Сакофий

Демократиянын чыныгы мааниси туралуу

Демократиянын чыныгы мааниси туралуу
Суроо:
«Халифалык мамлекетинин жихазы» китебинин 16-бетинде (кырг. 14-б.): ««Исламдагы башкаруу түзүмү чыныгы маанидеги демократия да эмес» деген сөз айтылган. Бул сүйлөмдө кандайдыр бир түшүнүксүздүк бардай… «чыныгы маанидеги» деп айтуунун кандай пайдасы бар? Түшүндүрүп берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Аллах сиздерге жакшылык берсин.
Жооп:
«Халифалык мамлекетинин жихазы» китебинин 16-бетинде төмөнкүлөр айтылган:
«Исламдагы башкаруу түзүмү чыныгы маанидеги демократия да эмес т.а. мыйзам чыгарууну, нерселердин адал жана арамдыгын, жагымдуу (хусн) жана жагымсыздыгын (кубх) белгилөөнү шарият өкүмдөрүнө баш ийбей, «эркиндик» деген нерсе аркылуу элге берип койгон демократия эмес. Мусулмандар чыныгы маанидеги демократияны кабыл албашын кафирлер абдан жакшы билишет. Ошондуктан, колонизатор кафир мамлекеттер – бүгүнкү күндө, айрыкча Америка – мусулман өлкөлөрүнө демократияны алдоо жолдору менен киргизүүгө урунуп, мусулмандарды адаштыруу үчүн «демократия – бул акимди шайлоо механизми» деп мусулмандардын туйгулары менен ойношуп жатканын көрөсүң… жана кафирлер андагы негизги нерсени т.а. мыйзам чыгарууну, адал-арамды белгилөөнү Аллага эмес, адамга берүү экендигин ороп-бекитишти… Ал эми, демократиянын чыныгы мааниси болсо өкүмдарлыкты элге берүү болуп, калк көпчүлүктүн райы менен каалагандай мыйзам чыгарып, нерселерди адал-арам кылып, аларды жагымдуу жана жагымсыз деп белгилейт. О.э. адам эркин болуп, каалаган ишин кылат, демократия жана эркиндиктер деген наам астында арак да иче берет, зынаа да кыла берет, муртад да боло берет, ыйык нерселерди да акаараттай берет. Демократиянын мазмуну, вакыйы жана акыйкаты мына ушундай. Ошондой болгон соң, Исламга ыйман келтирген мусулман «демократия жайиз» же «демократия Исламдан» дешке кантип батына алат?! Ал эми, Үммөттүн акимди т.а. халифаны шайлоо маселесине келсек, буга насста далил бар…» Цитата аяктады.
Мындан көрүнүп тургандай, «чыныгы маанидеги» деп айтуудан демократиянын чыныгы терминдик маанисин, алар демократия деп жайылтып жаткан «шайлоо» маанисинен айырмалоо максат кылынган. Анткени айрымдар демократияны шайлоо жараяны деп ойлошот. Бирок бул демократиянын чыныгы мааниси эмес.
Ал эми акимди шайлоо жана ага байъат берүү Исламда Батыш муну тааныганга чейин эле кылымдар бою бар болгон…
02.10.2011

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button