Сакофат

Ийгилик маданияты жана жашоонун маңызын түшүнүү

Ийгилик маданияты жана жашоонун маңызын түшүнүү

Пайда табууга негизделген капиталисттик керектөө маданияты адамдын дүйнө карашын барган сайын тарытып, жөнөкөйлөштүрүлгөн баалуулуктар түзүмүн таңуулоо аркылуу коомдо терең жана чечилиши татаал көйгөйлөрдү жаратты. Бүгүнкү күндө калыптанып калган ийгилик түшүнүгүнө карай турган болсок, адамдын жашоосунда жеке жетишкендиктер, жогорку киреше, коомдогу аброй, атак-даңк жана жалпыга таанылуу сыяктуу нерселер негизги максат жана жашоонун маңызы катары бааланып калды. Ошондуктан бул талаптарга жооп бере албоо көпчүлүк тарабынан жеке турмуштагы чоң жеңилүү, атүгүл турмуштук кыйроо катары кабыл алынууда.

Ошол эле учурда материалдык жыргалчылыктын, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жана өзүн өнүктүрүүдөгү шарттардын тарыхта болуп көрбөгөндөй кеңейгенине карабастан, адамдардын арасында ички боштук, тынчсыздануу, жашоодогу багытын жоготуу жана өмүрүнүн маңызын таба албай кыйналуу сезими күчөп бара жатат. Муну орто жаш курактагы кризистин барган сайын жашарып баратканы да ырастайт. Эгер мурда мындай көрүнүш көбүнчө кырк-элүү жаш курагында байкалса, бүгүнкү күндө ал отуз жашка жетпей эле көптөр үчүн реалдуу көйгөйгө айланды.

Капиталисттик ийгилик маданияты адамдын жашоосун байлыкка, жогорку коомдук макамга, коомчулуктун таануусуна жана бакубат жашоонун тышкы белгилерине жетүүгө багытталган чексиз жарышка айлантты.

Бүгүнкү коомдо инсандын баркы анын адеп-ахлагы, коомго кошкон салымы, же ички өнүгүүсү менен эмес, кирешесинин көлөмү, ээлеген кызматы, популярдуулугу жана коомдук аброю менен бааланууда. Мындай шартта адам өзүн башкалар менен тынымсыз салыштырууга аргасыз болуп, жетишкен ар бир ийгилиги көп өтпөй жаңы талаптардын жана улам өсүп жаткан күтүүлөрдүн алдында өз маанисин жоготуп коёт.

Өз жашоосунун эң жогорку максатын түшүнө албай калган адам, жашоонун маңызын чыныгы маңыз боло албаган нерселерден издей баштайт. Натыйжада материалдык жетишкендик жашоонун түпкү максатына айланып, каражат максаттын ордун ээлейт, ал эми ийгилик өзүнчө сыйынуу ритуалына айланат. Бирок адам көздөгөнүнө жетсе да ички боштук сезими жоголбой турганын түшүнүп жетет. Мунун натыйжасында көңүлдүн калып кетүү, жалгыздык кризиси, үй-бүлөлүк мамилелердин солгундашы, жашоодогу багытын жоготуу жана өзүн керексиз сезүү сыяктуу көрүнүштөр пайда болот.

Ошентип, капитализмдин медиа маданияты калыптандырган заманбап адамдын кризиси психологиялык көйгөйлөр менен гана чектелбестен дүйнө караштагы кризисти да камтыйт. Башкача айтканда, бул – адамдын жашоосунун маңызын жоготуусу, эмне үчүн жаратылганын түшүнбөй калышы жана түбөлүктүү руханий максаттарды убактылуу материалдык кызыкчылыктарга алмаштыруусу менен мүнөздөлгөн кризис.

Мындай шартта адамга адеп-ахлактык нормаларды сунуштоо менен эле чектелүү жетишсиз. Адам эмне үчүн жашайт? Анын бул жашоодогу негизги милдети эмнеде? Материалдык байлык менен жеке ийгиликтин анын жашоосундагы чыныгы орду кандай? Ушул сыяктуу негизги суроолорго ырааттуу жана бирдиктүү жооп бере алган, адеп ахлактык нормалар менен эле чектелбеген диний дүйнө карашка ээ болгон түзүмгө кайрылуу өзгөчө маанилүү болот.

Исламдын көз карашы

Исламга ылайык, адам бул дүйнөгө кокусунан келбейт жана анын жашоосунун максаты напсинин каалоолорун кандыруу менен чектелбейт. Адамдын жаратылышында улуу максат бар. Ал Жараткандын эркин аң-сезимдүү түрдө кабыл алып, Ага ибадат кылуу.

Ошол эле учурда, Исламда ибадат түшүнүгү диний жөрөлгөлөрдү аткаруу менен гана чектелбейт. Адамдын ар бир адал иши эмгек кылуу, бала тарбиялоо, илим менен алектенүү, ишкердик жүргүзүү, мамлекеттик кызмат өтөө же адамдарга кам көрүү, эгерде ал Аллахтын ыраазычылыгын көздөп, шарияттын өкүмдөрүнө ылайык аткарылса, ибадат болуп эсептелет.

Ошондуктан азыркы доордогу жашоонун маңызы жөнүндөгү эң негизги суроого Ислам таптакыр башкача жооп берет.

Эгерде капиталисттик идеология: «Адегенде ийгиликке жет, ошондо жашооң маңыздуу болот», – деп үйрөтсө, Ислам болсо: «Адегенде жашооңдун чыныгы маңызын түшүн. Ошондо ийгилик, эгерде Аллах насип кылса, жашооңдун түпкү максаты эмес, сага жүктөлгөн милдетти аткаруунун каражаты гана болот», – деп түшүндүрөт.

Мына ушул жерде эки дүйнө караштын ортосундагы негизги айырма айкын көрүнөт.

Адамдын вазыйпасы

Заманбап маданият адамды өзүнүн ыңгайлуулугун, материалдык байлыгын жана коомдогу макамын тынымсыз арттырууга умтулган автономдуу керектөөчү катары калыптандырууда. Бул дүйнө караштын өзөгүндө адамдын жеке кызыкчылыгы жана өзүмчүл «мен» деген түшүнүк турат.

Ал эми Ислам мабдасы көңүлдү адамдын өз напсисине эмес, Жараткандын алдындагы жоопкерчилигине бурат.

Исламга ылайык, адам жер жүзүндө Аллахтын өкүмдөрүн ишке ашыруучу өкүл катары жаратылган. Ага жерди көрктөндүрүү, коомду өнүктүрүү, адилеттүүлүктү орнотуу, үй-бүлөнү бекемдөө, адамзаттын адеп-ахлактык негиздерин сактоо жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу милдети жүктөлгөн. Ошондуктан анын жашоодогу вазыйпасы жеке бакубаттуулукка жетүү менен эле чектелбейт. Ал өзүнүн руханий абалы, инсандык калыптанышы, үй-бүлөсү, коому жана өзүнө аманат кылынган бардык мүмкүнчүлүктөр үчүн жоопкерчилик тартат.

Ушул себептен Исламда инсандын өнүгүүсү өз алдынча максат катары каралбайт. Ал адамга өзүнө жүктөлгөн аманатты жана милдеттерди татыктуу аткарууга жардам берген каражат болуп эсептелет.

Максаттар жана материалдык жыргалчылык

Ушундан улам жашоонун максаттарына болгон мамиле да түп-тамырынан өзгөрөт.

Ийгиликке негизделген капиталисттик мабдада акча адамдын баалуулугунун негизги көрсөткүчүнө айланып, байлык коомдогу абройдун жана кадыр-барктын башкы өлчөмү катары кабыл алынат.

Ал эми Ислам материалдык жыргалчылыкты, ийгиликтүү карьераны, ишкердикти же жогорку коомдук макамды четке какпайт. Тескерисинче, эгер алар адал жол менен табылып, жакшылыкка кызмат кылса, алар Аллахтын нематы катары каралат. Бирок алардын эч бири адам жашоосунун эң башкы максаты боло албайт. Алар адамга жүктөлгөн милдетти аткарууга жардам берген каражаттар гана.

Исламда материалдык байлык жана бардык мүмкүнчүлүктөр адамдын эркин пайдалануусу үчүн гана берилген нерсе эмес. Алардын ар бири үчүн адам Жараткандын алдында жооп берет. Ошондуктан акча, байлык, ар кандай мүмкүнчүлүктөр, үй-бүлө, коомдогу аброй, жеке ишкана же мамлекеттик бийлик сыяктуу бардык жетишкендиктер адамдын жашоодогу вазыйпасынын ордун баспашы керек. Тескерисинче, алар ошол милдетти аткарууга кызмат кылуу үчүн тийиш. Дал ушундай шартта материалдык мүмкүнчүлүктөр такыба инсанды тарбиялоонун, адилеттүү коомду өнүктүрүүнүн жана аны бекемдөөнүн натыйжалуу каражатына айланат.

Ал эми байлык менен мүмкүнчүлүктөр текеберликке, менменсинүүгө жана өзүн башкалардан жогору коюуга кызмат кыла баштаса, алар жакшылык эмес, руханий сыноого айланат. Мындай абал адамды адеп-ахлактык чектөөлөрдү четке кагууга, акырындап руханий жана моралдык жактан бузулууга алып келет.

Кризистердин себептери

Дал ушул көз караштан алганда, «орто жаш кризиси» деп аталган көрүнүш социалдык тармактардын натыйжасы же коомдук басымдын жыйынтыгы гана болуп саналбайт.

Чындыгында, ал жалган максаттар негизинде курулган дүйнө караштын табигый натыйжасы болуп саналат.

Адамдын батири, унаасы, жогорку кирешеси жана коомдогу аброю болушу мүмкүн. Бирок ошого карабастан ал ички боштукту сезе берет. Анткени материалдык жетишкендиктердин эч бири адамга түйшүк кошкон эң негизги суроого, башкача айтканда «Мен эмне үчүн жашайм?» – деген суроого жооп бере албайт.

Адам өзүнүн жашоодогу милдетин түшүнбөгөндө, жетишкен ар бир ийгилиги бат эле көнүмүш көрүнүшкө айланат. Анын ордун жаңы максаттар, жаңы талаптар жана өзүн дагы эле жетишсиз сезүүгө мажбурлаган жаңы күтүүлөр ээлейт.

Исламдын чечими

Ислам мабдасы турмуштук багыттардын принципиалдуу түрдө башкача түзүмүн сунуштайт:

Жашоонун маңызы – бул Жаратуучусун жалгыз Мыйзам чыгаруучу катары таануу жана жашоонун бардык чөйрөлөрүндө, бардык жерде Анын буйруктарын жана мыйзамдарын аткаруу аркылуу Улуу Жаратканга аң-сезимдүү түрдө ибадат кылуу.

Адамдын вазыйпасы Жалгыз Кудайга ишенүү, ушул акыйданын негизинде Жараткандын мыйзамдарына ылайык өзүн, үй-бүлөсүн, коомду жана мамлекетти өнүктүрүү аркылуу жер жүзүндөгү жоопкерчиликтүү жана такыба орун басар болуу.

Жеке максаттар бул өз напсине кызмат кылуу эмес. Ал эми бул милдетти ишке ашыруунун куралдары катары (ибадат амалдары, исламий үй-бүлө жана бизнес, партия жана мамлекет…) болуп эсептелет.

Ийгилик бул топтолгон мүлктүн көлөмү жана бийликке жетүү эмес, ал адамдын өзүнүн жаралышынын түпкү максатына берилгендиктин жана Жараткандын, ошондой эле баскычтар боюнча өзүнөн жогору тургандардын бардыгынын алдындагы жоопкерчиликтин деңгээли.

Мындай баалуулуктар системасында адам өзүн башкалардын кирешеси же жетишкендиктери менен эмес, өзүнө жүктөлгөн аманатты канчалык деңгээлде аткарып жатканы менен баалайт. Демек, башкы өлчөө коомчулуктун таануусу эмес, Жараткандын алдындагы жоопкерчилик болуп калат.

Ошондуктан Ислам адамдын ички кризисин материалдык ийгиликтин жетишсиздигинен эмес, жашоосунун маңызын жана өзүнүн чыныгы милдетин жоготуудан келип чыккан кризис катары карайт.

Мына ушундан улам капиталисттик ийгилик маданияты менен исламий дүйнө караштын ортосундагы негизги айырма айкын көрүнөт. Алар адамга жөн гана ар башка жашоо образын эмес, бири-биринен түп-тамырынан айырмаланган баалуулуктар түзүмүн сунуштайт. Жараткандын көрсөткөн жолу чындыгында, ийгиликтин адамдын жашоосундагы чыныгы ордун жана анын маңызын аныктап берет.

Капиталисттик дүйнө карашта адамдын жашоосу негизинен жеке кызыкчылыктарды ишке ашырууга багытталат, ал эми анын баалуулугу материалдык жетишкендиктер аркылуу бааланат. Исламда болсо адам Жараткандын ыраазычылыгына жетүүнү көздөп, Ал Өзү жүктөгөн милдетти аткаруу үчүн жашайт. Ошондуктан материалдык байлык, коомдук аброй жана башка жетишкендиктер өз алдынча максат эмес, пайда берүүгө, жакшылыкка жана Аллахка баш ийүүгө кызмат кылган каражат катары каралат.

Ушул себептен Ислам байлыкты, ийгиликти же инсандын өнүгүүсүн четке какпайт. Тескерисинче, аларды адамдын негизги максатына, тагыраагы, Аллахка ибадат кылууга, өзүнүн адеп-ахлагын өркүндөтүүгө, жер жүзүндө адилеттүүлүктү орнотууга жана Аллахтын динин үстөм кылууга кызмат кылганда гана чыныгы баалуулукка ээ деп эсептейт.

Мына ушул, убактылуу максаттар инсандын барлыгындагы негизги максат катары кабыл алынган учурда, адамда жашоонун маңызын жоготуудан улам пайда болгон ички боштуктан жана руханий кризистен арылууга мүмкүнчүлүк берет.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button