Роя гезити

Хизб ут-Тахрир тогуз жыл мурда эскерткен нерсе бүгүн чындыкка айланды

Хизб ут-Тахрир тогуз жыл мурда эскерткен нерсе бүгүн чындыкка айланды

Европанын «Сентинел-2» спутниги тарткан соңку сүрөттөр бир айдын ичинде Нил дарыясынын агымынын кыйла тартылганын көрсөттү. Натыйжада негизги суу станцияларынын айрымдары иштен чыкты. «Аш-Шарк аль-Авсат» гезити 2026-жылдын 22-июлунда жарыялаган кабарда мындай деп айтылат:

«Ушул жайда Нил суусунун тартылышы дарыя деңгээлинин кадимки сезондук өзгөрүүсү гана болгон жок. Ал жүз миңдеген судандыктардын жашоосуна таасир эткен кризиске айланды. Анткени ичүүчү суу станциялары иштен чыгып, бир катар аймактарда суу менен камсыздоо азайды. Мунун кесепеттери айыл чарба сезонуна жана азык-түлүк коопсуздугуна чейин жайылып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар жаралууда».

Буга байланыштуу Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) маалыматтык билдирүүсүндө мындай деди:

«Бул көрүнүш күтүлгөн эле. Биз Хизб ут-Тахрир / Судан вилаятында мындан мурда эле эскертип, Эфиопиядагы Нахда плотинасы Судан менен Египеттин суу коопсуздугу үчүн канчалык кооптуу экенин түшүндүргөнбүз. Ошондой эле Египет менен Судандын башкаруучулары 2015-жылдын 23-мартында Хартумда Принциптер декларациясы жөнүндө келишимге кол коюу аркылуу бул каргашалуу плотинанын курулушуна макул болуп, үммөттүн укуктарын тебелеп-тепсегенин да айтканбыз».

Устаз Абу Халил дагы мындай деп кошумчалады:

«Бул плотинага каршы туруу максатында биз ондогон семинарларды жана форумдарды өткөрдүк. Аларга чынчыл суу адистерин чакырып, алар Судан менен Египеттин суу коопсуздугу үчүн бул плотинанын канчалык кооптуу экенин кеңири түшүндүрүшкөн. Хизб плотина тууралуу чындыктарды ачыктап турган учурда, саясатчылардын жана маалымат каражаттарынын көпчүлүгүнүн позициясы болсо плотинанын курулушун колдоп, өкмөттүн анын курулушуна жол ачкан кыянатчыл позициясына үндөп турду.

2014-жылдын июль айында Судандын Маалымат жана Сугат министрликтери уюштурган сапардын алкагында 32 журналисттен турган ири медиа делегация Нахда плотинасына барган. Бул сапардын максаты – плотинаны даңазалоо жана Судан элине каршы жасала турган кылмышка жалган күбө болуу эле. Бул сапар адамдарды плотинанын курулушун кабыл алууга көндүрүүдө олуттуу рол ойноду. Анткени алар анын пайдасын жалган жана жалаа менен санап чыгышкан».

Абу Халил сөзүн улап мындай деди:

«Андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарынын позициясы жалпысынан терс болду. Атүгүл Хизб ут-Тахрир плотинанын коркунучтарын төгүндөөгө мүмкүн болбогон далилдер менен көрсөткөн учурда да ошондой болду. Биз 2017-жылдын сентябрь айында орто көлөмдөгү 40 беттен турган «Нахда плотинасы жана суу согушунун кесепеттери… башкаруучулардын кайдыгерлиги жана үммөттүн милдети» аттуу китепче чыгарганбыз.

Анда 2015-жылдын 23-мартында Египеттин башкаруучусу Сиси, Судандын башкаруучусу Умар аль-Башир жана Эфиопиянын премьер-министри Десалин Хартум шаарында Эфиопия, Египет жана Судандын ортосундагы «Принциптер декларациясы жөнүндө келишим» деп аталган документке кол коюшу – үммөттүн укугунан баш тартуу экенин, ошондой эле Судан менен Египет өкмөттөрү жасаган уят жана шерменделик иш экенин баса белгилегенбиз.

Ошондой эле Нахда плотинасынын Судан менен Египет үчүн алып келе турган коркунучтарын, күтүлгөн тобокелдиктерди жана анын курулушунан келип чыга турган зыяндарды кеңири түшүндүргөнбүз. Андан соң китепчеде дарыяларга байланыштуу маселелерге карата шарияттагы өкүмдөр баяндалган. Китепченин соңунда болсо Судан менен Египеттин башкаруучуларынын Нахда плотинасынын курулушуна жол берүү үчүн өз ара бүтүмгө келиши менен байланышкан үч шаръий мыйзам бузуу айтылган.

Китепченин акыркы жыйынтыгында мындай деп жазылган:

«Халифалыктын тарыхы анын улуулугуна жана мусулмандардын кызыкчылыктарын кантип коргогонуна байланыштуу көптөгөн сабактарды жана өрнөктөрдү камтыйт. Бул анын күчтүү саясий ишмердүүлүгү, сүйлөшүүчүлөрүнүн жана дипломаттарынын бийик намысы, айбаттуулугу жана кайраты, ошондой эле аскерий күчтү колдонуу менен эскертүүсү, керек болгондо аны иш жүзүндө колдонушу аркылуу ишке ашкан. Анын артында Аллахтын жолунда өлүмдү эңсеген чыныгы эр азаматтардан турган миллиондогон адамдар турган. Бул ар-намыс менен иззаттын мамлекети эле. Ар бир мусулман жакшы жашоо үчүн, Аллах Субханаху ва Таалага итаат кылуу үчүн жана асман менен жердегилер ыраазы боло турган мындай мамлекетти тикелөө жолунда аракет кылып жаткандар менен бирге аракет кылууга милдеттүү».

Мына ушундай иш үчүн аракет кылуучулар аракет кылышсын.

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button