Гаагадагы НАТО саммити анын тарыхындагы бурулуш учур болду

Гаагадагы НАТО саммити анын тарыхындагы бурулуш учур болду
2025-жылдын 25-июнунда Нидерландиянын Гаага шаарында өткөн НАТО саммити жыйынтыкталды. Анда 2035-жылга чейин коргонуу чыгымдарын ички дүң өндүрүштүн 5%ына жеткирүү боюнча макулдашууга келишилди. Испаниядан башка бардык союздаштар — жалпысынан 32 мамлекет — жыл сайын ички дүң өндүрүштүн 3,5%ын аскерий чыгымдарга, ал эми 1,5%ын киберкоопсуздук жана аскерий мобилдүүлүк сыяктуу кеңири коопсуздук тармактарына бөлүп турууга макул болушту.
Алар акыркы билдирүүсүндө мындай деп белгилешти: «Вашингтон келишиминин бешинчи беренесинде көрсөтүлгөндөй, жалпы коргонуу боюнча бекем милдеттенмебизди кайрадан ырастайбыз. Бизден бирөө кол салууга дуушар болсо, бул баарыбызга жасалган кол салуу деп эсептелет». Бул билдирүү Америка президенти Трамптын бул принципке берилгендигине байланыштуу шектенүүлөрдөн кийин айтылды. Трамп бул көрсөткүчтөрдү талап кылып, эгерде мүчөлөр аткарбаса, Америка аларды коргоодон баш тартып, НАТОдон чыгарын эскерткен. Европалыктар өзүн коргоого аз каражат жумшагандыгы үчүн ушундай талап коюлган. Алар макул болгондон кийин Трамп мындай деди: «Мен булардан көптөн бери чыгымдарды 5%га жеткирүүнү суранып келем, эми аткарышат… Бул абдан маанилүү кабар… Биз алардын жанында турабыз». Ошондой эле ал элдешүүчү үн менен мындай деди: «Бул баарыбыз үчүн чоң жеңиш».
Саммиттин атмосферасы чыңалуу менен коштолуп, НАТОну талкалап жибере турган абалга жеткен эле. Европалыктар Трамптын коркутуусуна моюн сунуп, аны менен тикелей кагылышуудан качышты. Анткени алар абдан алсыз болуп, АКШга таянууну каалашат. Европалыктар Экинчи дүйнөлүк согуштан бери өлкөлөрүндө тынчтык жана жыргалчылык доорун өткөрүп, согушту жек көрүп калышкан. Себеби ошол согуш алардын ондогон миллион тургундарын курман кылып, өлкөлөрүн талкалаган. Ал убакта суверенитет үчүн күрөш көп кан төгүүгө себеп болгон. Улутчулдук алардын ортосунда согуш тутантып турган, аны буржуазиялык капиталисттик системасы менен дарылоого аракет кылышканы менен, аны жоюп, баарын бир казанга кайнатууга жетише алган эмес. Ислам болсо мусулмандарды бир үммөт кылып, улутчулдукту тамырынан жок кылып бириктирген. Ошондуктан алар биринчи кезекте Америкага таянып, Советтер Союзу тарабынан чыгыштан келген коркунучтан коргонууга үмүт арткан. Советтер Союзу Европанын көп бөлүгүн көзөмөлгө алган эле.
Ошентип, 1949-жылы НАТО түзүлгөн. Советтер Союзу, Варшава келишими жана коммунизм 1991-жылы кулаган соң, НАТОго муктаждык жоголгон. Натыйжада, НАТОну таратуу жана ага чыгым кылбоо чакырыктары күчөй баштаган. Америка ошол кезде уюмду каржылоонун негизги бөлүгүн көтөрүп турган, бирок ал НАТОну сактап калууну каалады. Бул аркылуу ал Европага үстөмдүгүн сактап, аны башка аймактарда пайдаланууну максат кылган. Мисалы, 2001-жылы Афганистандагы согушка НАТОну аралаштырган. Ошондон кийин Америка алардан аскердик чыгымдарды көбөйтүүнү талап кыла баштаган. 2014-жылы ар бир мамлекет ички дүң өндүрүшүнүн 2%ын коргонууга жумшоого макулдашышкан, бирок көпчүлүгү бул милдеттенмени аткарган эмес.
Америка башка мүчө мамлекеттерден аскерий чыгымдарды көбөйтүүнү талап кылуусунун себеби, ал 2008-жылы Нью-Йоркто башталган дүйнөлүк каржы кризисинен кийин катуу каржылык кризиске кабыла баштаган. Ошол жылдан бери анын мамлекеттик карызы 9,2 триллион доллардан өсүп, 2025-жылдын 3-мартындагы билдирүүгө ылайык, 36,2 триллион долларга жетти. Карызынын үстөк пайызы 3,2%га чейин көтөрүлдү. Бул мамлекеттик карыздын рекорддук деңгээли болуп, азыр ал дүйнөлүк каржылык туруктуулукка гана эмес, Американын өзүнө да коркунуч туудуруп жатат.
Ошондуктан Трамп бул деңгээлди көтөрбөө жана чыгымдарды, анын ичинде аскерий чыгымдарды да азайтуу боюнча олуттуу аракет кыла баштады. Ошондой эле башка өлкөлөрдү, айрыкча Перс булуңундагы мамлекеттерди акча төлөөгө мажбурлап, каражат чогултууга өттү. Ал алардын айрымдарынан эки саат ичинде 5,1 триллион доллар чогултканын жарыялаган. Бул каражаттар мамлекеттин Федералдык резерв банктарына карыздарын төлөө үчүн колдонулмак, антпесе мамлекет дефолт жарыялап, төлөй албай калмак. Мындай кырдаал ири банктарды кыйратып, натыйжада АКШнын бүт экономикасына, анын валютасына жана кризистерине байланып калган дүйнө экономикасына да оор сокку урмак. Ошондуктан АКШ европалыктарды аскерий чыгымдарды көбөйтүүгө мажбурлоо аракетин демократтардын (Обаманын жана Байдендин администрациялары) тушунда эле баштаган. Алар көбүнчө жумшак дипломатиялык ыкмаларды колдонуп, басымдарды жана коркутууларды жабык эшик артында жүргүзүшчү. Бирок Трамптын биринчи мөөнөтүндө бул талаптарды ачык айта баштап, мүчө мамлекеттерден ички дүң өндүрүштүн 2%ын коргонууга жумшоону талап кылган. Ошондо 19 мамлекет бул талапты аткарган. Экинчи мөөнөтүндө болсо Трамп талапты 5%га чейин көтөрдү.
Трамп акыркы НАТО саммитинин алдында Америка улуулугун көрсөтүүгө аракет кылып, мүчөлөргө өз каалоосун таңуулады. Ал яхудий түзүмү менен Ирандын ортосундагы согушту токтотконун, Ирандын ядролук объекттерине сокку урганын жарыялады. Ал керсейген үн менен мындай деди: «Бул дүйнөдө америкалык армиядан башка мындай нерсени жасай ала турган башка армия жок».
Европалыктардын кызыкчылыгы Ирандын ядролук мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу экенин эске алганда, бул алардын да максаты болгон. Алар бул маселе тууралуу 2003-жылдан бери айтып, Ирандын ядролук ишмердигинен коркуп келишкен. Андан кийин яхудий түзүмү 2012-жылдан тартып Иранды жана анын ядролук объекттерине сокку урабыз деп коркутуп келген. Ошентип, АКШ европалыктар жасай албаган ишти жасап берди. Эми Америка аларды жаңы Жакынкы Чыгыш түзүү процессинен четтетип, өзү каалагандай багытта алып барууга аракет кылууда. Европалыктарга эми Америкага баш ийүүдөн башка жол калган жок, антпесе алар Жакынкы Чыгыштагы калган таасирин да жоготушат. Европалыктар моюн сунушту. Британиянын премьер-министри Стармер мындай деди: «Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ийкемдүү, ыкчам жана айкын улуттук көз карашка ээ болушубуз керек». Ал эми Франциянын президенти Макрон менен Германиянын канцлери Мерц Financial Times гезитинде 2025-жылдын 23-июнунда биргелешип макала жазып, абийирлерин сактоого аракет кылып, мындай дешти: «Европа кайра куралдануусу керек, анткени бизге муну эч ким мажбурлаган жок. Бул жарандар алдындагы милдетибизди аңдагандан улам болуп жатат». Алар Трампка кайрылып, мындай дешти: «Европадагы туруксуздуктун булагы — Россия». Украинада ок атышууну токтотуу үчүн «Россияга каршы санкцияларды күчөтүүнү» талап кылышты. Бирок алар Американын жардамысыз муну ишке ашыра албай турганын көрсөтүштү.
Белгиянын премьер-министри Де Вивер мындай деди: «Континент эң кыйын учурда өзүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек». Европалыктар, чындап эле, Украина согушу тутанган соң Россиядан коркунучта калышты. Эгер алар Россиянын Украинадагы ээлеген аймактарын тааныса, анда Россия Балтика өлкөлөрүн жана Калининграддагы россиялык аймакты курчаган Польшага да көз артып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Путин мындай деген: «Америка башында турган Батыш бизди Берлин дубалынын кулашын кабыл алууга алдап көндүрдү» башкача айтканда, Советтер Союзу кулагандан кийин Чыгыш Европадан чыгып кетүүгө көндүрдү. Эгер Америка аларды коргобосо, Европалыктар өздөрүн өздөрү коргой албайт. Алар Америкага абдан муктаж болуп жаткан учурлары. Европанын негизги мамлекети болгон Германия Россияга туруштук бере ала турган абалга келиши үчүн дагы 5–8 жыл керек экенин Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Карстен Брор 2024-жылдын 2-мартында билдирген.
Америка болсо Россия менен согуштун чыгымдарын негизинен Европалыктарга жүктөп, экөөнү бири-бирине каршы коюп, бири-биринен алыстаткысы келет. Муну менен Европа да, Россия да алсырап, Америкага карата таасири азаят. Ошондой эле, Америка Россиядан Кытайды да алыстаткысы келет, ошондо дүйнөлүк аренада жалгыз үстөмдүк кылууга жол ачылат.
НАТОнун өзү колониалдык жана кресттүүлөр жоокерлеринин альянсы, ал мусулмандарга да коркунуч туудурат. Ошондуктан Түркия мындан ары анын мүчөсү бойдон калышы мүмкүн эмес жана мусулмандар ага каршы туруштук берүүгө даяр болушу керек. Бул болсо экинчи Халифалыкты түзүү, мусулмандарды бириктирүү жана күчтөндүрүү аркылуу гана ишке ашат. Ошондо алар Аллахтын жана өз душмандарынын, ошондой эле алардын ичиндеги колонизаторлорго кызмат кылган агенттердин жана достордун жүрөгүнө коркуу сала алышат.
Роя гезити
Асъад Мансур