Роя гезити

Эмне үчүн Трамп Россия менен тирешүүгө барды?

Эмне үчүн Трамп Россия менен тирешүүгө барды?

АКШ президенти Трамп 2025-жылдын 29-июлунда (шаршемби күнү) Россияга он күндүк жаңы мөөнөт берди. Бул мөөнөттүн ичинде Украинадагы согушту токтотууга карай жылыш болбосо, жаңы санкциялар киргизилерин айтты. Ал Шотландиядан АКШга кайтып келе жатып президенттик учакта журналисттердин суроосуна жооп берип: «Бүгүнтөн тартып он күн» деди. (Аль-Жазира Нет, 29/7/2025.) Бул АКШнын үч жарым жылдан бери уланып жаткан согушка байланыштуу орус президенти Путинге болгон нааразылыгын айгинелейт.

Трамп Россияга жана анын экспортуна сатып алуучуларга санкция салуу менен коркутту. (НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен Ак Үйдөгү жолугушууда Трамп: «Биз аларга – орус тарапка – абдан нааразыбыз. Эгер 50 күндүн ичинде келишимге жетишилбесе, өтө катаал бажы төлөмдөрүн киргизебиз. Биз 100%га жеткен экинчи даражадагы бажы салыгын салабыз» деди. Россия сегодня, 14/7/2025). Бул долбоордо Россиянын соода өнөктөштөрүнө да экинчи даражадагы санкциялар каралган, ошондой эле мунай, газ, уран жана башка товарларды сатып алууну уланткан өлкөлөрдөн келген импортко 500%га чейинки бажы салыктарын киргизүү сунушталууда. Россия сегодня, 14/7/2025).

Шотландияда европалык лидерлер менен жолугушууда да Трамп Путинге болгон нааразылыгын билдирип: «Мен бүгүнтөн тартып 10 же 12 күнгө жаңы мөөнөт берем. Күтүүнүн кереги жок, биз жөн гана эч кандай жылыш көргөн жокпуз» деди.

Демек суроо туулат: бул коркутуулар саясий максаттарды көздөйбү же ички аудиторияга арналган сөздөрбү?

Жооп мындай, Трамп дүйнөгө соода согушун ачты, ал тургай бул сапары да Европага каршы жүргүзүлгөн соода согушунун бир бөлүгү болду. Биз көргөндөй, ал Европаны шантаж кылып, аны өзүнө баш ийдирди жана тарифтик келишимге кол койдурду. Азыркы коркутуу да ушул контекстте болду. Ал эми дүйнөдө согуш отун тутантып келген Британияда туруп, Трамп төмөнкүлөргө жетүүнү көздөдү:

Биринчиден, Европаны дагы да көбүрөөк шантаж кылуу жана ага «орус аюусун» жана өзөктүк согушту эске салуу аркылуу өз талаптарына баш ийдирүү.

Экинчиден, Орусияны курчоо жана ага басым жасоо, Украинадагы согушту токтотуу боюнча талаптарына баш ийүүгө мажбурлоо. Бул басымдын эң маанилүү куралдарынын бири Кытай менен бажы төлөмдөрү боюнча сүйлөшүүлөр. Анткени Трамп Кытай тараптан катуу каршылык көрүүдө жана бул сүйлөшүүлөрдөн натыйжа күтпөйт, бирок алар орус экономикасына олуттуу зыян келтириши мүмкүн. АКШ каржы министри Скотт Бисент жетектеген делегация да: «Кытай – орус мунайынын эң ири импорттоочусу, ал Вашингтондун талаптарына карабай сатып алууну улантып жатат» деп билдирген.

Үчүнчүдөн, Трамптын Орусияга берген кыска мөөнөттүк эскертүүсүнө жооп кылып, Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары, мурунку орус президенти Медведев: «Трамп “өлүк колдун” канчалык кооптуу экенин эстеши керек» деп айтты. Бул сөзгө Трамп Ак Үйдө катуу ачуулангандай түр көрсөтүп, андан кийин өзүнүн платформасында Медведевди «ийгиликсиз президент, коркунучтуу аймакта оюн кылып жатат» деп атады жана дароо эле Орусияга жакын жерге эки өзөктүк суу астындагы кайык жайгаштырууну чечти. Эми суроо, Трамптын бул ачуулануусу чыныгы ачуулануубу же саясий максатка жетүү үчүн жасалма тактикабы?

АКШ администрациясы бул билдирүүнү олуттуу кабыл алып, аны өзөктүк курал менен коркутуу катары чечмеледи. Бирок басымдуу пикир боюнча, Трамп бул сөздү дүйнөнү – Кытайды, Орусияны жана Европаны – коркутуп, бажы төлөмдөрүнө баш ийдирүү үчүн жана Орусияны алсыратуу үчүн пайдаланды. Ушундай жол менен ал Украина согушун өз каалагандай аяктоону көздөйт. Бирок бул максатына жетеби? Менимче, Орусия да, Кытай да баш ийбейт, тескерисинче, алар күчтүү союз түзүп жатышат. Акыркы үч жыл ичинде Россия, Кытай жана Түндүк Корея бардык тармактарда төрт стратегиялык келишимге кол койду. Бул болсо АКШ администрациясын катуу тынчсыздандырууда. Ошондуктан АКШ дүйнөдөгү абалды бирде коркутуу, бирде дипломатия аркылуу көзөмөлдөөгө аракет кылууда. Мунун эң айкын мисалы, Путин менен тышкы иштер министри Лавров өздөрүнүн риторикасын жумшартып, Трампка тынчтандыруучу билдирүүлөр жөнөтүштү. Анткени эки тарап тең бул коркутуулар олуттуу эмес экенин жакшы билишет.

Төртүнчүдөн, Трамптын дагы бир максаты – ички саясаттагы маселелерден көңүлдү буруу. Анын атаандаштары – башка партия өкүлдөрү жана «терең мамлекет» – дайыма ага жана анын администрациясына көйгөй жаратканга аракет кылышат: мигранттар маселеси, Калифорниядагы көйгөйлөр жана акыркысы маркум Эпштейндин жаңжалына Трампты байланыштырып чыгышты. Ошондуктан Трамп бул билдирүүнү пайдаланып, элдин көңүлүн тышкы саясатка бурду, эки өзөктүк суу астындагы кайыкты кыймылдатты, Медведевге каршы жалындуу айыптоолорду айтты. Муну менен ал өзүнүн төмөндөп кеткен популярдуулугун көтөрүп, жасалма жаңжалдардан элди алаксытууну көздөдү.

Бешинчиден, азыркы учурда АКШ менен Кытайдын ортосунда соода жана саясий тиреш күчөдү. Бул тиреште Орусия, Европа жана Индия курал катары колдонулууда. Трамптын АКШ бийлигине келишинин себеби дүйнөнү шантаж кылуу, үстөмдүк кылуу жана текебер ураандарды көтөрүү: «Америка биринчи», «Тынчтык күч менен», «Америка кайрадан улуу болсун». Бирок ал жаңы капиталисттик таптын максаттарына жетеби? Мен Алладан андай болбосун деп тилейм. Анткени Алланын тарыйкаты боюнча коомдордун ортосундагы тиреш болуп, ал тирештен кийин Алланын нусраты келет:

﴿وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُم بِبَعْضٍ لَّهُدِّمَتْ صَوَامِعُ وَبِيَعٌ وَصَلَوَاتٌ وَمَسَاجِدُ يُذْكَرُ فِيهَا اسْمُ اللَّهِ كَثِيراً وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Алар Өз журттарынан жалаң «Биздин Раббибиз (жалгыз) Алла» дегендиги үчүн гана куулган заттар. Эгер Алла адамдардын айрымдарын айрымдары менен кайтарып турбаса, кадиксиз, Алланын наамы көп эстеле турган (рахибдердин) монастырлары, (насранийлердин) черкөөлөрү, (жөөттөрдүн) ибадатканалары жана (мусулмандардын) мечиттери ойрон кылынган болоор эле. Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хаж сүрөсү, 40-аят).

Ошондой эле Пайгамбарыбыз ﷺ  пайгамбарлыкка келээрден бир нече жыл мурун бирде римдиктер, бирде фарстар үстөмдүк кылып согушкан.

﴿الم * غُلِبَتِ الرُّومُ * فِي أَدْنَى الْأَرْضِ وَهُم مِّن بَعْدِ غَلَبِهِمْ سَيَغْلِبُونَ * فِي بِضْعِ سِنِينَ لِلَّهِ الْأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِن بَعْدُ ۚ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Алиф, Лам, Мим. Абдан жакын жайда Рум жеңилди. (Бирок) алар (румдуктар) бул жеңилүүлөрүнөн кийин бир нече жыл ичинде албетте жеңип чыгышат. Абалкы – акыркы бардык иш Алланын (ыктыярында). Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси».  (Рум сүрөсү, 1–5-аяттар).

Демек, бул мамлекеттер үчүн тирештен качуу мүмкүн эмес. Жана ушул абалда  Алланын жеңиши келет, ал жеңиш улуу жана бекем болот, иншаАллах.

Акырында, мен үммөттү жана дааватты көтөрүп чыккан жигиттерди Халифалыкты тикелөө жолундагы жүрүшүн тездөтүүгө жана Исламды бүткүл дүйнөгө жол көрсөткөн нур жана ырайым катары көтөрүп чыгууга чакырам.

Устаз Сайфуддин Абду

Роя гезит

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button