Роя гезити

Британия Нетаньяху өкмөтүнө санкция киргизүү үчүн Европа коалициясын жетектөөдө

Британия Нетаньяху өкмөтүнө санкция киргизүү үчүн Европа коалициясын жетектөөдө

Британиянын ондогон жылдардан бери яхудий түзүмүнө каршы, символикалык болсо да, ачык санкцияларды киргизүү максатында Европа мамлекеттеринин тобун жетектегени сейрек кездешчү окуя. Анткени Британия яхудий түзүмү менен мынчалык ачык кагылышууга көнгөн эмес. Көбүнчө яхудий түзүмүнүн өзү кабыл албаган аракеттерин дипломатиялык каражаттар жана услубдар менен чечүүгө аракет кылып, алардын ортосунда эч кандай ачык кагылышуу көрүнчү эмес. Бирок бул жолу Нетаньяху өкмөтүнүн аракеттери Британия үчүн чыдагыс деңгээлдеги ашкере чектен чыгууга жеткендей. Британия өзүн дагы эле Палестина үчүн тарыхый жактан жооптуу деп эсептейт жана яхудий түзүмүндөгү ашкере оңчулдар анын көз карашындагы кызыл сызыктарды буза баштаганын сезди. Бул аны сионисттик оңчул агымды токтотуу жана анын Палестинадагы саясий вакыйлыкты түп-тамырынан өзгөртүшүнө жол бербөө үчүн чечкиндүү жана ачык позицияны карманууга түрттү.

Британияны өзүнүн сабырдуулугунан жана дипломатиялык мамилесинен чыгарган нерсе — Нетаньяху өкмөтүнүн «E1 долбоору» деп аталган долбоорду ишке ашыра башташы болду. Яхудий түзүмүнүн мурдагы өкмөттөрү Британия менен Европанын басымынан улам бул долбоорду ишке ашыруудан оолак болуп келишкен. Бирок бул жолу Нетаньяху өкмөтү өзүнүн ашкере көз караштагы мүчөлөрүнүн түрткүсү менен эрдик кылып, долбоорду биринчи жолу практикалык кадамдар менен ишке ашыра баштады. Ал E1 аймагында 1200 турак жай бирдигин куруу үчүн тендер жарыялады. Бул Британиянын нааразылыгын жаратып, аны яхудий түзүмүнө каршы ачык санкцияларды киргизүүгө түрттү.

Британия өзүнүн айланасына Франция, Испания, Дания, Швеция, Норвегия, Финляндия, Ирландия, Исландия, Португалия, Польша жана Канада баш болгон 12 мамлекетти топтоду. Бул санкциялар отурукташуу конуштарында өндүрүлгөн товарларды импорттоого тыюу салууну, ошондой эле отурукташуу конуштарын курууну каржылоого тиешеси бар компанияларга жана жеке адамдарга санкция киргизүүнү камтыйт. Бул мамлекеттер санкциялардын киргизилишин курулуш боюнча тендердин жарыяланышы менен байланыштырышты. Мындан тышкары, санкция киргизүүнүн башка себептери да айтылды, бирок алардын мааниси E1 долбооруна караганда азыраак. Алардын арасында отурукташкандардын Палестина элине каршы зомбулугунун күчөшү жана Нетаньяху өкмөтүнүн отурукташкандар тарабынан аларга каршы жүргүзүлүп жаткан этникалык тазалоону түздөн-түз колдоосу бар.

Санкциялар жеңил көрүнгөнү менен, алардын символикалык мааниси өтө жогору. Алар яхудий түзүмүнө олуттуу билдирүүлөрдү жөнөтүп, аны кабыл алынган чектерден ашпоого эскертүүдө жана Батыш жээкти бөлүп-жарып, аны өз ара байланышы бар Палестина түзүмүн түзүү кыйын болгон аймактарга бөлүү аракеттерин токтотууну талап кылууда. Мунун максаты — палестиналыктардын Палестина мамлекетин түзүүгө болгон укугу жөнүндөгү идеяны жандуу бойдон сактап калуу же алар айткандай, эки мамлекет чечимин ишке ашыруу, ошондой эле Палестина элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугунун эң төмөнкү чегин болсо да чагылдырган автономиялуу башкаруу аймагын түзүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу.

Британия яхудий түзүмүнө каршы риторикасын байкаларлык түрдө күчөттү. Анын тышкы иштер министри Эд Милибэнд: «зраиль) өкмөтү отурукташкандар жүргүзүп жаткан этникалык тазалоого көз жумуп жатат», — деди. Ал отурукташкандардын аракеттерин «этникалык тазалоо» деп сыпаттап: «Биз жөн гана карап туруучу болуудан баш тартабыз», — деди.

Британиянын мындай кескин билдирүүлөрүнүн натыйжасында яхудий түзүмү Британияга карата катуу реакция кылып, Кудс шаарынын чыгышындагы Британия консулдугун жабууну жана британ дипломаттарынын аккредитациясын отуз күндүн ичинде жокко чыгарууну чечти.

Ал эми Америкага Британия Нетаньяху өкмөтүнө каршы санкция киргизүү чечими тууралуу алдын ала кабарлаган. Яхудий түзүмүндөгү 12-канал анын журналисттеринин бири Барак Равидге таянып, америкалык расмийлердин мындай дегенин кабарлады: «Трамп администрациясы Британиянын зраилге) санкция киргизүү кадамына каршы болгон жок. Биз бул санкция кадамын колдобосок да, Нетаньяхунун Батыш жээктеги саясатына байланыштуу нааразычылыгыңарды бөлүшөбүз». Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио болсо: «Биз аймакта туруксуздукту жарата турган эч нерсени каалабайбыз…» — деди.

Британия менен Европа мамлекеттеринин яхудий түзүмүнө каршы санкцияларынын максаты, албетте, Палестина элине адилеттүүлүк орнотуу эмес. Анын максаты — Британиянын Жакынкы Чыгыштагы таасирин сактап калуу, Америка менен катар аймактагы ролун улантуу жана Британиянын саясатын жалпысынан Батыштын аймактагы стратегиясынын коопсуздук клапанына айлантуу. Ошондуктан ал бул санкцияларды киргизүү аркылуу Нетаньяху өкмөтүнүн кулашына жана яхудий түзүмүндө өтө турган алдыдагы шайлоодо жаңы саясатчылардын ийгиликке жетишине үмүт артууда. Муну менен Республикалык партиядагы евангелисттер арасында колдоо тапкан, бирок башка мамлекеттерде колдоо таппаган отурукташкандардын саясатынан баш тартууга жетишүүнү көздөп жатат.

Ал эми исламий өлкөлөрдөгү азыркы режимдер аларды курчап турган стратегиялык коркунучтарга жана яхудий түзүмүнүн аларга каршы текебердиги менен менменсинүүсүнө каршы эмне кылып жатышат? Алар адаттагыдай айыптоо жана нааразылык билдирүүдөн же таасирдүү мамлекеттердин чечимдерин колдоп, кубаттоодон ары өтүшкөн жок. Түркия, Пакистан, Египет, Саудия, Катар, Иордания жана Бириккен Араб Эмираттары баш болгон сегиз негизги мамлекет Британия менен Европанын санкцияларын кубатташты. Анткени бул мамлекеттер билдирүү таратуудан башка эч нерсе кыла алышпайт. Өздөрүнүн саясатын таасирдүү кылып, эбегейсиз аскерий жана экономикалык күчтөрүн пайдаланып, жок дегенде яхудий түзүмүнө өздөрү санкция киргизүүнүн ордуна, башка мамлекеттердин ага каршы санкцияларын кубаттап жатышат. Кудум бул маселенин аларга эч кандай тиешеси жоктой!

Колонизатор мамлекеттердин санкцияларына таянуу мусулмандарды Америка менен яхудий түзүмүнүн кысымы астында калуудан жана Британия менен Европа мамлекеттеринин тымызын кутумчул тузактарынан куткара албайт.

Исламий Үммөт коркунучтарды четтетүүдө жана душмандарына каршы турууда өзүнө таянышы керек. Ал муну өз күчтөрүн анын бүтүндүгүн коргогон жана андан тышкы жана ички коркунучтарды четтеткен бирдиктүү вужудга бириктирүү аркылуу гана ишке ашыра алат.

Роя гезити

Абу Хамза аль-Хатвани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button