Шангри-Ла форуму жана АКШ менен Кытай ортосундагы чыңалуу

Шангри-Ла форуму жана АКШ менен Кытай ортосундагы чыңалуу
2025-жылдын 30-майы менен 1-июнунда Сингапурда коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү Шангри-Ла форумунун 22-жыйыны болуп өттү. Ага 47 мамлекеттен келген Коргоо министрлери, саясатчылар жана аскердик чөйрөдөгү болжол менен 500 өкүл катышты.
Бул форум Сингапурда ар жыл сайын өткөрүлүп, эң курч аймактык коопсуздук маселелерин талкуулоо жана саясий чечимдерди алмашуу максатын көздөйт. Ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн эки тараптуу жолугушуулар өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. АКШ форумга коргоо министри Пит Хигсет аркылуу катышып, Кытайды эң негизги маселе катары көтөрдү. Ал мындай деп эскертти: «Кытай ачык-айкын жана ишенимдүү түрдө аскерий күч колдонууга даярданып жатат. Максаты — Индо-Тынч океан аймагындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүү». Ошондой эле ал мындай деди: «Кытай жаратып жаткан коркунуч реалдуу, ал жакын арада жүзөгө ашуусу мүмкүн. Бээжин Азияда үстөмдүк кылууну жана көзөмөлдү орнотууну самап жатат».
Кытай бул форумга өзүнүн коргоо министрин жибербей, анын ордуна Кытай Эл-армиясына караштуу Улуттук коргонуу университетинин делегациясын жөнөттү. Бул кадам аркылуу алар форумдун деңгээлин төмөндөтүү жана АКШнын форумду Кытайга каршы чабуул үчүн колдонуу ниетин чектөө аракетин жасады. Алар АКШ Коргоо министринин ачык чабуул стилин билгендиктен ушундай кадамга барышты. Анткени ал дипломатиядан качып, түз жана катуу билдирүүлөрдү жасоого өтүп баштады. Кытай бул чабуулга жооп катары Тышкы иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү аркылуу мамлекеттик телеканалында жооп кайтарды. Алар мындай деп билдиришти: «АКШ Коргоо министри Хигсеттин Кытайды каралоого жана блоктор ортосундагы кагылышууларды козутууга негизделген терс билдирүүлөрүн биз кескин айыптайбыз жана аларга каршыбыз. Ал региондогу өлкөлөр тынчтык жана өнүгүү чакырыгын атайылап этибарсыз калтырды, суук согуш мүнөзүндөгү ой жүгүртүүнү жайылтып, Кытайды негизсиз айыптоо аркылуу каралады». Алар мындай деп кошумчалашты: «Бул чагымчыл билдирүүлөр. Анын максаты ажырым жаратуу. Бүгүнкү күндө дүйнөдө үстөмдүк кылуучу бирден-бир күч АКШ. Ал Азия-Тынч океан аймагындагы тынчтык менен туруктуулукту негизги бузуучу күчкө айланды. Өзүнүн үстөмдүгүн сактоо жана «Индо-Тынч океан стратегиясын» ишке ашыруу үчүн АКШ Түштүк Кытай деңизинде чабуул куралдарын жайгаштырып, жаңжалдар менен чыңалууну күчөтүүдө. Бул аймакты чыныгы жарылуучу бочкага айлантат. Ошондой эле АКШ Тайван маселесин Кытайга басым жасоочу курал катары колдонууда».
Акырында Кытай АКШга мындай чакырык жасады: «Бир Кытай принцибин кармануу жана Тайвандын көз карандысыздыгын жактаган сепаратист күчтөрдү колдоону токтотуу зарыл».
Бул сөздөрүндө Кытай АКШ менен болгон саясий кайчы пикирдин өзөгүн кыскача баяндады. АКШ Түштүк Кытай деңизиндеги өз аскердик күчүн бекемдөө аркылуу Кытайдын бул аймакта үстөмдүк кылуусуна жол бербөөгө аракет кылууда. Кытай болсо бул деңизди анын аралдары жана кен байлыктары менен кошо өзүнүн улуттук деңизи деп эсептейт. Ошондуктан ал бул аймактагы катышуусун жана аскердик активдүүлүгүн күчөтүүдө, аралдар, балык уулоо, мунай жана газ казып алуу боюнча Вьетнам, Филиппин сыяктуу айрым өлкөлөр менен жаңжалдарга барууда. Кытай жалпы жонунан Индо-Тынч океан аймагында таасирдүү, чечүүчү позициядагы мамлекет болууга аракет кылып келет.
Мунун үстүнө Тайван маселеси турат. Кытай Тайвандын өзүнө караштуу аймак экенин жана аны кайра кошуп алышы керектигин айтып келет. АКШ 1979-жылы Тайван Кытайдын бир бөлүгү экенин расмий тааныган, бирок бул биригүү аскердик жол менен эмес, тынч жол менен болушу керек деген шарт койгон. Бирок, бүгүнкү күндө АКШ Тайвандын Кытайга кошулушуна жол бербөө үчүн аны курал менен камсыздап, эгер Кытай Тайванга аскердик жол менен кол салса, аны коргоп чыгаарын жарыялап жатат. Бул болсо Кытайга берген мурунку убадасын башкача түрдө бузуу болуп эсептелет.
Ушундан улам, АКШнын Коргоо министри билдиргендей, Америка Кытайдын аймактагы үстөмдүгүнө чындап кооптонууда, бул жөн гана пропаганда эмес. Себеби Кытай азыр чоң жана өнүккөн аскерий мүмкүнчүлүктөргө, ошондой эле экономикалык күчкө ээ болуп, АКШга чакырык таштай ала турган даражага жетти. Ошондуктан, АКШ бул форумду региондук жана глобалдык коомдук пикирди Кытайга каршы буруш үчүн колдонду. Мындай жол менен ал өлкөлөрдү Кытайдан алыс болууга, же болбосо АКШнын тарабында болууга түртүп, өзүнүн саясатын өткөрүүгө аракет кылууда. Анткени саясий ишмердүүлүктүн эң негизги ыкмаларынын бири, душманга каршы коомдук пикирди козутуу болуп саналат.
АКШ 2012-жылдан бери өзүнө карата Азия–Индия океаны стратегиясын иштеп чыккан. Бул стратегияга ылайык, АКШ өзүнүн аскер-деңиз күчүнүн 60%ын ушул аймакка топтогон. Мунун максаты, Кытайдын бул аймакта үстөмдүк орнотуусуна жол бербөө. 2022-жылы бул стратегия кеңейтилип, Индия жана Тынч океандары стратегиясына айланган. Бул болсо Кытай менен болгон тирешүүнү мындан да кеңейтүүнүн белгиси болду. Стратегияда мындай деп жазылган: «Кытай өзүнүн экономикалык, дипломатиялык, аскердик жана технологиялык күчүн бириктирип, Индия жана Тынч океандары аймагында таасир аймагын түзүүгө умтулууда жана дүйнөдөгү эң таасирдүү күч болууга аракет кылууда». Бул стратегия беш негизги пунктту камтыйт:
- Аймакта жүк ташуу жана соода эркиндигин колдоо;
- Коопсуздукту бекемдөө;
- Өлкөлөр ортосунда координацияны күчөтүү;
- Аймактык потенциалды өнүктүрүү;
- Региондук өнүгүүнү илгерилетүү.
Бирок бул пункттардын маңызы Кытайдын үстөмдүгүн болтурбоо жана бул аймакты кайрадан АКШнын көзөмөлүндөгү абалда сактап калуу. Себеби, акыркы 75 жыл ичинде бул аймакта АКШ жалгыз үстөм күч болуп келген. АКШ аймакта үстөмдүгүн сактап калуу үчүн 2023-жылы Британия жана Австралия менен бирге «АУКУС» (AUKUS) деп аталган аскерий альянсты түзгөн. Буга чейин, 2007-жылы, Япония, Индия жана Австралия менен биргеликте «Коопсуздук боюнча төрт тараптуу диалогду» (QUAD) негиздеген жана аны аскерий союзга айландыруу аракетин көрүп жатат. АКШ 2022-жылы Японияга өзүнүн Конституциясынын 9-беренесин өзгөртүүгө уруксат берди. Бул беренеде Япониянын башка өлкөлөргө коркунуч жаратуучу куралдарды өндүрүүсүнө тыюу салынган болчу. Эми Япония Улуттук коопсуздук жана коргонуу стратегиясын түзүп, аскердик бюджетин көбөйтө алат. Бул болсо коргонуу гана эмес, чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүн да камтыйт. Бул кадам Кытайдын аймактагы өсүп жаткан күчүнө каршы багытталган.
2025-жылдын 20-майында АКШ «Алтын көмкөрүлгөн калкан» (Golden Dome) аттуу жер, деңиз жана космостон коргоочу ракета системасын жарыялады. Бул долбоорду президент Трамп дайындаган генерал Майкл Гейтлайн жетектөөдө. Ал мындай деди: «Бул система Кытай менен Орусияга таандык өнүккөн ракеталарга каршы туруштук берүү үчүн зарыл».
АКШ Шангри-Ла форумундагы таасирин дагы бекемдөө үчүн НАТОнун катышуусуна да жол ачты. Форумга НАТОнун Аскердик комитетинин төрага орун басары, америкалык генерал Ролинг катышып, аймактагы өлкөлөрдүн саясий жана аскерий жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Максат, бул өлкөлөрдү Кытайга каршы АКШ тарапка топтоо, муну «эл аралык туруктуулукту сактоо жана өз ара кызматташуу» деген ураандын астында жүргүзүү. Бул аракет НАТОнун Евро-Атлантикалык аймак менен чектелген чегинен ашып түшүп, уюмду Кытай менен беттешүүгө аралаштырууда. Бул болсо НАТОнун көпчүлүк мүчө-мамлекеттери үчүн кабыл алынгыс жагдай. Ошентип, АКШ Кытайдын Индо-Тынч океан аймагында үстөмдүк орнотуусуна алдын ала тоскоол болуу үчүн ар тараптуу аракеттерди көрүп жатат. Саясий, аскерий, дипломатиялык жана пропагандалык күчтөрүн топтоп, альянстарды түзүп, өлкөлөрдү Кытайга каршы тукуруп жатат.
АКШ бул аймакта Кытай менен боло турган чыр-чатакка атайын сценарий даярдап, дүйнөдөгү эң стратегиялык, аскерий, экономикалык жана демографиялык мааниси бар бул аймакта өз үстөмдүгүн сактап калууга умтулууда. Анткени бул аймак АКШнын Тынч океан жээгинен тартып, Инд океаны аркылуу Чыгыш Африканын жээктерине чейин созулат.
Эскерте кетсек, бул аймак мурун Халифалык доорунда исламий аймак болчу. Азыр болсо бул жерде дүйнөлүк державалардын ортосундагы тиреш күчөп бара жатат. Бирок жакын арада, Пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекети кайра кайтып келет, ин ша Аллах. Ал аймактагы тирешке чек коюп, регионду кайрадан өзүнүн түпкү Исламдык мүнөзүнө кайтарат. Ал мезгилде бул аймакты жакшылык, коопсуздук жана туруктуулук каптап, жамандык, коркунуч жана баш аламандык жок болот.
Роя гезити
Асъад Мансур