Кабар

Инвесторлорго мамлекеттик жерди аукционсуз берүү сунушталууда

Инвесторлорго мамлекеттик жерди аукционсуз берүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети инвестициялык долбоорлор үчүн мамлекеттик жана муниципалдык жер тилкелерин берүүнүн жаңы тартибин караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунда инвесторлорго жерди аукцион өткөрбөстөн, инвестициялык келишимдин негизинде берүү каралган. Жерди пайдалануунун баштапкы мөөнөтү 10 жылга чейин болуп, кийин узартылышы мүмкүн. Жалпы мөөнөт 50 жылга чейин жетет.

Энергетикалык долбоорлор үчүн жерди 49 жылга чейин дароо берүү сунушталган. Бирок депутаттар буга каршы чыгып, баштапкы мөөнөттү 25 жыл кылып, зарыл болсо кийин узартууну сунушташты. Мыйзам долбоорунун авторлору депутаттардын бул сунушун эске алышарын билдиришти.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button