Сиси Кинана аскерин колонизатор каапырларга жоомарттык менен сунуштап, мусулмандардан аяп жатат!

Сиси Кинана аскерин колонизатор каапырларга жоомарттык менен сунуштап, мусулмандардан аяп жатат!
Египеттин президенти Сиси шейшемби күнү, 22–сентябрда Грециянын коргоо министри Николаос Дендиас жана Кипрдин коргоо министри Василис Палмас менен үч мамлекеттин ортосундагы коргонуу, коопсуздук жана аскерий кызматташтыкты күчөтүүнүн жолдорун талкуулады.
Эки өзүнчө жолугушуунун жүрүшүндө Сиси Египет, Греция жана Кипрдин ортосундагы үч тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул кызматташтык «Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагында тынчтыкты, туруктуулукту жана биргелешкен өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган аймактык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсүнө айланды» деп эсептээрин билдирди.
Египеттин президенттик администрациясы жарыялаган билдирүүдө Сиси Египетти Кипр жана Греция менен байланыштырган эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн белгилегенин айтты. Ошондой эле ал алардын ортосундагы учурдагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетип, аны ар түрдүү тармактарда, өзгөчө коопсуздук жана аскерий тармактарда кеңири деңгээлге көтөрүү зарылдыгын баса белгилеп, мунун баары алардын элдеринин орток умтулууларын ишке ашырууга кызмат кыларын айтты.
Ал эми Грециянын коргоо министри Египет менен Грециянын терроризмге каршы күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюуда кызматташуусун жана координациясын улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Сиси режими аймактагы өзүнүн ролун кандай кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатканына назар салган адам анын жасап жаткан күнөөсүнүн канчалык чоң экенин көрөт. Исламий өлкөлөр колонизатор каапырлар — Америка, Британия, яхудий вужуду жана башкалар тутанткан согуштардын, кыйроолордун жана кырсыктардын ичинде толкуп жатат. Египеттин өзү да яхудий вужуду тутанткан жана дагы эле отун салып, жалынын күчөтүп жаткан согуштар алоолонгон аймактын так ортосунда жайгашкан.
Анын оң тарабында жараланган, кыйратылган Газа турат. Ал жерде яхудий вужуду үч жылдан бери эң жийиркеничтүү кылмыштарды жана эң үрөй учурган кыргындарды жасап, анын калкын көчүрүп жиберүү менен коркутуп келет. Батышында болсо Ливиядагы кармашып жаткан тараптардын ортосунда айыгышкан согуш жүрүүдө. Анын отуну адамдар жана өлкөнүн байлыктары болуп, ал эми максаты өлкөнү Америка менен Британиянын таасир аймактарына бөлүштүрүү болуп жатат. Түштүгүндө Суданда жаш-карыны, бар-жокту жалмап жаткан согуш жүрүүдө. Мунун максаты Америка мурда Түштүк Суданды бөлүп чыгаргандай эле, Дарфурду Судандан бөлүп чыгаруу боюнча өзүнүн кара ниет максаттарын ишке ашыруу жана бүтүндөй өлкө Американын таасири астында калышын камсыз кылуу.
Ага жакын жерде Йеменде таасир талашкан Америка менен Британиянын күрөшүндө аймактык жана жергиликтүү куралдар ортосунда согуш жүрүп жатат. Ошондой эле бул Американын Иранга каршы согушунун уландысы болуп саналат. Ал жерде чоң согуш тутанып кетүү алдында турат. Ага Түркия менен Пакистан да Американын Иранга каршы согушуна жардам берүү үчүн түзүлгөн Мекке альянсы деген шылтоо менен кошулушу мүмкүн.
Бул аймактагы көрүнүштүн бир гана бөлүгү. Ал болсо бардык исламий өлкөлөрдөгү андан да чоң көрүнүштүн бир бөлүгү гана. Ушул бардык кырсыктардын, балээлердин жана коркунучтардын ортосунда Сиси режими колонизатор Грецияга жана грек Киприне колдоо көрсөтүүгө убакыт таап жатат. Ал Египеттин армиясын, анын мүмкүнчүлүктөрүн жана тажрыйбасын Греция менен грек Киприне кызмат кылууга сунуштап жатат. Ал эми грек Кипри аймакта яхудий вужудунун союздашы жана мусулман өлкө болгон Түркиянын душманы.
Ошентип, ал бул күчтөрдү колонизатор каапырларга марттык менен сунуштап, мусулмандардан аяп жатат. Анда Египеттин армиясына жана анын мүмкүнчүлүктөрүнө ким көбүрөөк акылуу: үч жылдан бери жараатынан онтоп, яхудийлердин колунан көрүп жаткан кыргындан куткаруу үчүн үммөттөн жардам сурап келе жаткан Газабы, же яхудий вужудуна достук кылып, мусулмандарга душмандык кылып жаткан Грециябы?!
Египеттин жана анын армиясынын жардам беришине ким көбүрөөк акылуу: Америкага малай болгон эки тараптын ортосунда атайын чыгарылган согуштун айынан ачарчылыктан, өлтүрүүдөн жана жер которуудан азап чегип, жардам сурап жаткан Судан жана анын элиби, же Иракты, Афганистанды, Сирияны, Ливияны жана башка өлкөлөрдү талкалаган Американын альянсы — НАТОго мүчө Грециябы?!
Египеттин армиясына ким көбүрөөк акылуу: анын элине жардам берип, андагы Америка жана Британия колонизаторлугунун жана алардын куралдарынын тамырын кырккан Ливиябы, же мусулмандарга душмандыгын жана Америкага достугун ачык билдирген Грециябы?!
Каражаттарга, аракеттерге жана чыгымдарга ким көбүрөөк акылуу: Сисинин саясатынын, анын адамдарынын коррупциясынын жана өлкөнү талап-тоноосунун айынан өтө жакырчылыктан азап чегип жаткан Египет элиби, же Грециянын коопсуздугу жана колонизаторлордун кызыкчылыктарыбы?!
Мындан тышкары, Грециянын коргоо министри Египет менен Грециянын терроризмге каршы күрөштөгү кызматташтыгы жана координациясы деп сыпаттаган нерсе да бар. Ал эми бул «терроризм» деген сөз менен мусулмандардын акимдери жана Батыш Исламды назарда тутаары баарына белгилүү.
Ислам душмандар менен кызматташууну жана аларга таянууну харам кылды. Ошондой эле мусулмандар менен каапырлардын ортосундагы аскерий альянстарды да харам кылды. Себеби мындай альянстар мусулманды каапырдын кол башчылыгы астында жана куфр роясы астында согушууга, ошондой эле куфр вужудунун сакталып калышы үчүн согушууга алып барат. Мунун баары харам. Мусулман адам мусулман кол башчынын жетекчилиги астында жана Ислам роясы астында гана согушушу керек.
Сахих хадисте каапырлардын роясы астында жана алардын кол башчылыгы астында согушууга тыюу салынган. Ахмад жана Насаи Анастан (разияллаху анху) риваят кылышат, Расулуллах ﷺ айтты:
«لَا تَسْتَضِيئُوا بِنَارِ الْمُشْرِكِينَ»
«Мушриктердин отунан жарык албагыла».
Башкача айтканда, мушриктердин отун өзүңөргө жарык кылбагыла. Бул жердеги «от» согушту туюнтат.
Аскерий альянстар ошондой эле каапырлардын өз вужудун сактап калган абалда мусулмандар менен бирге согушуусуна алып келет, башкача айтканда, алар жеке адамдар катары эмес, мамлекет катары согушат. Расулуллах ﷺ каапырлардан вужуд катары жардам алууга тыюу салган. Даххактан (разияллаху анху) риваят кылынган хадисте мындай келет:
«أن رسول الله ﷺ خرج يوم أُحد فإذا كتيبة حسناء أو قال خشناء فقال: مَنْ هَؤُلَاءِ؟ قالوا: يهود كذا وكذا. فقال: لَا نَسْتَعِينُ بِالْكُفَّارِ».
«Расулуллах ﷺ Ухуд күнү чыкканда бир жакшы куралданган же “күчтүү” деген кошуунду көрүп: “Булар кимдер?” — деп сурады. Алар: “Баланча-баланча яхудийлер”, — дешти. Ошондо ал ﷺ: “Биз каапырлардан жардам албайбыз”, — деди».
Демек, каапыр мамлекеттер менен аскерий альянс түзүү шаръий жактан харам жана мындай альянс түзүлбөйт. Мусулман үчүн харбий каапырды коргоо жолунда өз канын төгүү адал эмес. Тескерисинче, мусулман адамдар Исламга кириши үчүн алар менен согушат.
Сисинин жасап жаткан иши — саясий ката жана шаръий кылмыш. Анткени ал өлкөнүн армиясын колонизатор каапырлардын кызыкчылыктары үчүн пайдаланууда жана үммөттүн душмандары менен кызматташып, альянс түзгөнү менен мактанууда. Ошол эле учурда мусулмандарга жана алардын маселелерине жардам берүүдөн артка чегинип, кайдыгерлик кылууда. Аллах Таала айтат:
﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾
«Шек-күмөнсүз момундар — бир туугандар».
(Хужурат: 10).
Мына ушул нерсе Кинана армиясындагы калыс адамдардан Египетти Сисиден жана анын режиминен куткаруудагы өз милдетин аткарууга бел байлоону жана Египетти Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыктын таяныч чекитине айлантууну талап кылат. Анткени ийгилик мына ушунда.
Роя гезити
Саид Фадл




