Өкүмдарлыкты сүйүү түшүнүгү туралуу

Өкүмдарлыкты сүйүү түшүнүгү туралуу
Суроо:
«Хизб ут-Тахрирдин саясий түшүнүктөрү» китебинин 54-бетинде (кырг. 46-б.) «Мамлекеттер ортосундагы күрөштүн себептери» деген темада төмөнкүдөй айтылган:
«Тарых таңы аткандан баштап, кыямат күнүнө чейин мамлекеттер ортосунда эки себептин негизинде гана күрөш чыгат. Бири – өкүмдарлык жана менменсинүүгө болгон сүйүү, экинчиси – материалдык пайдалар артынан кууш. Жогоруда аталган сүйүү: улут жана элинин өкүмдарлыгына, менменсинүүсүнө болгон сүйүү о.э. мабда өкүмдарлыгына жана аны жаюуга болгон сүйүү болуп экиге бөлүнөт. Мисалы, Германия нацизми менен Италия фашизминде улут өкүмдарлыгы сүйүүсү болсо, Ислам мамлекетинде 1300 жылга жакын, коммунизм мамлекетинде болсо өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында кулаганга чейин 30 жыл аралыгында мабда өкүмдарлыгы сүйүүсү болгон».
Биз Ислам мамлекетинин башка мамлекеттер менен болгон күрөшү мабданын өкүмдарлыгын сүйүүдөн келип чыкпасын билебиз. Анткени өкүмдарлыкты сүйүү бако гарыйзасынын көрүнүштөрүнүн бири. Ал эми Ислам мабдасын жаюу жана аны сүйүүбүз бако гарыйзасынан келип чыкпайт. Тескерисинче, ал Аллахтын буйруктары жана кайтарууларынан келип чыгат, башкача айтканда, тадайюн гарыйзасына байланыштуу.
Анда эмне үчүн биз муну тадайюн гарыйзасы себебинен дебестен, бако гарйызасы себебинен деп айттык? Анткени Ислам мамлекети үчүн эл аралык күрөш Исламды жаюу үчүн болот эмеспи?
«Саясий түшүнүктөр» китебинде келген бул маселени түшүндүрүп берүүңүздү өтүнөм. Аллах сизге жакшылык берсин.
Жооп:
Кыязы, суроо берген адам инстикттеги көрүнүштү туура эмес түшүнүп, аны мамлекетке да тиешелүү деп ойлоп алган. Ошондуктан «мабданын өкүмдарлыгын сүйүү…» деген сүйлөм бако гарыйзасынын көрүнүшүн билдирет деп түшүнгөн.
Эгер ал гарыйзалардын көрүнүштөрү мамлекеттерге эмес, адамдарга байланыштуу экенин түшүнсө, бул түшүнбөстүк жоюлат. Эгер «бул адам өкүмдарлыкты сүйөт» десек, ооба, бул жерде өкүмдарлык бако гарыйзасынын бир көрүнүшү болуп саналат. Ал эми «адам өкүмдарлыкты сүйгөндүктөн башкалар менен күрөшөт» дегенибиз — ал бако гарыйзасынын бир көрүнүшүн кандыруу үчүн күрөшөт дегенди билдирет.
Ошондуктан «бул адам өкүмдарлыкты сүйгөндүктөн жихад кылат» же «анын жихад кылуусуна түрткү болгон нерсе — өкүмдарлыкты сүйүү» деп айтууга болбойт. Тескерисинче, анын түрткүсү Аллах Субханаху ва Таалага итаат кылуу жана Анын буйругун аткаруу болушу керек.
Бирок бул мамлекеттерге карата колдонулбайт. Мамлекеттин кандырууну каалаган тадайюн, бако жана нав гарыйзалары бар деп айтылбайт!
Бул маселени чечүүгө суроо берген адамдын өзүнө нав гарыйзасы жана анын көрүнүштөрү жөнүндө суроо бериши да жардам бериши мүмкүн. Анткени ошондо ал, шексиз, мамлекетте кандырууга тийиш болгон нав гарыйзасы бар деп айтууга мүмкүн эместигин түшүнөт! Башка бардык гарыйзаларда да ушундай, анткени алар адамдарга байланыштуу.
Эгер бул нерсе суроо берген адамга түшүнүктүү болсо, анда анын суроосунун өзүндө эле жообу камтылган болот. Анткени китепте төмөнкүдөй айтылган:
«Тарых таңы аткандан баштап, кыямат күнүнө чейин мамлекеттер ортосунда эки себептин негизинде гана күрөш чыгат. Бири – өкүмдарлык жана менменсинүүгө болгон сүйүү, экинчиси – материалдык пайдалар артынан кууш. Жогоруда аталган сүйүү: улут жана элинин өкүмдарлыгына… о.э. мабда өкүмдарлыгына жана аны жаюуга болгон сүйүү болуп экиге бөлүнөт.…» Аягы.
Бул Ислам мамлекети үчүн эл аралык күрөштүн себеби Ислам мабдасынын өкүмдарлыгын сүйүү экенин билдирет. Башкача айтканда, мабданын өкүмдарлыгы жөнүндөгү шаръий өкүмдү аткаруу, тагыраагы, Исламды колдонуп, аны жаюучу мамлекеттин болушу.
Бул жерде муну мамлекеттин тадайюн гарыйзасынын көрүнүшү же бако гарыйзасынын көрүнүшү деп айтылбайт. Тескерисинче, бул мамлекет аткарууга тийиш болгон шаръий өкүм. Анткени гарыйза мамлекетте эмес, адамдарда болот.
07.01.2012




