Сакофий

Мамлекеттен насыя алуунун өкүмү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо–жооп

Мамлекеттен насыя алуунун өкүмү

Хичем Хаббесиге

Суроо: Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баркаатуху.

Мен Кудуреттүү Аллахтан ислам үммөттүнө жеңиш жана күч-кубат берүүсүн жана муну тезирээк ишке ашыруусун, ошондой эле урматтуу шейхибизге ден соолук, бакубатчылык жана коопсуздукту берүүсүн суранам.

Тунис өкмөтү калктын аярлуу катмарына пайызсыз насыя алууга мүмкүндүк берүү менен насыяларды жеңилдетүү программасын жарыялады. Мусулмандар мындай насыяларды ала алышабы же насыянын пайызы 0% болсо дагы, банктар менен иштешүүгө таптакыр уруксат берилбейби? Аллах сизге жакшылыгын берип, илимиңизди арттырып, жеңишке жеткирсин.

Жооп:

Уа алайкум ассалам уа рахматуллооху уа баркатуху.

Биринчиден: Пайызсыз карыз алуу муктаж болгондор үчүн уруксат берилет жана бул учурда насыя берүүчүгө Аллахтын изни менен сооп берилет. Буга төмөнкүлөрдү далил катары келтирүүгө болот:

1. Карыз берүүчүгө берилүүчү сыйлык жөнүндө Муслим риваят кылган… Абу Хурайрадан, Аллах андан ыраазы болсун, ал мындай деген: Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун айтты:

«مَنْ نَفَّسَ عَنْ مُؤْمِنٍ كُرْبَةً مِنْ كُرَبِ الدُّنْيَا نَفَّسَ اللَّهُ عَنْهُ كُرْبَةً مِنْ كُرَبِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ وَمَنْ يَسَّرَ عَلَى مُعْسِرٍ يَسَّرَ اللَّهُ عَلَيْهِ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ»

“Кимде-ким момунду дүйнө кыйынчылыктарынын биринен куткарса, Аллах аны Кыямат күнүндөгү кыйынчылыктардын биринен куткарат. Кимде-ким кыйынчылыкта турган адамдын ишин жеңилдетип берсе, Аллах ага бул дүйнөдө да, акыретте да жеңилдик берет”.

وكذلك أخرج ابن ماجه في سننه… عَنِ ابْنِمَسْعُودٍ أَنَّ النَّبِيَّ ﷺ قَالَ: «مَا مِنْ مُسْلِمٍ يُقْرِضُ مُسْلِماً قَرْضاً مَرَّتَيْنِ إِلَّا كَانَ كَصَدَقَتِهَا مَرَّةً»

Ошондой эле, Ибн Мажа өзүнүн “Сунанында…” Ибн Масуддун риваятында Пайгамбардын, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, мындай дегенин риваят кылган:

“Кайсы бир мусулман экинчи бир мусулманга эки жолу карыз берсе, ал бир жолу садака бергендей болот”.

2. Муктаж адамга карыз берүүнүн жайыздыгына келсек:

أخرج مسلم… عن أبي رافع رضي الله عنه «أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ اسْتَسْلَفَ مِنْ رَجُلٍ بَكْراً فَقَدِمَتْ عَلَيْهِ إِبِلٌ مِنْ إِبِلِ الصَّدَقَةِ فَأَمَرَ أَبَا رَافِعٍ أَنْ يَقْضِيَ الرَّجُلَ بَكْرَهُ فَرَجَعَ إِلَيْهِ أَبُو رَافِعٍ فَقَالَ: لَمْ أَجِدْ فِيهَا إِلَّا خِيَاراً رَبَاعِياً. فَقَالَ: أَعْطِهِ إِيَّاهُ، إِنَّ خِيَارَ النَّاسِ أَحْسَنُهُمْ قَضَاءً»

А. Муслим Абу Рафиден, Аллах андан ыраазы болсун, риваят кылган… “Аллахтын Элчиси, Аллахтын ага салам-салаваттары болсун, бир кишиден жаш төө карызга алган, анан ага садака (зекеттен) төөлөрүнөн бир нече төөлөр келген, ошондуктан ал Абу Рафиге ал кишиге жаш төөсүн кайтарып берүүнү буйруган. Абу Рафи ага кайтып келип: “Мен алардын арасынан төрт жашар жакшы төөдөн башка эч нерсе тапкан жокмун, – деди. Ошондо ал: Ага бер, анткени адамдардын эң жакшысы – кайтарып берүүдө эң жакшы болгондор”, – деди.

وأخرج النسائي… عَنْ إِسْمَاعِيلَ بْنِ إِبْرَاهِيمَ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ أَبِي رَبِيعَةَ عَنْ أَبِيهِ عَنْ جَدِّهِ قَالَ: «اسْتَقْرَضَ مِنِّي النَّبِيُّ ﷺ أَرْبَعِينَ أَلْفاً فَجَاءَهُ مَالٌ فَدَفَعَهُ إِلَيَّ وَقَالَ: بَارَكَ اللَّهُ لَكَ فِي أَهْلِكَ وَمَالِكَ، إِنَّمَا جَزَاءُ السَّلَفِ الْحَمْدُ وَالْأَدَاءُ»

Б. Насаи риваят кылган… Исмаил ибн Ибрахим ибн Абдулла ибн Абу Рабиадан, анын атасынан, анын чоң атасынан риваят кылган, ал айтты: “Пайгамбар, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, менден кырк миң карыз алды, анан ага акча келди, ал мага берип: Аллах сага үй-бүлөңө жана байлыгыңа береке берсин. Карыздын сыйлыгы – бул мактоо айтуу жана жакшы кайтаруу ”, – деди.

3. Эгерде карыз алуу муктаждык үчүн болсо жана Ислам шариятына ылайык уруксат берилген болсо, анда Аллах Таала ага маселени жеңилдетүү менен аны кайтарып берүүгө жардам берет:

Аль-Бухари… Абу аль-Гайстан, Абу Хурайрадан, Аллах андан ыраазы болсун, Пайгамбарыбыздын, Аллахтын ага салам-салаваттары болсун, мындай дегенин кабарлайт:

أخرج البخاري… عَنْ أَبِي الْغَيْثِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ ﷺ قَالَ: «مَنْ أَخَذَ أَمْوَالَ النَّاسِ يُرِيدُ أَدَاءَهَا أَدَّى اللَّهُ عَنْهُ، وَمَنْ أَخَذَ يُرِيدُ إِتْلَافَهَا أَتْلَفَهُ اللَّهُ».

“Кимде-ким адамдардын акчасын кайтарып берүү ниетинде алса, Аллах анын ордуна кайтарып берет (кайтарып берүүгө жардам берет), ал эми ким аны жок кылуу ниетинде алса, Аллах аны жок кылат”.

أخرج أحمد في مسنده.. عَنْ رَجُلٍ عَنْ مَيْمُونَةَ بِنْتِ الْحَارِثِ قَالَتْ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ يَقُولُ: «مَنِ اسْتَدَانَ دَيْناً يَعْلَمُ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ مِنْهُ أَنَّهُ يُرِيدُ أَدَاءَهُ أَدَّاهُ اللَّهُ عَنْهُ» أي يعينه الله في سداده.

Б. Ахмад өзүнүн Муснадында бир кишинин риваятына таянып, Маймуна бинт аль-Харис мындай деген: Мен Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун, мындай деп айтканын уктум: “Ким карыз алса жана Аллах Таала анын кайтарып берүүнү ниет кылганын билсе, Аллах аны кайтарып берет”. Башкача айтканда, Аллах ага кайтарып берүүгө жардам берет.

Экинчиден: Сүткорлукка келсек, ага катуу тыюу салынган:

قال تعالى: ﴿الَّذِينَ يَأْكُلُونَ الرِّبَا لَا يَقُومُونَ إِلَّا كَمَا يَقُومُ الَّذِي يَتَخَبَّطُهُ الشَّيْطَانُ مِنَ الْمَسِّ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا﴾ البقرة.

А. Аллах Таала айтты: Сүткордуктан жегендер [Кыямат күнү] шайтан уруп жинди кылган адамдай гана турушат. Бул алардын: “Соода да сүткордук сыяктуу”, – дегени үчүн. Бирок, Аллах сооданы адал, ал эми сүткордукту арам кылган” (Бакара 2:277).

قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ * فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لَا تَظْلِمُونَ وَلَا تُظْلَمُونَ﴾ البقرة

Аллах Таала айтты: “Эй, ыйман келтиргендер, Аллахтан корккула жана эгер ыймандуу болсоңор, пайыздан калганын таштагыла. Эгер андай кылбасаңар (пайыздан алганды токтотпосоңор), анда Аллах жана Анын элчиси тарабынан [силерге каршы] согуш жарыяланат. Эгер тообо кылсаңар, негизги капиталыңар силердики – ошондо силер зулумдук кылбайсыңар жана силерге зулумдук кылынбайт” (Бакара 2:278).

Үчүнчүсү: Насыя алуу жана төлөө:

А. Эгерде насыя өкмөттөн, мисалы, Финансы министрлигинен же анын ведомстволорунан алынса, анда сиз насыя алуу үчүн арыз бересиз жана ал бекитилет, ошондуктан сиз насыяны белгилүү бир мөөнөттө, эч кандай пайызсыз (сүткорлуксуз) өкмөттүк ведомстволорго кайтарып берүү шарты менен аласыз. Эгер ошондой болсо, анда ага уруксат берилет.

А. Эгерде насыя мамлекеттик банктан алынса жана сиз аны мамлекеттик банкка эч кандай көбөйүүсүз (сүткорлуксуз) кайтарып берсеңиз, анда ал да жайиз.

Б. Эгерде насыя сизге мамлекет тарабынан акционердик коом эмес, жеке банк аркылуу берилсе жана сиз аны ошол банкка эч кандай көбөйүүсүз (сүткорлуксуз) кайтарып берсеңиз, анда ага уруксат берилет.

В. Бирок, эгерде насыя сизге мамлекет тарабынан банк (акционердик коом) аркылуу берилсе жана сиз насыяны ушул банкка кайтарып берсеңиз, анда ага уруксат берилбейт, анткени акционердик коомдун келишими жараксыз, ошондуктан аны менен иштөөгө уруксат берилбейт.

Жыйынтыктап айтканда, мен Аллах Тааладан силерге адал жана жакшы ырыскы берүүсүн суранам.

﴿إِنَّ اللَّهَ هُوَ الرَّزَّاقُ ذُو الْقُوَّةِ الْمَتِينُ “Чындыгында, Аллах – ырыскы берүүчү, күч-кубаттын ээси“.

Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рушта.

1448-х, 13-жумаадил уула.

2026-ж, 24-октябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button