Роя гезити

Халифалык коом туш болгон кыйынчылыктарга кандай мамиле кылат?

Халифалык коом туш болгон кыйынчылыктарга кандай мамиле кылат?

Халифалык түзүмүнүн вакыйлыгы жана анын үстүнө курулган негиз коом туш болгон эң көрүнүктүү кыйынчылыктарды кандай чечерин көрсөтүп турат. Халифалык — Ислам шариятынын өкүмдөрүн орнотуу жана Ислам даъватын дүйнөгө жаюу үчүн дүйнөдөгү бардык мусулмандардын жалпы жетекчилиги. Ал Исламдагы башкаруу түзүмү жана дүйнөдөгү эч бир түзүмгө окшобойт, анткени анын негизи вахий. Пайгамбар ﷺ айтты:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمْ الْأَنْبِيَاءُ كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ تَكْثُرُ». قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الْأَوَّلِ فَالْأَوَّلِ وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Бану Исраилди пайгамбарлар башкарат эле. Качан бир пайгамбар дүйнөдөн кайтса, анын ордуна башка пайгамбар келчү. Менден кийин пайгамбар болбойт. Бирок халифалар болот жана алар көп болушат». Сахабалар сурашты: «Бизге эмнени буюрасыз, йа Расулулла?» Ал ﷺ: «Биринчисинин, биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Аларга өз акыларын бергиле. Анткени Алла Таала аларды кандай башкаргандыгы жөнүндө суракка алат», — деди. Муслим риваят кылган.

Демек, Халифалык мусулмандарды бир мамлекетке бириктирген саясий түзүм жана Ислам менен башкаруу анын көлөкөсүндө гана ишке ашат. Ошондуктан Хизб ут-Тахрир даярдаган Конституция долбоорунун биринчи беренесинде мындай делет: «Ислам акыйдасы – мамлекеттин негизи. Т.а. анын курамында, жихазында, эсеп-китеп кылынышы же ага тиешелүү бардык иштерде бирер нерсенин жүзөгө келиши үчүн бир гана Ислам акыйдасы негиз кылынат»

Бул секуляризм менен жарандык мамлекетке карама-каршы келет. Ушундан улам Халифалык мамлекетинин көйгөйлөрдү чечүүсү жеңил жана оңой болот.

Дүйнө, айрыкча Судан туш болуп жаткан кыйынчылыктар көп. Алардын бири — бир мамлекетте ар түрдүү улуттардын, сакофаттардын жана диндердин болушу. Ислам аларды адамзатка тиешелүү көйгөйлөр катары өзүнүн түзүмдөрү менен чечкен. Хизб ут-Тахрир даярдаган Конституция долбоорунун 5-беренесинде мындай делет: «Исламий жарандыкка ээ болгон бардык адамдар шаръий укук жана милдеттерден пайдалана алышат.»

Ал эми 6-беренеде мындай делет: «Мамлекеттин жарандар ортосунда акимият, казылык, иш башкаруу ж.б.у.с. тармактарда дискриминацияга жол коюшу жайиз эмес. Теги, дини, расасы жана улутуна карабастан, баарына бирдей назар менен карашы важиб».

Ислам адамдарга камкордук кылууда мамлекеттин жарандыгына карайт, ал мусулман болобу же зиммийлерден болобу айырмасы жок. Камкордук кылууда кандайдыр бир айырмачылык кылууга болбойт. Бул өкүмдөр башкаруу, казылык жана иштерди камкордук менен башкаруу далилдеринин умумийлигинен улам келип чыкан. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ﴾

«Албетте Алла силерди адамдар арасында өкүм кылганыңарда адилет өкүм кылууга буюрат». (Ниса: 58).

Колонизатор Суданда пайда кылган кыйынчылыктардын бири, мисалы, хавакир маселеси. Исламий жашоодо шаръий жактан хавакир, башкача айтканда, уруулардын жерлери деген нерсе жок. Жер Аллахтыкы, Ал анда адамды орун басар кылган. Ал эми жеке адам жерди жашоо же дыйканчылык кылуу үчүн Ислам белгилеген шаръий себептер менен жеке мүлк катары ээлейт. Мусулманга уруу, аймак же башка негизде кайсы бир адамга жерге ээ болууга тоскоолдук кылууга болбойт. Анткени хадисте:

«مَنْ أَحْيَا أَرْضاً مَيْتَةً فَهِيَ لَهُ»

«Ким өлүк жерди тирилтсе, ал жер аныкы», — деп айтылган.

Ал эми жайыттар, токойлор жана бадалдуу жерлер бардык адамдар пайдалана турган умумий мүлк болуп саналат. Расулуллах ﷺ айтты:

«ثَلاثٌ لاَ يُمْنَعْنَ: المَاءُ وَالكَلأُ وَالنَّارُ»

«Үч нерсеге тыюу салынбайт: суу, жайыт жана от».

Ал эми урууларды Аллах Субханаху ва Таала артыкчылык кылуу жана мактануу үчүн эмес, бири-бирин таануу үчүн жараткан. Ошондуктан аны бул чөйрөдөн чыгарып, адамдардын ортосунда жек көрүү жана жаңжал чөйрөсүнө алып барууга болбойт. Аллах Таала айтты:

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنْثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوباً وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا﴾

«Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек (Адам) жана бир аял (Хавва)дан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук». (Хужурат: 13).

Демек, исламий жашоодо хавакир түзүмүнө жана уруучулук негиздеги жергиликтүү башкарууга орун жок.

Батыш сакофатынын таасирлеринен болгон кыйынчылыктардын дагы бири — бийлик менен башкарууга бөлүштүрүлө турган олжо катары кароо. Ошондуктан саясий күрөш бийлик жана байлыктын айланасында жүрөт. Башкарууга олжо жана бөлүштүрүлүүчү үлүштөр катары мындай көз караш өлкөдөгү саясий жашоону бузат жана саясатчыларды колонизаторлордун бутун бекемдөөчү куралга айлантат. Чындыгында, Исламда башкаруу — бул камкордук, жоопкерчилик жана аманат. Ал бөлүштүрүлүүчү олжо эмес. Пайгамбар ﷺ айтты:

«الإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам — жетекчи жана ал өз карамагындагылардан жоопкер».

Ошондуктан Халифалык мамлекети борбор менен чет аймактардын күрөшү, айылдык аймактардын көтөрүлүштөрү, квота бөлүштүрүү же аймакчылдык деген нерселерди билбейт. Тескерисинче, ал жарамдуулукту жана жетиштүүлүктү билет.

Бийликти бөлүштүрүлө турган олжо катары түшүнүү Суданда мамлекетке каршы куралдуу топторду түзүүгө шарт түздү. Алар мамлекетке каршы курал көтөрүшөт. Тилекке каршы, мамлекет өзү да буга жардам берди, ал тургай аларды өзү түзөт. Анткени мамлекет күчкө ээ болгондор менен гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, укуктарды да ошолорго гана берет. Ошентип, биринчи козголоң 1955-жылы болуп, куралдуу топтор ошондон бери көбөйүп отуруп, армиядан тышкары 100дөн ашуун куралдуу топко жетти! Негизи, мамлекетте кошуун жана аскерий күч бирөө гана болушу керек. Ошондуктан Хизб ут-Тахрир Конституция долбооруна 66-беренени (кырг. 57-берене) киргизген:

«Кошуундун бардыгы бир бүтүн болуп, атайын гарнизондорго коюлат. Бул гарнизондордун айрымдары ар түрдүү вилаяттарга, айрымдары стратегиялык чекиттерге жайгаштырылат. Кээ бир гарнизондор болсо, ар дайым көчүп жүрө турган, тез аракет кылуучу топтордон туруп, сокку берүүчү күчтөр эсептелет. Бул гарнизондор бир нече бирикмелер тутумунда тартиптештирилет. Ар бир бирикме кошуун аты менен аталып, ирээттелет. Мисалы, биринчи кошуун, үчүнчү кошуун, же болбосо, вилаят же аамилдик деген ат менен аталат».

Кыйынчылыктардын дагы бири — партиялардын болуусун жамандык деп эсептөө жана Исламда партиялар жок деген түшүнүк. Бул көз карашты колонизатор пайда кылган. Бул — куфр жетекчилери эки себептен улам бекемдөөгө аракет кылып жаткан коркунучтуу жана ыплас иш:

Биринчи себеп: мусулмандарды Исламды жашоо вакыйлыгында орнотуу үчүн хизбий аракеттен алыстатуу. Анткени Исламды орнотуу үчүн аракет Расулуллах ﷺ кылгандай, уюшкан жамаий уюшуу түрүндө гана болот.

Экинчиси: динди саясаттан жана камкордуктан алыстатып, аны ибадат амалдары менен гана чектелген кечилдик динге айлантуу. Ал эми саясат жана башкаруу иштери адамдардын мыйзам чыгаруусуна калтырылат. Бүгүнкү башкаруучулардын жана алар сыяктуу саясатчылардын абалы дал ушундай. Алар асабийликти жана экономикада, ахлакта жана жашоонун бардык түзүмдөрүндө башаламандык менен бузукулукту пайда кылган сасык демократияны бекемдешти.

Негизи, ойгонуу мабдаий идеяга негизделген уюшуу менен гана ишке ашат. Ошондуктан Халифалыкты орнотуу Ислам акыйдасынын негизинде турган хизб аркылуу гана болот. Ошондой эле мамлекетти сактап калуу да саясий хизбдин болушу менен гана ишке ашат жана бул фарз. Аллах Таала айтты:

﴿وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾

«Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, ибадат-итаатка буйра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар». (Али Имран: 104).

Ошондуктан биз 21-беренеде мындай дедик:

«Мусулмандар акимдерди мухасаба кылуу же Үммөт аркылуу бийликти колго алуу үчүн саясий хизбдер түзүү укугуна ээ. Бирок, ушул хизбдердин негизи Ислам акыйдасы болушу керек, табанний кылган өкүмдөрү болсо шаръий өкүмдөрдөн болушу шарт. Хизб түзүүгө эч кандай уруксаттын кажети жок. Исламдан башка негизге курулган ар кандай топко тыюу салынат».

Ислам үммөтү — улуу үммөт. Ал адамдарды Ислам түзүмдөрү жана өкүмдөрү менен башкаруу үчүн чыгарылган. Ошондуктан Исламда саясат бул ибадат жана Аллахка итаат кылуу. Ушундан улам убада кылынган рошид Халифалык мамлекетин орнотуу биздин тагдыр чечүүчү маселебиз, ал эми максатыбыз исламий жашоону кайрадан баштоо жана Ислам рисалатын даъват жана жихад аркылуу дүйнөгө жеткирүү. Аллах Тааланын уруксаты менен эртеңки күн аны күткөн адам үчүн жакын.

Устаз Ибрахим Мухаммад (Мушриф)

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button