Мусулмандар сансыз жолдор аркылуу зулумга дуушар болушту, алардын атынан ким кайрылат?

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Мусулмандар сансыз жолдор аркылуу зулумга дуушар болушту, алардын атынан ким кайрылат?
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Бари китебинде “өз мүлкүн коргоо үчүн согушкан адам” жөнүндөгү бөлүмдө мындай деп айтылат:
حدثنا عبد الله بن يزيد حدثنا سعيد هو ابن أبي أيوب قال: حدثني أبو الأسود عن عكرمة عن عبد الله بن عمرو رضي الله عنهما قال: سمعت النبي صلى الله عليه وسلم يقول: “من قتل دون ماله فهو شهيد“
Бизге Абдулла бин Язид Абдулла бин Амрдан (Аллах экөөнө тең ыраазы болсун) риваят кылып айтты: Мен Пайгамбардын ага Аллахтын салам-салаваттары болсун: “Ким өз мүлкүн коргоп жатып өлтүрүлсө, ал шейит болот”, – деп айтканын уктум.
Урматтуу бир туугандар:
Аллах Таала ааламды, адамды жана тирүүлүктү жаратып, адамдын жашоосу үчүн жолдорду жаратып, Өз өкүмдөрүндө адилеттүүлүктү негиз кылган. Ал адилетсиздикке тыюу салып, аны менен катуу күрөшкөн. Ислам жөнүндө окуган адам бул маанилерди түшүнөт жана Аллах Таала киши өлтүрүүнү кандай оор кылмыш катары санаганын көрөт!
Эй мусулмандар:
Бүгүнкү күндө биз көрүп жана угуп жаткан киши өлтүрүүлөр адамзатты уятка калтырган иш, дүйнөнүн Чыгышында да Батышында да куфрлук жайылып, куфр башкаруучулары мусулмандардын башкаруучулары аркылуу бул үммөткө уу тырмагын матырды. Анын кылмыштары атайын жана системалуу түрдө болуп калды. Ооба, киши өлтүрүү биздин үйлөргө чейин кирип келди. Коңуздар, таракандар жана келемиштер арстандын ийининде кыйроолорду жаратышты… ал эми мусулмандар сансыз жолдор аркылуу зулумдун даамын татышты…
Эй мусулмандар:
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) менен союздаш болгон Хузаа уруусунун башчысы Амр бин Саалим Курайштын союздаштары Бану Бакр аларга чыккынчылык кылып, чабуул жасаган. Курайш аларга бул жагынан жардам берген. Амр Аллахтын Элчисине, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, арызданып, андан жардам суроо үчүн келди. Аллахтын Элчиси, (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) мындай деди: “Сага жардам берилди, эй Амр бин Саалим”. Кийин Мекке фатх болду…
Эй аскерийлер!
Халифалык мамлекети тикелениши үчүн, бул үммөткө кайрылып: “Эй, үммөт, силерге жардам берилди”, – деп ким айтат?!
Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахмы, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 21–робиул аввал.
2026-ж, 3–сентябрь.

