Комментарий

УКМКнын каржылык автономиясы бекемделүүдө

УКМКнын каржылык автономиясы бекемделүүдө

Кыргызстандын Министрлер кабинети мамлекеттик органдар менен бюджеттик мекемелердин Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерине түшө турган каражаттардын тизмесин кеңейтти. Тактап айтканда, УКМКнын атайын эсебине мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо системасынан түшкөн каражаттар жана тышкы миграцияны эсепке алуу кызматтарынын кирешесинин бир бөлүгү топтолот.

Өзгөртүүлөрдүн олуттуу бөлүгү Транспорт жана коммуникация министрлигине тиешелүү. Анын астындагы мекемелердин жана ведомстволук уюмдардын атайын эсептерине атайын жана бөлүнбөс жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын автожолдор аркылуу жүрүүсү үчүн алынуучу жыйымдар, салмак-габариттик көзөмөл үчүн төлөмдөр, оор жана ири габариттүү унаалардын жолдорго келтирген зыянын жабуу үчүн төлөнүүчү каражаттар, ошондой эле бөлүнгөн тилкедеги жана жол жээгиндеги жерлерди ижарага берүүдөн түшкөн төлөмдөр чегерилиши мүмкүн.

Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу уюмдардан министрликтин борбордук аппаратына каражат чегерүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Комментарий:

Албетте, бул демилгелердин баары расмий түрдө техникалык-бюджеттик чара катары гана сунушталууда. Бирок сөз УКМК тууралуу болгондо, бул өзгөрүүлөрдүн саясий мааниси кыйла олуттуу мүнөзгө ээ боло баштайт. Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги учурунда УКМК катардагы атайын кызматтын чегинен чыгып, саясий жана экономикалык таасир борборлорунун бирине айланды. Комитеттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, ага мамлекеттик маалыматтык системаларга жетүү мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле ал активдерди алып коюу жана аларды мамлекетке кайтаруу, башкача айтканда, «кустуруу» саясатынын негизги куралына айланды.

Ташиев кызматынан кеткенден кийин мүлктү жана акча каражаттарын мамлекетке кайтаруу процессинде ыктымал мыйзам бузууларга жол берилгени жөнүндө жана ошол иштерди текшерүү зарылдыгы тууралуу ачык билдирүүлөр айтыла баштады. Мындай шартта, күч түзүмдөрүнө жана анын каржылык ресурстарына карата тышкы көзөмөлдүн күчөтүлөрү табигый эле. Бирок, иш жүзүндө тескери көрүнүш жүз берип жатканына күбө болуудабыз: УКМК мамлекеттик санариптик системаларга байланышкан жана жарандар менен бизнестин милдеттүү төлөмдөрүнөн түшкөн жаңы киреше булактарына ээ болууда.

Дал ушул жерде бир саясий суроо жаралат. Ташиев кызматтан кеткенине карабастан, анын алдында түзүлгөн УКМКнын күчтүү институционалдык түзүмү бузулган жок. Тескерисинче, анын каржылык көз карандысыздыгынын айрым элементтери сакталып гана калбастан, кеңейтилүүдө.

Демек, бул жерде «Ташиевдин моделин» бузуу аракети эмес, анын жеке таасирин, башкача айтканда, мекемеге карата анын жеке таасирин жок кылуу процесси жүрүп жаткандай. Ал эми, комитеттин күчтүү таасир этүүчү куралф сакталып калууда, бирок мындан баштап ал президенттик вертикалдын катуу көзөмөлүнө алынып жатат. Ошондуктан азыр УКМКга канча каражат түшүп жатканына гана эмес, бул каражаттардын андан ары кайда багытталып жатканына көңүл буруу алда канча маанилүү. Тактап айтканда, алар кайсы ведомстволук түзүмдөргө, кайсы подрядчыларга жана кандай сатып алууларга багытталып жатканы маанилүү.

Ал эми бул көзөмөл жабык, же формалдуу гана мүнөзгө ээ болуп калса, жаңы атайын эсептер каржылоонун техникалык куралы гана болбостон, күч вертикалынын каржылык көз карандысыздыгын камсыз кылган кошумча каналга айланып кетиши мүмкүн.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button