Ыйман, Ислам, ихсан жана кыямат жөнүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ыйман, Ислам, ихсан жана кыямат жөнүндө
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде Жабрейил (а.с)дын пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана берекеси болсун) ыйман, ислам, ихсан жана кыямат жөнүндө суроосу бөлүмдө айтылат.
حدثنا مسدد قال: حدثنا إسماعيل بن إبراهيم أخبرنا أبو حيان التيمي عن أبي زرعة عن أبي هريرة قال: كان النبي صلى الله عليه وسلم بارزا يوما للناس فأتاه جبريل فقال: ما الإيمان؟ قال: الإيمان أن تؤمن بالله وملائكته وكتبه وبلقائه ورسله، وتؤمن بالبعث قال: ما الإسلام؟ قال: الإسلام أن تعبد الله ولا تشرك به شيئا وتقيم الصلاة وتؤدي الزكاة المفروضة وتصوم رمضان. قال: ما الإحسان؟ قال: أن تعبد الله كأنك تراه فإن لم تكن تراه فإنه يراك، قال: متى الساعة؟ قال: ما المسئول عنها بأعلم من السائل وسأخبرك عن أشراطها، إذا ولدت الأمة ربها، وإذا تطاول رعاة الإبل البهم في البنيان، في خمس لا يعلمهن إلا الله، ثم تلا النبي صلى الله عليه وسلم: إن الله عنده علم الساعة، الآية، ثم أدبر فقال: ردوه فلم يروا شيئا فقال: هذا جبريل جاء يعلم الناس دينهم. قال أبو عبد الله: جعل ذلك كله من الإيمان
Бизге Мусаддад Абу Хурайрадан риваят кылат: Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бир күнү элдин алдында отурганда Жабрейил (а.с.) ага келип: Ыйман деген эмне? – деди. Ал: Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, Аны менен жолугушууга, Анын элчилерине жана кайра тирилүүгө ишенүү. Ал: Ислам деген эмне? – деди. Ал: Ислам – бул Аллахка сыйынуу жана Ага эч нерсени шерик кошпоо, намаз окуу, зекет берүү жана Рамазан айында орозо кармоо. Ал: Ихсан деген эмне? – деп сурады. Ал: Бул – Аллахты көрүп тургандай сыйынуу, анткени сен Аны көрбөсөң, Ал сени көрүп турат, – деди. Ал: Кыямат качан болот? – деп сурады. Ал: Бул тууралуу суралган адам сураган адамдан артык билбейт, – деди. Мен сага анын белгилери жөнүндө айтып берейин: аял кожоюнун төрөгөндө, аты белгисиз төө багуучулар бийик имараттарды курууда атаандашса, беш нерсени бир гана Аллах билет. Андан кийин пайгамбар, (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) “Чындыгында кыяматтын илими бир гана Аллахтын алдында” деген аятты окуду. Анан ал бурулуп: “Аны кайтаргыла”, – деди. Бирок алар эч нерсе көрүшкөн жок. Ал: “Бул адамдарга динин үйрөтүү үчүн келген Жабрейил”, – деди. Абу Абдулла: Ал мунун баарын ыймандын бир бөлүгү кылды – деди.
Урматтуу бир туугандар:
Бул хадисте көптөгөн улуу өкүмдөр камтылган. Анда Ислам, ыйман, жакшы амалдар жана хадисте ачык көрсөтүлгөн башка улуу маселелер жөнүндө айтылат. Бирок, хадисте ой жүгүртсө боло турган башка маселелер да бар. Мисалы: Илим үйрөнүүчүнүн адеби, ал мушрифтин жанында отуруусу, мугалимдин дарис менен болгон адеби, ал аларга жана алардын суроолоруна момундук жана кичипейилдик менен мамиле кылып, билгендери менен гана жооп берүүсү сыяктуу.
Эй мусулмандар:
Бул хадисте таң калычтуу жана ойлондурарлык нерсе – бул өкүмдөрдү жеткирүү үчүн Ааламдардын Эгеси тарабынан тандалган ыкма. Эгер Жабрейил (а.с.) Пайгамбардын (ага Аллахтын саламы болсун) сахабалардын ортосуна отуруп, ага суроолорду берсе жана ал жооп берсе, бул бизди: “Мунун артында кандай акылмандык бар?” деген суроого түртөт. Балким, акылмандыктын өзөгү Аллах Таала бул өкүмдөр адамдардан эмес, Өзүнөн экенин айткысы келгендигинде жатат. Балким, акылмандык Аллах Тааланын ыйман жана Ислам жөнүндөгү бул маанилерди көңүл бура турган түрдө жеткирүүнү каалагандыгында жатат. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бул адамдардын көңүлүн бура турган окуя аркылуу өз үммөттүнө кайрылуусу сахабаларга жана алардан кийинкилерге чоң таасир калтырат. Балким, бүгүн биз бул өкүмдөрдү эстейбиз жана аларды Пайгамбардын жүрөгүнө түшүргөн Жабраил (алейхи саламды) эскеребиз жана бул эскерүү бизди Ыйык Куранды үммөттүн жашоосунда туура колдонууга кайтаруу үчүн көбүрөөк активдүүлүк жана жогорку амбиция менен иштөөгө түрткү берет.
Оо, Аллахым пайгамбарлык үлгүгө ылайык негизделген, мусулмандарды бириктирип, алардын азап-тозогунан арылтып, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыла турган Халифалык мамлекетин курууну тездет. Аамиин, аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 30- шаввал.
2026-ж, 17-апрель.
