Роя гезити

Судандагы согуштун трагедиялары: вакыйлык жана чечим

Судандагы согуштун трагедиялары: вакыйлык жана чечим

Судандагы согуш төртүнчү жылынын төртүнчү айына кирди. БУУ жана анын уюмдарынын билдирүүлөрү боюнча, бул дүйнөдөгү эң ири гуманитардык апаат болуп саналат. Бул согуш 40 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, жүз миңдеген адамдар жарадар болгон жана катуу жабыркаган. Миллиондогон адамдар жер которуп, үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Куралдуу кагылышуулардын жайгашкан жерлери жана окуялары боюнча маалымат долбоорунун (ACLED) баяндамаларына ылайык, алардын 12 миллионго жакыны өлкө ичинде жер которгон, төрт жарым миллиону коңшу мамлекеттерге качкын болуп кеткен. Эл аралык миграция уюмунун 2026-жылдын апрел айындагы баяндамасына ылайык, өлкө ичинде жер которгондордун 3 миллиону үйлөрүнө кайтып келген, ошондой эле коңшу мамлекеттердеги качкындардын 600 миңге жакыны кайтып келген.

Мунун таасири экономикалык турмушка да тийди. Жумушсуздуктун деңгээли согушка чейинки 32%дан 80%га чейин өстү. Эл аралык эмгек уюмунун баяндамаларына ылайык, согуш учурунда 5 миллион адам жеке киреше булагынан ажыраган.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) 2026-жылдын апрелиндеги баяндамасында 3 миллиондон 6 миллионго чейин адам өтө оор деп сыпатталган азаптуу жана катаал жашоо шартында экени айтылган. Дан өндүрүү 22%га төмөндөгөн.

Ошол эле мезгилде БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) баяндамасына ылайык, 4 миллион 200 миң бала курч тамактануу жетишсиздигине туш болууда. Алардын 825 миңи дарыланбаса, өлүмгө алып келүүчү абалда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2026-жылдын апрел айындагы маалыматына ылайык, 21 миллиондон ашуун адам медициналык кызматтарга муктаж. Саламаттык сактоо мекемелеринин 37%ы дагы эле иштебей турат. Аларга 217ден ашуун чабуул жасалып, анын натыйжасында 2052 медициналык кызматкер жана жумушчу каза болуп, 810 адам жарадар болгон. Ошондой эле имараттар талап-тоноого жана кыйроого учураган. Алардын арасында дарыканалар менен дары-дармек кампаларынын 60%ы бар. Өнөр жай секторунун 90%ын түзгөн 3493 өнөр жай объектиси кыйроого жана талап-тоноого дуушар болгон.

Ал эми билим берүү тармагына келсек, ЮНИСЕФтин баяндамасына ылайык, согуш 17 миллион окуучуну билим алуудан четтетти, алардан 8 миллион бала дүйнөдөгү эң оор билим берүү кризистеринин биринде билим алуу укугунан ажыратылды.

Бардык мектептер жана университеттер же талкаланып, талап-тонолгон, же жер которгондордун лагерлерине, же аскердик казармаларга айландырылган. «Аль-Жазира Неттин» баяндамасында Хартум вилаятында 120га жакын университет жана университеттик колледж талап-тоноого жана кыйроого учураганы, ошондой эле вилаяттардагы алты университеттин, алардын төртөө Дарфурда, жабыркаганы айтылат.

Судандын (социалдык) иштер министри Франс Пресске берген билдирүүсүндө министрлик 2025-жылдын октябрына чейин 1800 зордуктоо фактысын каттаганын айтат. Бул санга Дарфур жана Кордофан кирбейт! Расмий баяндамаларда зордуктоого бир жашка чейинки балдар да кабылганы айтылган! Ошондой эле аялдар менен балдарды туткунга алып, коңшу мамлекеттерге сатып жиберген учурлар катталган. БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынын (OCHA) 2026-жылдын апрел айындагы маалыматына ылайык, Суданда 33 миллион 700 миң адам, башкача айтканда, ар бир үч адамдын экөөсү гуманитардык жардамга муктаж. Бул аны дүйнөдөгү эң ири гуманитардык кризиске айландырууда.

Ал эми коопсуздук жана саясий жаатта, өзүнүн эки агенти Бурхан менен Хамидтинин ортосунда согуш тутанткан Америка согуштун төртүнчү муундагы согуштар услубунда уланышын көздөп жатканын көрүүгө болот. Ал согушту бир аймакта бүтүруп, башка аймакта кайра тутантат. Кир согуштардын идеологу Макс Манваринг айткандай: «Биз кризисти башкарабыз, бирок аны чечпейбиз». Мунун максаты — мамлекетти акырындык менен алсыратуу. Ошондуктан согуш аскерий жол менен чечилбейт жана ага саясий чечимдер да сунушталбайт. Тескерисинче, алар Дарфур аймагын бөлүп алуу жана өлкөнүн калган бөлүгүн бөлүп-жаруу аркылуу өлкөдөгү кызыкчылыктарын ишке ашырмайынча амалкөйлүк кылышат. Бул Судандын Тышкы иштер министрлигинин Абьей аймагын өзүнүн шайлоо округдарынын курамына кошкон Түштүк Судандын кадамын колдошунан жана ага каршы согуш жарыялоонун ордуна, аны Ыкчам колдоо күчтөрүн колдоосун актаганынан көрүнүп турат.

Биз Америка менен Батыш мамлекеттеринин өлкөлөрүбүздөгү башаламандыгын Ислам акыйдасына жана анын өкүмдөрүнө кайтуусуз токтото албайбыз. Ошондой эле мусулмандардын арасындагы бөлүнүп-жарылуу уруктарын да жок кыла албайбыз. Анткени бизди бириктирген нерсе – бул акыйда:

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾

«Момундар эч шек-күмөнсүз ага-инилер». (Хужурат: 10).

Ислам өкүмдөрү болсо бизге кафирлерди дос тутууну жана үммөттүн маселелерине алардын үстөмдүк кылышын арам кылат. Бул болсо үммөт өзүнүн тартып алынган бийлигин кайра кайтарып алып, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетинде динди акыйда жана шарият катары орното турган бир халифага байъат бермейинче ишке ашпайт.

Роя гезити

Насир Риза

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button