Асыл хадис

Аллах жолунда өткөн күн

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Аллах жолунда өткөн күн

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

أورد الإمام البخاريُّ رحمه الله في صحيحه عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ لَغَدْوَةٌ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوْ رَوْحَةٌ خَيْرٌ مِنْ الدُّنْيَا وَمَا فِيهَا

Имам Аль-Бухари (Аллах аны ырайым кылсын), өзүнүн “Сахихинде” Анас бин Малик, (радыяллаху анхудан) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллах жолунда өткөн күн дүйнө жана андагы нерселерден жакшыраак”.

Имам Ибн Хажар хадистин түшүндүрмөсүндө мындай дейт:

الْغَدْوَةُ  Аль-Гадва (фатха менен) – таңдан баштап түшкө чейинки  убакытта Аллах жолуна чыгуу.

الرَّوْحَةُ  Ар-Равха:  түштөн баштап күн батканга чейинки убакытта Аллах жолуна чыгуу.

(فِي سَبِيلِ اللَّهِ) “Алланын жолунда” дегендин мааниси: жихад.

Ал эми “Дүйнө жана андагы нерселерден жакшыраак” сөзүнө келсек, Ибн Дакик ал-Айд мындай деп түшүндүргөн:

Анын мүмкүн болгон эки мааниси бар, анын бири – кайыпты нафс сезе турган материалдык нерсе менен бирдей абалга коюу маселеси, анткени дүйнө нафста сезилет жана табияты боюнча нафс аны жакшы деп эсептейт. Ошондуктан, дүйнөнү кайыпка салыштырып, кайыптв жогору койду. Бул дүйнөдөгү бардык нерсе бейиштегилердин бир кыпынына да арзыбаганы белгилүү.

Экинчиси: Акыретте бериле турган бул сооп, эгер бүткүл дүйнө колунда болсо, аны Аллах Таалага моюн сунуу үчүн сарптамак болгон адамдын ала турган сообунан жакшыраак дегени.

Мен айттым:  “экинчиси”  Ибн аль-Мубарактын Жихад китебинде Хасандын мурсалынан риваят кылган хадиси менен бекемделет. Ал мындай деди:

بَعَثَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ جَيْشًا فِيهِمْ عَبْدُ اللَّهِ بْنُ رَوَاحَةَ، فَتَأَخَّرَ لِيَشْهَدَ الصَّلَاةَ مَعَ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ لَهُ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَوْ أَنْفَقْتَ مَا فِي الْأَرْضِ مَا أَدْرَكْتَ فَضْلَ غَدْوَتِهِمْ،

 “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам), Абдуллах ибн Равваханы да камтыган кошуун жөнөттү.  Ал Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) менен бирге намаз окуу үчүн  кошуундан артта калды. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам), ага мындай деди: Жаным Колунда болгон Затка касам, эгер сен жер бетиндеги бардык нерселерди сарптасаң, алардын таңкы жүрүшүнүн кадырына жетпейсиң”.

 Кептин мааниси – бул дүйнө иштерин арзыбас кылып  жихад маселесин улуулоо. Ал эми ким бейиштен бир үлүшкө жетсе, ал дүйнөдөгү бардык нерселерден чоңураак нерсеге ээ болгон сыяктуу болот. Эми бейиште  андан эң жогорку даражаларды алган адам кандай болот? Бул жердеги сөз жихаддын кечиктирилишинин себеби – бул дүнүйөлүк ишке ыктоо. Бул кошуундан кечигип артта калган адамды бул аз сандагы бейиштик жүрүш дүйнөдөгү бардык нерселерден жакшыраак экенине көңүл бурдурган. Имам Ибн Дакик ал-Айдын сөздөрүнүн аягы.

Чындыгында, мусулмандар жүз жылга жакын убакыттан бери жихад парзына кайдыгер мамиле кылган акимдер тарабынан азап чегип келүүдө. Аллах жолунда  эртели кеч чыга тургандар дээрлик жок. Жихаддын  мындай сый-урматына  бул же тигил жерде  аз-маз жеке адамдар  гана жетишип калды. Жихад, анын таңы жана кечтери ушундай фазилет жана макамга ээ болгондуктан, мусулмандарга акимдерди өзгөртүү жана  өздөрүнө Аллахтын Китеби жана Анын Элчиси, (саллаллаху алейхи уа салламдын), сүннөтүнө ылайык өкүм жүргүзө турган бир аким тикелөө милдети турат. Ал Халифа алардын арасында Ислам мыйзамдарын орнотот, анын туу чокусу – Аллах жолунда жихад. Ушул максатта, эй мусулмандар, Ислам мамлекетин тикелөө жана бардык мусулмандар үчүн жалгыз халифа дайындоо аркылуу жер бетинде Аллахтын шариятын тикелөө үчүн аракет кылып жаткандар менен бирге иштешүүгө чакырабыз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 11-робиул аввал.

2025-ж, 3-сентябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button