Ким адамдарды кыйнаса, Аллах да аны кыйнайт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ким адамдарды кыйнаса, Аллах да аны кыйнайт
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
أَخْبَرَنَا مُحَمَّدُ بْنُ عُبَيْدِ اللَّهِ الْكَلَاعِيُّ، قَالَ: حَدَّثَنَا كَثِيرُ بْنُ عُبَيْدٍ، قَالَ: حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ حَرْبٍ، عَنِ الزُّبَيْدِيِّ، عَنِ الزُّهْرِيِّ، عَنْ عُرْوَةَ، أَنَّ هِشَامَ بْنَ حَكِيمِ بْنِ حِزَامٍ، وَجَدَ عِيَاضَ بْنَ غَنْمٍ وَهُوَ عَلَى حِمْصَ، شَمَّسَ نَاسًا مِنَ النَّبَطِ فِي أَخْذِ الْجِزْيَةِ، فَقَالَ: هِشَامُ بْنُ حَكِيمٍ: مَا هَذَا يَا عِيَاضُ، فَإِنِّي سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «إِنَّ اللَّهَ يُعَذِّبُ الَّذِينَ يُعَذِّبُونَ النَّاسَ فِي الدُّنْيَا» (صحيحُ بنِ حبانَ 5703)
Мухаммад ибн Убайд Урвадан риваят кылды: Хишам ибн Хаким ибн Хизам Химсанын башчысы Ияд ибн Ганм набатейлерден бир нече адамды жизя төлөөгө мажбурлап күнгө чыгарып койгонун көрүп, мындай деди: Бул эмне, эй Ийад? Анткени мен Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун,: “Бул дүйнөдө адамдарды азаптагандарды Аллах азаптайт”, – деп айтканын уктум (Сахих Ибн Хиббан 5703).
Урматтуу бир туугандар:
Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, Мухаммаддын жолу.
Бул асыл хадисте Аллах адамдарга мөөнөт берет, бирок көңүл сыртында калтырбайт деген акылмандык камтылган. Хадисте ким бул дүйнөдө адамдарды кыйнаса, акыретте Аллах аны кыйнаары тууралуу да айтылды. Ал тургай, андай адамдарга Аллах бул дүйнөдө да жазасын берип кулак төшөп сабак ала тургандар үчүн сабак берип, мусулмандардын жүрөгүн кудуреттүү адилеттүүлүгү менен тынчтандырганын көрөбүз.
Биз Аллах Таала Өзүнүн пенделеринин акы укуктарын унутпай турганын билишибиз керек. Мында угуп, көрүп сабак ала тургандар үчүн сабак бар. Ошондуктан, кимде-ким жазага татыктуу болгон бул ишти кылып жатса, ал Аллах Тааланын жазасы ага түшө электе ал ишинен кайтып, тообо кылып калышы керек. Башкача айтканда, тообо эшиги ачык, жана ким жазага тушугуп жатса, Аллах андан өч алып жатканын түшүнүшү керек.
Биз Аллахтан бизди сөздү угуп, анын эң жакшысын ээрчигендердин катарына кошуусун, башкалардын жамандыгынан, адилетсиздигинен жана зыянынан коргоосун жана жер жүзүндөгүлөрдүн баары Исламдын адилеттүүлүгүнөн ырахат алышы үчүн нусратын тездетүүсүн суранабыз. Аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 28–жумаадил уула.
2026-ж, 8–ноябрь.
