Саясий бутпарастык: Буттардын сакчылары республикалык түзүлүштү кантип коргошот?!

Саясий бутпарастык: Буттардын сакчылары республикалык түзүлүштү кантип коргошот?!
Президенттик жетекчилик кеңеши деп аталган түзүмдүн мүчөсү жана Маърибдин губернатору генерал Султан аль-Арада «Республика аянтын» түзүп, ага революциянын «Марид» танкын көчүрүү боюнча көрсөтмө берди. Ал бул кадамдын саясий максаттары символикалык аталыштардан алда канча ашып түшөрүн айтып, анын максаты республикалык түзүлүштү кайра калыбына келтирүү, анын эгемендигин өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу жана туусун көтөрүү экенин билдирди.
Аль-Арада бул көрсөтмөсүндө жөнөкөй элдин түшүнүктөрү бул кадамдын тарыхый маанисин жана терең мазмунун түшүнүүгө жетпеши мүмкүн деп ырастап, тиешелүү инженердик жана аткаруучу органдардан аянтты кыска мөөнөттө бүтүрүүнү талап кылды.
Бул аракет саясий талдоосуз эле башкаруучулардын өз динине канчалык кыянаттык кылып жатканын көрсөтүп турат. Анда терең ой жүгүртүп, аң-сезим менен караган адамдын түшүнүгү каякка чейин жетет?! Албетте, мусулман өлкөлөрүндөгү малай башкаруучуларды шыпырып таштоонун важиб экенине жетет. Анткени алар биздин өлкөлөрдө куфр пикирлери менен түзүмдөрүнүн сакчылары болуп эсептелет. Башкаруучулардын чыныгы ролун жашырган бул бурмалоо бизден улуттук түзүмдү даңазалаган адамдардын жүзүн ачып таштоону талап кылат. Анткени бул түзүм акылдарды тоготпойт, кандарды адал көрөт, сезимдердин тазалыгын тартып алып, адамдардын эмоцияларын ушул зомбулук түзүмдөрүнүн тиреги жана сакчысы кылып коёт.
Темирди ыйыкташтырууга жана Маърибдин жүрөгүндө республикалык түзүлүш деген бутту бекемдөө үчүн бул жерге бутпарастык жүзүн берүү максатында курулуп жаткан Республика аянтын ачууга аракет кылуу бул башкаруу системалары өздөрүнүн элге камкордук кылуудагы кемчиликтери ашкере болгондо кайрылган саясий бутпарастыктын туу чокусу болуп саналат. Алар Аллахтын шариятын четке каккан уят ишин аянттардын шаңы менен жаап-жашырууга, бош материалдык буттарды жасап, алардын артына жашынууга аракет кылышат. Бирок алардын ийгиликсиздигинин айынан бул аянттар көп өтпөй алардын пикиринин банкротко учураганын жана жалган долбоорлорунун кыйраганын айтып турган күбөлөргө айланат. Ошентип, алар курган ар бир курулуш өздөрүнүн пайдасына эмес, тескерисинче өздөрүнө каршы далил болуп калат. Булардын баары исламий акыйда көз карашы менен бүт дүйнөгө караган дааватчылар көтөрүп келе жаткан туура аң-сезимдин ташкынын күтүп турат. Аллахтын уруксаты менен келе жаткан бул аң-сезим алардын жалганынын эч бир изин калтырбайт.
Йемендеги республикалык түзүлүш жана мусулман өлкөлөрүндө орнотулган башка бардык зыян берүүчү түзүмдөрү эч качан үммөттүн өз акыйдасынан келип чыккан бийлигинин көрүнүшү болгон эмес. Тескерисинче, аларды каапыр колонизатор өзүнүн сыясы менен жазып берген конституциялык буттар болуп саналат. Аларды болсо биздин жаштарыбыздын канын соруп жашаган жана эл аралык көз карандылыктын жиптери менен башкарылган жасалма кагылышуулардын оту кайтарып келет. Республикалык түзүлүш — мекемелердин кийимин жамынган ээн баштык. Ал көз карандылыктын фикрий жана саясий чатыры болуп эсептелет. Анткени ал Роббаний шарияттын ордуна сырттан алынып келген адам чыгарган мыйзамдарды койду, ал эми туура жолдогу шуранын ордуна тагуттун эл аралык келишимдерин мыйзамдаштырган парламенттерди алып келди.
Чыныгы трагедия саясий күчтөрдүн бийлик үчүн талашып жаткан көрүнүшүндө жана өз ара келишпестигинде эмес. Тескерисинче, алардын ички маңызында, башкача айтканда, Ислам шариятын башкаруудан четтетүүгө бир добуштан макул болушунда жана сырты кооз, бирок маңызы бузук болгон конституциялык буттарга жапырт сажда кылышында. Анткени бул жаңжалдын тараптары жергиликтүү куралдар катары эл аралык куфрдун башчыларына өкүм сурап барышат. Алар дал ушул тагутту мыйзамдаштырып, анын мыйзамдарын түзүп беришкен. Ошол эле учурда алар Аллах Тааланын катъий өкүмүнөн жүз бурушат:
﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ﴾
«Өкүм-Өкүмдардык Аллага гана таандык Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана сыйынууга буюрган». (Юсуф: 40).
﴿أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾
«Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучуким бар?!»
(Маида: 50).
Колонизаторлордун ролдорду ушундай бөлүштүргөнү бүгүнкү вакыйлыкта Йемендеги үч шаардан даана көрүнүп турат. Каапыр Батыш бул шаарларда үммөтүбүздүн уулдарын бири-бирине карама-каршы көрүнүштөр аркылуу алдап келет.
Маърибде, «эл аралык деңгээлде таанылган өкмөт» деп аталган түзүмдүн таянычында кан төгүлүп жатат жана республикалык түзүлүш деген элести сактап калуу үчүн бутпарастык аянттар курулууда. Бул республиканын мыйзамдуулугу Аллахтын ыраазылыгын жана Анын нурлуу шариятын өкүм жүргүзүүнү көздөөнүн ордуна, эл аралык түзүмдүн коридорлорунда каапырлардын ыраазылыгын табуу үчүн калыптандырылган.
Ал эми Санада ихластуу жаштар ошол эле республикалык түзүлүштү жана анын ошол эле конституциялык символдорун бекемдөө үчүн адаштыруучу сезимтал ураандардын алдында айдалып жатышат. Ошол эле учурда алардын саясатчылары эл аралык жактан таанылууга жетишүү үмүтү менен Бириккен Улуттар Уюмуна жакшы мамиле билдирген сөздөрдү айтып, каапыр колонизатор белгилеп берген чек аралардын ишенимдүү сакчылары катары чуркап жүрүшөт.
Ал эми Аденде болсо бөлүнгөндү дагы бөлүп-жарууга жана республикалык бөлүнүүчүлүк долбоорун күчөтүүгө багытталган аракеттер жанданып жатат. Мунун максаты — байлыктарды талап-тоноону жеңилдетүү жана дүйнөлүк тагуттун үммөттүн стратегиялык кысыктары менен суу жолдорунун үстүнөн көзөмөлүн дагы бекемдөө.
Аллахка ант болсун, бул биздин каныбыз менен коюлуп жаткан кайгылуу кубулуш, үммөтүбүздүн акылын кемсинткен маңкурттук. Анда ушул замандын фараондорунун жүздөрү гана ар башка болуп көрүнөт. Алар душманыбыз түзүп берген республикалык түзүлүш деген бутту кайтаруу үчүн жазалоочунун камчысын ким кармай турганы боюнча өз ара талашышат. Бирок алардын айла-амалдарынын жиптери бир гана максатта биригет. Ал болсо — Исламды башкаруудан жана жашоодон четтетүү, үммөттү өз ара жаңжалдардын ичинде калтыруу жана аны чыныгы боштондукка чыгуу менен чыныгы бийиктикке жетүү жолунан тосуу.
Эгерде биз баарыбыз биригип, акыйда негизинде напсилерде жана турмушта түп-тамырынан өзгөрүү жасоо үчүн аракет кылбасак жана үммөт өзүнүн тагдырын аныктоочу долбоорунун — ааламдардын Раббисинин вахийинен истинбат кылынган конституциясы менен башкарылган рошид Халифалык мамлекетинин айланасына топтолбосо, анда бул заманбап буттарга кул болуудан үммөт бул дүйнөдө тар жашоодон жана кордуктан башка эч нерсе оруп-жыйнай албайт. Бул туурасында Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾
«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз».
(Тааха: 124).
Оо, биздин элибиз жана сүйүктүү бир туугандарыбыз! Оо, Йемендин талааларында жана майдандарында жандарын берүүгө шашылган адамдар! Силердин улуу курмандыктарыңар эл аралык соодалашуулардын базарларында арзан баага сатылып жатат. Ал эми силердин пас адамдардан болгон жетекчилериңер силердин согушуңардын үзүрүн уурдап жаткан ушул каапыр тагут түзүмүнүн ишенимдүү сакчылары болуп эсептелет. Үммөтүбүз үчүн чыныгы иззат жана кадыр-барк акыйдага негизделген үзүрлүү амал аркылуу гана келет. Ал амал болсо ушул конституциялык буттарды түп-тамырынан кулатууну өз мойнуна алган аң-сезимдүү жана ихластуу топ менен бирге жүргүзүлөт.
Жан-дүйнөнү жана мал-мүлктү арноого татыктуу чыныгы майдан — улуттук буттардын же дат баскан темирлердин майданы эмес. Тескерисинче, ал нубувват минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө майданы. Бул мамлекет Аллах түшүргөн шарият менен өкүм жүргүзөт, жетекчиликти үммөткө таандык кылат жана бийликти бир гана Аллахтын шариятына берет.
Бүгүнкү күндө силердин тандооңор — жашоо-мамиле маселеси. Же акылдардын тонолушуна, жахилияттын жаңжалдарына жана материалдык, конституциялык республикалык буттарга көз каранды болууга ыраазы болосуңар, же Исламдын туура жолу жана иззаты менен көтөрүлүп, жашоого жана Аллахтын өкүмүнө чакырган чакырыкка жооп бересиңер. Аллах Таала мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашообере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла».
(Анфал: 24).
Ошондо гана силер чынчылдык менен ушул жолду карманып, диниңерге жардам берүү аркылуу убада кылынган жеңиштин урматына ээ болосуңар. Анткени Аллах Субханаху ва Таала мындай деген:
﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾
«Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү».
(Хаж: 40).
Роя гезити
Устаз Сайф Марзук — Йемен вилаяты




