Бейиш бактары

Халифа Умар ибн Хаттаб багындагы мөмөлөрдөн

Халифа Умар ибн Хаттаб багындагы мөмөлөрдөн

Саййидибиз Абу Бакр Сыддык дүйнөдөн өткөн соң, саййидибиз Умар (р.а) халифалык кайрылуусун жасап, мындай деди: Эй инсандар, Расулуллахка (с.а.в) кызмат кылдым, анын сакчысы жана кылычы болдум, каалаган убагында кынынан чыгарып пайдаланар эле. Ал зат менден ыраазы болгон абалда дүйнөдөн өттү. Бул үчүн Аллахка сан-санаксыз мактоолор болсун, мен муну менен бактылуумун. Кийин иш Сыддыкка өттү. Мен ага кызмат кылып, сакчысы жана суурулган кылычына айландым. Ал каалаган убагында мени кындан чыгарып иштетер эле. Ал киши да менден ыраазы болгон абалда дүйнөдөн өттү. Бул үчүн Аллахка чексиз мактоолор болсун, мен муну менен бактылуумун. Кийин иш мага өттү. Эй инсандар, ушуну билип алгыла, мендеги катуу колдук алсырады. Ал жалаң гана аасий жана фажир адамдарды жеңет. Такыбаа жана таза адамдар болсо, бетимди тосуп берейин, буттары менен тебелешсин. Эй инсандар, менден беш нерсени талап кылгыла: Малдарыңарды акыйкатсыз албашымды, аны орунсуз жайга сарптабашымды, силер үчүн инша Аллах сыйлык акчаларды көбөйтүшүмдү, аскерий кызматка көп жибербешимди, бул кызматка кеткениңерде болсо, кайтканыңарга чейин үй-бүлөңөргө карап турушумду. Мына ушулардын бардыгы силердин менин үстүмдөгү акыларыңар.

Рошид халифа Умар ибн Хаттаб (р.а) бир кишини валий кылып дайындады жана сынап көрмөкчү болуп, андан «адамдар сага ууру же каракчыны кармап келишсе, аны эмне кыласың» деп сурады. Ал болсо «колун кесем» деп жооп берди. Ошондо Умар (р.а) мындай деди: Ошондойбу, анда билип кой, эгер менин алдыма жарандарыңдын бирөөсү ачка же жумушсуз бечара абалда келсе, мен сенин колуңду кесемин. Аллах бизди ачтарды тоюндуруу, айыптарын бекитүү, жумушсуздарды иш менен камсыздашыбыз үчүн Өз калкына аким кылды. Эгер ушуларды кыла алсак, биз алардан мунун ыраазылыгын талап кылабыз. Бул колдор жакшы амалдарды кылуу үчүн жаратылган. Эгер алар бирер бир таат амалына киришпесе, анда көп күнөө амалдарга киришет. Ошон үчүн колдоруңду итаат менен алек кыл, болбосо, сени аасийлик менен алек кылып коёт.

Умар (р.а) өзүнө канчалык оор жоопкерчилик жүктөлгөнүн билген. Ал киши мындай деген: «Мен силерден өйдө эмесмин. Балким, мойнуна көбүрөөк вазыйпа жүктөлгөн кишимин. Аллахка ант, эгер Иракта бир качыр чалынып жыгылса, эй Умар, неге ага жолду тегиздеп бербедиң деп, Аллах Таала менден бул жаатта эсеп-кысап сурашынан корком».

Саййидибиз Умар (р.а) Абдуррахман ибн Ауф менен Мадина базарларын кыдырып жүрүшкөн эле, шаар ортосуна бир кербен келип конгонун көрүп калышты. Умар Абдуррахманга «Кел, ушу кербенди корукталы» деди. Ошондо Умар бир бөбөктүн ыйын угуп калды. Бөбөктүн энесине «балаңды эмизбейсиңби» деди. Эне баласын эмизди эле, ал дагы ыйлады. «Эмиз» деди дагы. Аны эмизди эле, үчүнчү жолу дагы ыйлады. Умар таң калып, «эмне кылып жатасың, бул эмизиш эмес?!» деди. Андан соң «эй жаман катын, эмиз баланы» деди. Аял ага «Биз менен эмне ишиң бар, мен аны эмчектен чыгарып жатамын» деди. Эмнеге деп сурады Умар. Аял «анткени, Умар бизге жөлөк пулду эмизүү жашынан кийин берет» деди. Умар алаканы менен маңдайын уруп, «шоруң курсун Умар, канча мусулман бөбөктү өлтүрдүң» деди. Эртең менен багымдат намазына имамдык кылып жатканда, ушундай бир катуу ыйлады дейсиң, анын ыйынан асхабдар кыраатын түшүнө албай калышты… Ал «Я Робби, тообомду кабыл алдыңбы, мен тынчтанайынбы, же тообомду четке кактыңбы, мен өзүмө таъзия билдирейинби» деп дуба кылды. Анан дароо жаңы буйрук чыгарып, жөлөк пул туулгандан тартып берилсин деп көрсөтмө берди.

Умар (р.а) валийлеринин бирине мындай кат жазды: «Амма баъд, мага ушундай бир кабар келди, катардагы мусулмандардан айырмалуу түрдө, сен жеп-ичүү, кийим-кече кийүү, унаа жана үйдө эл катары эмес, абдан кооз жашайт имишсиң. Эй Аллахтын кулу, сергек бол, айбанга айланып кетпе. Анткени, айбан жашыл өрөөндү көрүп калса, андан жеп семирүү түйшүгүнө түшөт. А бирок, семирүү менен анын күнү бүткөн болот».

Саййидибиз Умар (р.а) валийлеринин бирине көрсөтмө берип мындай деди: «Дарбазаңды адамдардан бекитип алба. Анткени, кубаттуулары алсыздарын жеп койбосун».

Умар (р.а) мындай деп айтчу: Мен ушундай амир болушун каалаймын, эгер амир болсо, кичипейилдиги себептүү адамдардын бири болуп көрүнсүн. Амир болбогон кезде болсо, айбаты жана мусулмандар пайдасы жаатында өктөм болгону себептүү амирдей көрүнсүн.

Ачарчылык жылы Умар (р.а) эт жегенден өзүн көп тыйды. Ичи курулдаса, «эй кардым, мейли курулда, мейли курулдаба, Аллах акысы, тээ мусулмандар бөбөктөрүнүн карды этке тоймоюнча, эч бир эт татпайсың» дечү.

Умарга (р.а) аз тамак берилди, ага төө этинин эң жакшы жайынан сунушташты. Ошондо ал ыйлап жиберди жана «эгер мен эттин эң жакшысын жесем, ал эми адамдар сөөк кемиришсе, мен кандай гана жаман халифа болом» деди.

Умар ибн Хаттабдын алдына Азербайжандагы валийинен элчи келди. Элчи кат алып келген эле. Ал Мадинага келгенинде түн жарымы болуп калды. Ошон үчүн Умардын үйүн түндө тыкылдаткысы келбеди. Түз эле мечитке барды. Ал жерде бир киши Роббисине кайрылып жатыптыр: «Я Робби, тообомду кабыл алдыңбы, мен тынчтанайынбы? Же тообомду артка кайтардыңбы, мен өзүмө таъзия билдирейинби?!». Элчи ал кишиден «Сага Аллахтын ырайымы болсун, сен кимсиң?» деп сурады. «Мен Умармын» деди тигил киши. Элчи «эй муминдер амири, түндө уктабайсызбы?» деп сурады. Умар мындай деди: «Эгер мен бүт түнүмдү уйку менен өткөрсөм, Роббим алдында өзүмө кыянат кылган болом. Эгер күндүзү уйку менен өткөрсөм, калкыма кыянат кылган болом». Экөө багымдат убактысын күтүштү. Фажр намазында Умар адамдарга имам болду, андан соң элчиге тамак бериш үчүн аны өз үйүнө чакырды. Ага факир мусулмандар арасында тамактануу же Умардын үйүндө тамактануу тандоосун берди. Элчи Умардын үйүндө тамактанууну тандады. Умар үйүнө кирип, «эй момундар энеси, жей турган эмнең бар?» деп сурады. «Аллах акысы, нан менен туздан башка нерсебиз жок» деп жооп берди. «Ошолорду алып кел бизге» деди Умар. Факирлер болсо эт жешчү. Умар үйүндөгү ошол нандан жеп-ичти жана тамактанып бүтүп, «الحمد لله الذي أطعمنا وسقانا бизди жедирип-ичирген Аллахка мактоо болсун» деп дуба кылды. Кийин элчиден «аркаңда турган нерсе эмне?» деп сурады. «Азарбайжандагы валийиңиз белек берип жиберди» деди. Белекти ачты эле, таңгак толо оокат жана кымбат баалуу таттуулар экен. Умардын биринчи суроосу «эй баланча, силерде катардагы адамдар ушундай оокат жешеби?» деген кеп болду. Андан «жок, бул атайын даярдалган оокат» (байлардын тамагы) деген жооп болду. Ошондо, Умар жуткан тамагын кардынан кайта чыгарып таштады. Андан соң «Умардын кардына факир мусулмандар жей албай турган тамак харам» деди. Валийге катуу сөздөр менен кат жиберди. Анда «эгер сен алар жеген нерсени жебесең, кантип алардын көйгөйү сенин көйгөйүң болот?!» деген сөздөр камтылган эле.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button