Комментарий

Кыргызстанда импортко көз карандылык өсүп жатат

Кыргызстанда импортко көз карандылык өсүп жатат

2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 7 миллиард 904 миллион 774 миң долларды түздү. Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү мурдагыдай эле Азия жана КМШ өлкөлөрү бойдон калууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга 6 миллиард 835 миллион 185 миң долларлык товар импорттолгон. Анын 40 пайыздан көбү Кытайга туура келген. Ал эми 2026-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө болгону 1 миллиард 69 миллион 589 миң долларлык товар экспорттолгон.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда соода балансынын терс сальдосу, башкача айтканда, соода дефицити 5 миллиард 765 миллион 595 миң долларды түзгөн. Эң чоң соода дефицити ушул өлкөлөр менен болду: Кытай − 2 миллиард 763 миллион 681 миң доллар, Россия 1 миллиард 395 миллион 453 миң доллар.

Комментарий: көрүнүп тургандай, Кыргызстан 2026-жылдын биринчи жарымында сырттан товарды абдан көп сатып алган, бирок чет өлкөлөргө саткан товары кыйла аз болгон. Айрыкча Кытай менен соодада импорт экспорттон бир топ жогору. Бул Кыргызстан саткан товарынан алда канча көп товар сатып алганын көрсөтүп турат. Импорттун көлөмү экспорттон 6 эседен ашат болду.

Мындай ири көлөмдөгү дефицит өлкөгө жана экономикага терс таасирин тийгизет. Өзгөчө товарларды импорттоодо бир гана өлкөгө, Кытайга гана басым жасоо кооптуу натыйжага алып келет. Себеби Кытайдан сатылып алынган товарлар жалпы импорттун 40 пайыздан ашыгын түзүүдө. Бул Кытайдан товар келбей калса, Кытайдагы баалар жогоруласа, логистика же соода саясаты өзгөрсө, Кыргызстандагы бааларга жана соодага заматта таасир эткен жагдайды жаратат.

Андан тышкары, импорт экспорттон жогору болушу өлкөдөгү туруктуу валюталардын чет өлкөгө чыгышына себеп болот. Анткени Кыргызстандын керектөөчүлөрү жана ишкерлери товар сатып алганда, акчанын олуттуу бөлүгү чет өлкөлүк өндүрүүчүлөргө кетет. Анын акыбетинде өлкөдө валюталарга муктаждык жаралат.

Чет өлкөдөн алынып келген арзан баадагы товарга ыңгайлашуу жергиликтүү өндүрүштүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Андыктан, бул абалдан чыгуу үчүн жергиликтүү өндөрүштү өнүктүрүү зарыл. Бирок, учурдагы тенденциялар импортко көз карандылыкка бекемдеп жатат. Себеби, бир тараптан аткаминерлердин коррупциясы жана ар кандай бюрократиялык талаптар ишкерлердин, өндүрүштүн алга жылуусуна тоскоолдук кылып жатат. Экинчи тараптан свет, суу жана башка ушул сыяктуу кызматтардын жогорулашы жергиликтүү продукциянын кымбат баада өндүрүлүшүнө алып келет. Өз кезегинде бул чет өлкөдөн келген арзан импортко атаандаштык жарата албайт.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button