Роя гезити

АСЕАН 2045: келечекке жолбу же дүйнөлүк капиталисттик гегемонияны бекемдөөбү?

АСЕАН 2045: келечекке жолбу же дүйнөлүк капиталисттик гегемонияны бекемдөөбү?

2025-жылы 26–27-майда Куала-Лумпурда өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) кырк алтынчы саммити «Инклюзивдүүлүк жана туруктуулук» деген ураан алдында жыйынтыкталды. Жыйында регионалдык инклюзивдүү, туруктуу жана чыдамдуу келечекти куруу аракети катары сунушталган бир катар декларациялар жана стратегиялык пландар кабыл алынды. Негизги документ катары «АСЕАН 2045: Биздин жалпы келечегибиз тууралуу Куала-Лумпур декларациясы» бекитилип, анда жыйырма жылдык жол картасы аныкталды. Бул карта саясий, коопсуздук, экономикалык, социалдык жана санариптик багыттарды камтыйт (АСЕАН, 2025).

Бул саммит уюм мүчөлөрүнүн чыныгы көз карандысыздыгын чагылдырган жок, тескерисинче, АСЕАНдын эл аралык капиталисттик түзүмдөргө жана дүйнөлүк бийлик иерархиясына канчалык терең байланганын дагы бир жолу көрсөттү.

«АСЕАН 2045» деп аталган нерсе чындыгында регионалдык интеграциянын неолибералдык күн тартибин улантуу. Ал экономикалык либералдаштырууну, чет элдик инвестицияларды кеңейтүүнү, санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана блоктор аралык геосаясий кызматташууну илгерилетет. Мунун баары динди жашоодон жана башкаруудан ажыраткан секулярдык глобалдык көз караштын алкагында жүргүзүлөт. Негизинен, АСЕАН Батыш үстөмдүк кылган дүйнөлүк түзүмдүн айланасында иштөөнү улантууда. Бул жерде экономикалык өсүш эң жогорку максат катары коюлуп, анын коомдук жыргалчылыкка, исламий эгемендүүлүккө же коомдук түзүлүштөргө тийгизген таасири эсепке алынбайт.

АСЕАНдын санариптик трансформацияга жана жасалма интеллектти башкарууга (анын ичинде «ASEAN Open» жана регионалдык AI жөнгө салуу алкагы сыяктуу демилгелерге) берилгендиги эч кандай нейтралдуулукту билдирбейт. Бул түздөн-түз көп улуттуу корпорациялар башкарган жана дүйнөлүк державалардын стратегиялык кызыкчылыктарды калыптандырган глобалдык санариптик экосистемага интеграция болуп саналат (АСЕАН, 2025). Технологиялар такыбалык жана шаръий жоопкерчилик чегинде пайдаланылбастан, үстөмдүк жана интеллектуалдык колонизация куралы катары колдонулууда. Капиталисттик система маалыматтарды товарга айлантып, адамдарды аналитика аркылуу буюмга айлантууда жана жасалма интеллект аркылуу көзөмөлдү бекемдеп жатат. Бул ыкма адилеттүүлүктү жана адам кадыр-баркынын кол тийгис экенин жогору койгон исламий дүйнө карашка кескин каршы келет.

Коопсуздук жана геосаясат тармагында Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) дагы бир жолу кризистерди натыйжалуу башкарууга же мабдаий позицияларга таянууга жөндөмсүз экенин көрсөттү. Мьянмадагы уланган маселе, натыйжасыз «Беш пункттук консенсустун» негизинде башкарылып жатканы, АСЕАНдын ыйгарым укугу жок алсыз дипломатиялык платформа экенин далилдейт. Ал эми Түштүк Кытай деңизинде, БУУнун Деңиз укугу боюнча конвенциясына кайра-кайра шилтеме кылынганына жана тынч чечимге чакырыктарга карабастан, Кытайдын чечкиндүү аракеттерине олуттуу жооп кайтаруу үчүн саясий эрк жетишсиз бойдон калууда. АСЕАН азырынча чыныгы эгемендүүлүккө, мабдаий позицияга же так ой жүгүртүүгө эмес, прагматикалык консенсуска таянган технократиялык орган бойдон калууда.

Экономикалык жактан алганда, АКШнын АСЕАНга мүчө алты өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизиши регион экономикасынын дүйнөлүк түзүм алдындагы алсыздыгын көрсөтүүдө. Бул капиталисттик түзүмдөн бошонууга умтулуунун ордуна, уюм АСЕАН–Малайзия Эркин соода келишими (ATIGA) жана «АСЕАН 3.0» эркин соода келишими сыяктуу макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү менен жооп кайтарды. Натыйжада АСЕАН Дүйнөлүк соода уюмунун жана дүйнөлүк эркин соода системасынын алкагында өз ордун бекемдеди. Бул система ислам өлкөлөрүн глобалдык капиталисттик корпорациялар үчүн керектөө базарларына жана арзан жумушчу күч кампаларына айлантат.

Абалды ого бетер оорлоткон жагдай, 2025-жылдын 8–12-июль аралыгында АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио жетектеген жогорку даражалуу америкалык аткаминерлердин АСЕАНга байланыштуу жыйындарга катышуусу болду. Бул жөн гана символикалык көрүнүш эмес, Вашингтондун геосаясий кызыкчылыктарына, жалпы АСЕАН жана өзгөчө Малайзиянын шайкеш иш алып барышын камсыз кылуу үчүн жасалган стратегиялык кадам. Бул кызыкчылыктар Кытайдын таасирине каршы туруу, Батыш алкактарына шайкеш жасалма интеллект жана санариптик коопсуздук саясаттарын илгерилетүү, ошондой эле АКШнын региондогу экономикалык жана аскерий үстөмдүгүн сактоо милдеттерин камтыйт.

Көрүнүп тургандай, АСЕАНдын 46-саммити чыныгы мааниде АКШ жана Кытайдын колониялык атаандаштык сахнасына айланып, АСЕАН геосаясий курал болуп калды.

Бул жагдай үммөттүн кызыкчылыктарын исламий мабдаий алкакта коргоого умтулган эгемендүү саясий түзүм таптакыр жок экенин айкын көрсөтөт.

АСЕАН, Булуң өлкөлөрүнүн кеңеши жана Кытай ортосундагы үч тараптуу кызматташтык «Түштүктүн экономикалык биримдиги» катары көрсөтүлгөнү менен, ал дагы деле ошол капиталисттик моделдин алкагында турат. Себеби Булуң өлкөлөрүнүн кеңешине мүчө мамлекеттер да капиталисттик түзүм алдында иштешет. Мындай келишимдер болсо шариат мыйзамдарын толук колдонуучу Халифалык астында үммөттү саясий жактан бириктирүү аракетинен абдан алыс болуп, чек араны билбеген неолибералдык кеңейүүнүн дагы бир уландысы болуп калууда.

Ушул сыяктуу эле, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын 2025-жылкы Аялдардын экономикалык саммити (AWES 2025) аялдарга либералдык өндүрүмдүүлүк көз карашы аркылуу «ыйгарым укук берүү» катары көрсөтүлүүдө. Бул жерде аял дүйнөлүк эмгек базарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жөн гана экономикалык элементке айланып, анын үй-бүлө куруудагы, муун тарбиялоодогу жана коомдун бекемдигин камсыздоодогу негизги ролу эске алынган жок. Капиталисттик система аялдын баасын ички дүң өнүмгө кошкон салымы менен өлчөсө, ислам аялды өзгөчө орду бар урматтуу намыс катары даңктайт. Чыныгы ыйгарым укук берүү аялдын кадыр-баркын сактап, укук жана жоопкерчиликтин тең салмактуулугун камсыз кылган исламий ижтимаий түзүмдү толук колдонуу аркылуу гана ишке ашат.

Айлана-чөйрөгө байланышкан маселелерде болсо, АСЕАНдын туруктуу өнүгүү жана климат боюнча аракеттерге берген убадасы энергия коопсуздугу деген шылтоо менен казылып алынуучу отунга таянуусунан улам ишке ашпай келет. Капиталисттик түзүм алдындагы «туруктуулук» — бул тереңинде ач көздүк жана ресурстарды системалуу эксплуатациялоо чындыгын жашырган пиар урааны. Капиталисттик өнүгүү концепциясынан түп-тамырынан баш тартуу болмоюнча, бардык экологиялык риторика жалган көрүнүш бойдон калат.

Жыйынтыктап айтканда, АСЕАНдын 46-саммити ислам өлкөлөрүн дагы эле чектеп турган эл аралык түзүмдүн чыныгы жүзүн ачып берди. Бул түзүм капитализм жана секуляризмге негизделген болуп, анда саясий бийлик үстөмдүк куралы, экономикалык системалар баш ийдирүү механизми, технология болсо көзөмөл жана башкаруу аппараты катары кызмат кылат. АСЕАН үммөттүн чыныгы эркиндик куралы эмес, тескерисинче, ислам өлкөлөрүн алсыз, көз каранды улуттук мамлекеттерге бөлгөн Вестфалия моделинин алкагында иштеген пост-колониялык түзүм.

Үммөттүн муктаждыгы — бул өзүн чет элдик үстөмдүктөн бошотуу менен гана чектелбестен, Ислам өкүмдөрү боюнча өкүм жүргүзгөн бирдиктүү саясий жетекчилик астында биригүү. Бул — дүйнөнү адилеттик менен башкарган жана мусулман өлкөлөрүн бир туунун астында бириктирген Халифалык.

Устаз Абдул Хаким Усман

Хизб ут-Тахрирдин Малайзиядагы расмий өкүлү

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button