Газаны сатпагыла, мусулмандар!

Газаны сатпагыла, мусулмандар!
Саткындык жүрөктү жаралап, жанды ачыштырган ачкачылыктан, түрмөдөн жана камчынын соккусунан да катуу азап берет. Берекелүү жердин эли, анын ичинде Газа Хашимдин эли, үммөттөн жардам жана азаттык сурап жатышат. Анткени мусулмандык бир туугандык мусулмандарды өз ара жардамдашууга милдеттендирет. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«اَلْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ لَا يَظْلِمُهُ، وَلَا يَخْذُلُهُ، وَلَا يَحْقِرُهُ، التَّقْوَى هَا هُنَا وَيُشِيرُ إِلَى صَدْرِهِ ثَلَاثَ مَرَّاتٍ» رواه مسلم
«Мусулман – мусулмандын бир тууганы, ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт жана аны кемсинтпейт. Такыбаалык мына бул жерде», – деп жүрөгүнө үч ирет ишарат кылды» (Имам Муслим риваяты).
Демек, момундардын жүрөгүндөгү такыбаалык аларды бардык күчүн жумшап, бир туугандарын колдоого жана Пайгамбарыбыз ﷺ миъражга чыккан Масжид ал-Аксаны азат кылууга, аларга жардам берүүгө тоскоол болгон бардык тоскоолдуктарды жок кылууга милдеттендирет. Бирок, эгер Сайкс–Пико чек аралары аларды бөлүп турган болсо, кантип мусулмандар бир туугандарын колдошсун?
Кантип мусулмандар Газаны куткарсын, эгер алардын өкүмдарлары душмандары менен биригип, элди ачарчылыкка, өлүмгө жана багынууга мажбурлап жатышса?
Кантип мусулмандар жардам бере алышсын, эгерде алардын сөзүн тыңшап, ар бир демин санаган тыңчылар аларды соцтармактарда жана мечиттерде аңдып, саткын тактысын коргоп жатышса?!
Кантип мусулмандар диндерин колдошсун, эгерде султандардын аалымдары саткын өкүмдарлардын айланасында айланып, алардын жалган иштерин кооздоп жатышса?!
Эй мусулмандар!
Биздин Газадагы абалыбыз Судандагы бир туугандарыбыздын абалынан алыс эмес, Шамдагы же Чыгыш Түркстандагы, же Борбор Мьянмадагы, же Сомалидеги, же Босниядагы бир туугандарыбыздын абалы сыяктуу. Саткындык оорусу үммөттү өлкөдөн өлкөгө аралап жүрөт. Ислам душмандары үммөттү бардык жерде кырып жатышат. Бирок эң чоң кылмыш – душмандар менен тил табышкан саткын өкүмдарлардын кылмышы.
Үммөт бүгүн өзүнүн бир гана үммөт экенин, дини менен, түшүнүгү менен, туйгусу менен бир экенин аңдады. Ал бир денедей: Газанын жарасы Хижазды оорутат, анын кайгысын Йемен эли тартат, ал эми Мисир эли анын азабынан көңүлү ооруйт. Бирок Хижаздын, Мисирдин, Судандын, Пакистандын, Түркиянын жана калган бардык мусулмандардын балдары чек аралар, тосмолор жана «улут» деген жасалма мамлекетчелер менен Газадан бөлүнүп турат. Ал эми жүрөк да, акыл да, жан дүйнө да бир туугандарын колдоого ынтызар. Бирок кол менен бутту чектеп тургандар өкүмдарлар жана алардын чийген чек аралары.
Мусулмандарга күндөн-күнгө ачыгыраак болуп жатат: бул өкүмдарлар мусулмандарды бир туугандарына жардам берүүдөн алаксытуу үчүн яхудийлер менен америкалыктардын колундагы куралдардан башка эч нерсе эмес. Эгер бул агенттер болбосо, миллиондогон адамдар Байтул-Макдиске карай такбир айтып, толкун болуп агылып, Масжид ал-Аксада жеңиш намазын окууга чыгышмак.
Ислам үммөтү алсыз да эмес, Газаны колдоого, же мусулмандар арасындагы алсыздарды колдоого күчсүз да эмес. Үммөттү алсыз кылып көрсөтүп жаткан – бул эки жүздүүлөр жана тагут өкүмдарлар. Алар мусулмандарды алсыздык жана үмүтсүздүккө түртүп, алардын каны менен ыйык нерселерин жана ар-намысын Америкага жана эл аралык уюмдарга аманат кылышууда.
Газалыктар ислам үммөтүн жана анын аскерлерин өздөрүнө жардам берүүгө жана яхудийлерден куткарууга чакырып жатышат. Бирок биздеги өкүмдарлар болсо Американы жана эл аралык уюмдарды блокаданы жеңилдетүүгө жана жардам киргизүүгө чакырып жатышат! Бул болсо алардын Газа маселесин өздөрүнүн маселеси деп эсептебегенине ачык далил. Газалыктардын тагдырын Америка менен яхудийлер чечишет, ал эми булардын ролу – мусулман элдерди тыңчылык жана кысым аркылуу эзип кармап туруу. Ошондо гана Америка менен яхудийлер мусулман өлкөлөрүндө өз долбоорлорун ишке ашыра алышат.
Эй мусулмандар!
Газаны колдоо үчүн көчөлөргө чыгуу жана аянттарды толтуруу – бул парз. Бирок бул жөн гана тилектештигин билдирүү же ачууну чыгарып алып кайра үйлөргө кайтуу үчүн эмес. Талап кылынганы – мусулмандардын аскерлерин жихадга чакыруу, аларды силер менен бир туугандарыңардын ортосунда тоскоол болуп жаткан режимдерди кулатууга үндөө.
Аянттарга чыккыла, армияларды Аллах жолунда жихадга, жана колонизаторлор чийип кеткен чек араларды жок кылууга үндөгүлө. Биз аянттарга чыгып алып кайра артка кайтуусуз турушубуз керек. Тактылар талкаланып жана армиялар жооп бермейинче үйлөрүбүзгө кайтпайлы. Газа эли жебей турганда биз да жебейли, алар тынч уктабай турганда биз да уктабайлы. Бизге саткын топторду тамыры менен жулуп салчу, үммөт менен анын биримдигинин ортосунда турган бардык тоскоолдуктарды жана бөгөттөрдү жок кылуучу топон керек. Үммөт өз динин тикелеп, Аллах жолунда жихад кылып, Аллахтын сөзүн жогорулатсын, ал эми капырлардын сөзү эң төмөндө болсун.
Эй мусулмандар!
Силер бул жакшылыкты ишке ашырууга кудуреттүүсүңөр жана ага татыктуусуңар, атүгүл силер ушул үчүн жаратылдыңар. Аллахка (динине) жардам бергиле, ошондо Аллах силерге жардам берет жана кадамдарыңарды бекем кылат. Агент өкүмдарлардан коркууну жүрөгүңөрдөн жулуп салгыла. Американын күчү жана текеберлиги силерди коркутпасын, анткени Аллах Тааланын күчү андан да улуу. Аллах каардуу жана жазасы катуу. Момун болсо Аллахка чын ыклас менен таянат, жана Аллах Таала ага Жардамчы катары толук жетиштүү.
Берекелүү жердин эли болсо Аллахтын жардамы жана ийгилиги менен дайыма акыйкатта турушат, аларды ким таштап кетсе да зыян бере албайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي ظَاهِرِينَ عَلَى الْحَقِّ لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَذَلَهُمْ، حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللهِ وَهُمْ كَذَلِكَ» رواه مسلم
«Менин үммөтүмдөн бир топ адамдар дайыма акыйкат үстүндө болот. Аларды ким таштап кетсе да зыян бере албайт. Аллахтын буйругу келгенге чейин алар ушул абалда турушат» (Имам Муслим риваяты).
Биз, Күчтүү жана Азиз Аллахтын жеңишине толук ишенебиз. Силерди динге жана бир туугандарыңарга жардам берүүдө Аллахка чынчыл болууга чакырабыз. Ошондо силер берекелүү жерди азат кылуу шан-шарапатына ээ болосуңар. Бул улуу даража жана чоң сый Аллахка берген убадасына бекем болгондорго гана берилет. Аллахка чынчыл болгула, ошондо Аллах да силерге чынчыл болот.
Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген:
﴿إِنَّ اللهَ اشْتَرَى مِنَ الْمُؤْمِنِينَ أَنْفُسَهُمْ وَأَمْوَالَهُمْ بِأَنَّ لَهُمُ الْجَنَّةَ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ فَيَقْتُلُونَ وَيُقْتَلُونَ وَعْداً عَلَيْهِ حَقّاً فِي التَّوْرَاةِ وَالْإِنْجِيلِ وَالْقُرْآنِ وَمَنْ أَوْفَى بِعَهْدِهِ مِنَ اللهِ فَاسْتَبْشِرُوا بِبَيْعِكُمُ الَّذِي بَايَعْتُمْ بِهِ وَذَلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ﴾
«Албетте Алла момундардын жандарын жана малдарын алардан бейиш менен айырбаштап алды. Алар Алла жолунда согушуп, (каапырларды) өлтүрүшөт жана (өздөрү да Алла үчүн шейит болуп) өлтүрүлүшөт. (Мындай момундарга бейиш берилүүсүнө) Алла Тоорот, Инжил жана Куранда Өзүнүн чыныгы убадасын берген. Алладан да убадасын артык аткаруучу ким бар? Демек, (эй момундар) бул кылган соодаңарга кубангыла. Мына ушул чыныгы улуу бакыт». (Тообо сүрөсү, 111-аят).
Оо Аллахым! Мусулмандардын көкүрөгүн Сенин итаатыңа жана диниңди колдоого ачык кыл, жана бизге Өзүңдөн жардамчы бийлик бер.
Устаз Абдулла Зайд
Роя гезити