Макала

Кытайдын жылма саясаты жана Исламдын бекем кайраты

Кытайдын жылма саясаты жана Исламдын бекем кайраты

Борбор Азия геосаясий атаандаштык кесилишкен майдан бойдон калууда. Советтик доор урагандан кийин, бул аймак көпкө чейин ири державалардын кызыгуусунан сыртта калган, бирок акыркы он жылдыкта абал өзгөрө баштады. Ички маселелеринен чарчап, Украина менен болгон жаңжалдан улам алсыраган Россия аймактагы мурунку таасирин жоготууда. Батыш болсо бүт көңүлүн ички көйгөйлөрүнө жана карама-каршылыктарга багыттап, активдүү аралашуудан баш тартууда. Ушундай абалдан улам Кытай өзүнүн таасирин активдүү күчөтүп, аймактагы мамлекеттерге, айрыкча Кыргызстанга, идеологиялык талаптарсыз кызматташуунун экономикалык моделин сунуштап жатат. Бирок бул чоң масштабдуу экономикалык долбоордун тереңдиги жана узак мөөнөттүү туруктуулугу шек жаратат. Анткени Кытайда аймакка ылайыктуу сунуштай тургпн идеология жок.

Кытайдын стратегиясы аймакта экономикалык үстөмдүккө жана жумшак таасир куралын пайдаланууга негизделген. Инфраструктуралык долбоорлор, насыялар, соода келишимдери, билим берүү программалары, Конфуций институттары жана медианы колдоо сыяктуу долбоорлору аркылуу региондо таасирин бекемдөөдө. Кыргызстанда миңдеген студенттер кытай тилин үйрөнүп, көптөрү Кытайда стипендиялык негизде окуп жатышат, ал эми кытай маданияты ар кандай маданий иш-чаралар жана маалымат каналдары аркылуу активдүү жайылтылууда.

Аймакта Россия жана Батыш боштук жаратып жатканын эске алганда, Кытай экспансиясы (боштукту толтуруу) ийгиликтүү жүрүп жаткандай көрүнөт. Бирок бул экономикалык экспансия барып-барып жергиликтүү элдин менталитети менен исламий баалуулуктарга негизделген каршылык дубалына туш болот.

Кытай менен кыргыз коомундагы цивилизациялык айырмачылык терең жана ал өтө чоң маданий тоскоолдукту жаратат. Кытай маданиятын жергиликтүү эл бөтөн, жат маданият катары көрөт. Салыштырмалуу айтсак, Кыргызстан менен Россия ортосунда жалпы тарыхый жана тилдик байланыш бар. Түркия да маданий жана диний жактан алганда аймактагы элге жакын. Ал эми Кытай болсо “чоочун душман” бойдон калууда. Анын үстүнө, Кытайдын боордош уйгурларга карата саясаты Борбор Азия элдеринин иренжүүсүн жана тынчсыздануусун күчөтүүдө. Кытайдын багыты прагматизм жана катуу көзөмөлгө негизделсе, Кыргызстанда ислам баалуулуктарына карата табигый суроо-талап өсүүдө.

Кытайдын экономикалык кеңейүүсүнө жанаша өлкөдө тынч жана ошол эле учурда терең процесстер жүрүүдө. Бул элдин өз исламына кайтып келүүсү. Анын натыйжасында, ибадатка чектелген салттуулук эмес, учурдагы коомдук саясий түзүлүшкө атаандаш коомдук-саясий модел калыптанууда. Ислам жеке ишеним гана болбостон, жамааттык тилектештиктин, коомдук адеп-ахлактын жана саясий уюшуу платформасы болуп эсептелет. Эгерде Кытай таасирин кеңейтүү үчүн ондогон жылдар жана миллиарддаган каражат жумшаса, ислам пикирлери даават, интернет, үгүт-насаат, семинарлар жана билим берүү мекемелери аркылуу ылдам, аз каражат жардамында жана табигый түрдө жайылууда. Кытай модели пайдага гана негизделсе, ислам ар-намыс жана пикирий кубатты сунуш кылат. Өзгөчө пикирий таңкыстык шартында бул айырма чечүүчү ролду аткарат.

Тарых көрсөткөндөй, ислам долбоору чоң материалдык ресурстарсыз эле элдерди бириктире алат. Мындай өзгөрүүлөрдүн мисалдары Борбор Азияда да, Жакынкы Чыгышта да кездешет. Улуттук мамлекеттерден жана цивилизациялар блокторунан айырмаланып, Ислам универсалдуу коомдук түзүлүштү -колонизаторлор коюп койгон чек-араларды жое турган бирдиктүү жамаат — бир Үммөт болууну сунуштайт. Кытай, учурдагы кубатына карабастан, чектелген, жабык модел бойдон калууда жана ал ар улуттарды бириктирүүчү исламий долбоорго сүңгүп кире албайт. Мындан улам, ал диний идеяны атаандаш катары кабыл алат. Ошондуктан, Кытайда Ислам катуу кысым алдында калууда.

Батыш да бул багытта жеңилүүдө. Анын либерализм, демократия, адам укуктары сыяктуу пикирлери өзүнүн алсыздыгын жана бузукулугун айрыкча салттуу коомдорго болгон таасиринде ачык көрсөттү. Баалуулуктардын баш аламандыгы жана кош стандарттардан улам Батыш модели ишенимин жоготуп, сырттан таңууланган түзүм катары каралууда. Ал эми Ислам болсо түпкү түзүмүбүз жана ал адилеттүүлүк тартуулоочу, жашоо маңызы болгонкоомдук-саясий түзүлүш сыпатында жана тиричиликтен тарта мамлекеттик башкаруугачейинки суроолорго жооп берет. Ошондуктан Ислам Кытай үчүн да, Батыш үчүн дажөн гана чектелген дин эмес, толук кандуу идеологиялык атаандаш болуп саналат.

Халифалык идеясы массалык маалымат каражаттарында ачык айтылбаса да, бардык секулярдык моделдер үчүн эң чоң коркунуч. Бирдиктүү ислам долбоору экономикалык кызыкчылыктарга эмес, жалпы ишенимге жана Аллахтын мыйзамына негизделген. Ал аймактарды транспорттук же энергетикалык инфраструктурадан да тез бириктире алат. Ошол эле учурда, исламдык долбоор Кытайдыкындай татаал логистикага, келишимдерге жана инвестициялык форумдарга муктаж эмес. Ал мусулман жашаган, ишенген жана жашоо маңызын издеген бардык жерлерде токтоосуз тарай берет.

Ошентип, Кытайдын Кыргызстанда жана Борбор Азияда кеңири стратегиясы болгону менен, анын бара турган жери анык көрүнүп турат. Кытай Россия менен экономикалык жана саясий таасир үчүн атаандаша берет. Ал билим берүү, медиа жана соодадагы боштуктарды убактылуу толтура алат. Бирок ал Исламды идеология катары жеңе албайт. Анткени Ислам Кытай бере албаган нерсени — Исламий идеология негизинде улуулукту сунуштайт. Ал эми күрөш базарлар үчүн эмес, адамдар үчүн жүрүп жаткан шартта, жеңишке акчасы көп тарап эмес, күчтүү пикирди сунуш кылган тарап жетет.

Кытай, балким, дагы деле аймак үчүн маанилүү өнөктөш бойдон калат. Бирок анын маданий байланыш жана идеологиялык мазмундан куру экспансиясы дайыма боштук бойдон калат. Ал эми Ислам болсо, тарых көрсөткөндөй, дүйнөнү өзгөртүү үчүн материалдык байлыкка муктаж эмес. Ал тышкы таасир моделдери менен атаандашууда үнсүз, бирок үзгүлтүксүз абалда жылып отурат. Жана ал Кытайдын куралы жетпеген жерлерде адамдардын аң-сезиминен жана жүрөгүнөн түнөк табат.

Бул жерде темага ылайык Курандан төмөнкү аятты келтирүү орундуу:

“Ал Өз элчисин Туура жол, Чыныгы дин менен – мушриктер жек көрүшсө деле – бүткүл диндердин үстүнөн үстөмдүк кылууга жиберген.” (Тооба, 33).

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button