет кылгыла. Муну башкаруучулардан баштап, текебер капиталисттик мабдага чейин жүргүзгүлө.

Аллах Таала айтты:

﴿قَالُوا أُوذِينَا مِن قَبْلِ أَن تَأْتِيَنَا وَمِن بَعْدِ مَا جِئْتَنَا ۚ قَالَ عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَن يُهْلِكَ عَدُوَّكُمْ وَيَسْتَخْلِفَكُمْ فِي الْأَرْضِ فَيَنظُرَ كَيْفَ تَعْمَلُونَ﴾

«Алар айтышты: «Сен бизге (пайгамбар болуп) келишиңден мурда да (ошондо да Фиравн уулдарыбызды өлтүрүп, аялдарыбызды тирүү калтырып, зулумдук кылган эле), сен келгенден кийин да азар көрдүк». Ал (Муса) айтты: «Балким Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди бул жерге халифа (орун басар) кылаар жана кандай амал кылаарыңарды көрөөр». (Аъраф: 129).

Роя гезити

Набил Абдулкарим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button