Роя гезити

Үммөттүн биримдиги жана жамаат түшүнүгү

Үммөттүн биримдиги жана жамаат түшүнүгү

Көптөр суроо беришет, бүгүнкү Ислам үммөтү бир үммөтпү же бөлүнгөн ар түрдүү үммөтпү? Эгерде ал бир үммөт болсо, анда эмне үчүн тагдыр чечүүчү маселелерде, айрыкча күн сайын уул-кыздарынын каны төгүлүп жатканда, душмандарына каршы турууда мындай бөлүнүү жана ажырым бар?

Чындыгында, мусулмандар илгертен бери жана бүгүн да, келечекте да адамзат ичиндеги бир үммөт болуп келишет жана боло беришет. Пайгамбарыбыз ﷺ  Мадина келишиминде мындай деп жазган:

«بِسْمِ اللهِ الرّحْمَنِ الرّحِيمِ، هَذَا كِتَابٌ مِنْ مُحَمّدٍ النّبِيّ ﷺ، بَيْنَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُسْلِمِينَ مِنْ قُرَيْشٍ وَيَثْرِبَ، وَمَنْ تَبِعَهُمْ، فَلَحِقَ بِهِمْ، وَجَاهَدَ مَعَهُمْ، إنّهُمْ أُمّةٌ وَاحِدَةٌ مِنْ دُونِ النّاسِ… وَإِنّ سِلْمَ الْمُؤْمِنِينَ وَاحِدَةٌ، لَا يُسَالَمُ مُؤْمِنٌ دُونَ مُؤْمِنٍ فِي قِتَالٍ فِي سَبِيلِ اللهِ، إلّا عَلَى سَوَاءٍ وَعَدْلٍ بَيْنَهُمْ».

«Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын ысымы менен. Бул – Пайгамбар Мухаммад ﷺ  тарабынан Курайштан жана Ясрибден болгон момундар менен мусулмандар жана аларга кошулуп, алар менен бирге жихад кылгандар ортосундагы келишим. Алар башка адамдардан бөлүнүп, бир үммөт болуп саналат… Момундар тынчтыкта бир болуп турушат. Аллах жолундагы жихадда бир мусулман башка мусулмансыз душман менен тынчтыкка келбейт. Алардын ортосундагы мамиле теңчилик жана адилеттик менен гана болушу керек».

Демек, эч шексиз Ислам үммөтү илгертен эле бир үммөт болуп келген жана бүгүн да ошол бойдон турат. Анын биримдиги –  акыйда жана шариаттан турган Исламдын негизиндеги биримдиги менен сакталат. Ким Ислам акыйдасын көтөрсө жана анын шариатына макул болсо, ал бул үммөттүн бир бөлүгү болуп саналат.

Аллах Таала мусулмандарды Ислам динин таштап, башка жолдорго түшүүдөн эскерткен:

﴿وَأَنَّ هذَا صِراطِيْ مُسْتَقِيماً فَاتَّبـِعُوه وَلاَ تَتَّبـِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بـِكُمْ عَنْ سَبِيلِه ذَلِكُمْ وَصَّاكُمْ بـِه لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾

«Албетте мына ушул Менин туура жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле! Башка жолдор менен жүрбөгүлө (анткени) алар силерди Анын жолунан чыгарып салат. Балким такыба кылаарсыңар деп силерди мына ушул нерсеге буюрду». (Анъам: 153).

Бирок бүгүн үммөт алдында турган көйгөй – бул анын дининде биримдигинин жоктугу эмес. Маселе башкада, бизде бүгүн бир имамдын алдында бир үммөт болуу жетишпей жатат. Бул – саясий биримдик деп аталат. Биз үммөт катары бирбиз, бирок жамаат катары бир эмеспиз. Бул болсо чоң кемчилик. Ислам бизди саясий бөлүнүүдөн, чыр-чатактан жана душмандыкка түшүүдөн эскерткен. Аллах Таала мындай деген:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ حَقَّ تُقَاتِهِ وَلَا تَمُوتُنَّ إِلَّا وَأَنتُم مُّسْلِمُونَ * وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعاً وَلَا تَفَرَّقُوا وَاذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُم بِنِعْمَتِهِ إِخْوَاناً وَكُنتُمْ عَلَى شَفَا حُفْرَةٍ مِّنَ النَّارِ فَأَنقَذَكُم مِّنْهَا كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ﴾

«Эй момундар, Алладан чыныгы коркуу менен корккула жана мусулман болгон абалыңарда гана (бул) дүйнөдөн өткүлө! Бардыгыңар Алланын жибине (Куранга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө! Ошондой эле Алланын силерге берген неъматын эстегиле: бири-бириңерге душман болгон убагыңарда дилдериңерди достоштуруп койду эле, силер Анын неъматы себептүү бир тууган болуп калдыңар. Тозоктон болгон бир чуңкурдун жакасында турган элеңер, силерди андан куткарды. Акыйкат жолду табышыңар үчүн Алла силерге Өз аяттарын мына ушундай баян кылат». (Али Имран: 102–103).

Ибн Касир ушул «وَلَا تَفَرَّقُوا – бөлүнбөгүлө» деген сөздү тафсир кылып: «Аллах аларды жамаат болууга буюрду жана бөлүнүүдөн кайтарды» – деген.

Аллах Таала мындай деди:

﴿وَلاَ تَنَازَعُوْا فَتَفْشَلُوا وَتَذْهَبَ رِيْحُكُمْ﴾

«…жана (өз ара) талашып-тартышпагыла, андай болгондо араңар суз тартып, күч-кубатыңар кетет». (Анфал: 46).

Бүгүнкү мусулмандардагы уруш-талаштан жана алсыздыктан чоңураак кайгы барбы?! Биз алсыз саясий түзүлүштөргө бөлүнүп кеттик. Аларды «рувайбизалар» башкарат. Алар Исламдын душмандарына кызмат кылышат: мүмкүн болгончо Шариатыбызга каршы чыгышат, негиздерибизди бурмалап, кубатыбызды алсыратышат, байлыгыбызды чачышат жана азаттыкка чыгуудан тосушат. Ошентип, күчүбүздү бөлүп-жарып, биримдигибизге жана жамаатыбызга жол бербөөнү чыңдай беришет.

Пайгамбарыбыз ﷺ  мусулмандарга бир мамлекет жана бир имам болуусун буйруду. Ал ﷺ  айтты:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ فَتَكْثُرُ»،

قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الأَوَّلِ، فَالأَوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ، فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Исраил уулдарын пайгамбарлар башкарып келген. Ар бир пайгамбар өлгөн сайын, аны башкасы алмаштырчу. Бирок менден кийин пайгамбар болбойт. Силерде халифалар болот жана алар көп болот», – деди. «Анда бизге эмне буйурасыз?», – дешти. Ал ﷺ  айтты: «Биринчи халифага байъат кылгыла. Алардын акыларын бергиле, анткени Аллах аларды башкаруусунда эмне кылышкандыгы жөнүндө сурайт».

Бул фарздын улуулугунан улам Пайгамбар ﷺ  мусулмандардын саясий биримдигин бөлүүгө аракет кылган кишини өлтүрүүгө буйруду:

«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاعَتَكُمْ فَاقْتُلُوه»

«Силердин ишиңер бир кишинин үстүндө бириккен кезде силерге келип, силердин биримдигиңерди бузууга же жамаатыңарды бөлүүгө аракет кылган адамды өлтүргүлө».

Ошондой ﷺ эле айтты:

«فَمَنْ أَرَادَ أَنْ يُفَرِّقَ أَمْرَ هَذِهِ الأُمَّةِ وَهِيَ جَمِيعٌ، فَاضْرِبُوهُ بِالسَّيْفِ كَائِناً مَنْ كَانَ»

«Үммөт бир болуп турган абалда, кимде-ким бул үммөттүн ишин бөлүүгө аракет кылса, аны ким болсо да кылыч менен өлтүргүлө».

Дагы ﷺ айтты:

«إِذَا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ فَاقْتُلُوا الآخَرَ مِنْهُمَا»

«Эки халифага байъат берилсе, алардын экинчисин өлтүргүлө».

Мусулманды өлтүрүүгө буйрук берилүүсү – бул жерде шаръий чоң талап бар экенин, ал талапты аткаруу жана аны сактоо бир мусулмандын канынын ыйыктыгынан да улуу экенин далилдейт. Бул болсо үммөттүн саясий биримдиги бир имамдын алдында болушу фарз экенин көрсөтөт.

Пайгамбар ﷺ  мындай деди:

«مَنْ فَارَقَ الْجَمَاعَةَ قِيدَ شِبْرٍ فَقَدْ خَلَعَ رِبْقَةَ الْإِسْلَامِ مِنْ عُنُقِهِ»

«Ким жамааттан бир карыш бөлүнсө, ал Исламдын жибин моюнунан чечкен болот».

Ошондой ﷺ эле айтты:

«مَنْ خَرَجَ مِنْ الطَّاعَةِ وَفَارَقَ الْجَمَاعَةَ فَمَاتَ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Ким баш ийүүдөн чыгып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлөт».

Булардын бардыгы – мусулмандардын саясий бөлүнүшүнүн канчалык коркунучтуу экенин жана анын үммөт үчүн кандай чоң зыян алып келерин далилдейт. Муну сахабалар да түшүнүшкөн жана ага ижма кылышкан.

Ибн Умар (разияллаху анху) риваят кылган:

Умар (разияллаху анху) «Жабия» деген жерде бизге хутба окуду да:

«Эй адамдар! Чындыгында мен силердин араңарда Пайгамбар ﷺ  биздин арабызда кылган ишти кылдым. Ал ﷺ  мындай деген:

«عَلَيْكُمْ بِالْجَمَاعَةِ، وَإِيَّاكُمْ وَالْفُرْقَةَ، فَإِنَّ الشَّيْطَانَ مَعَ الْوَاحِدِ، وَهُوَ مِنَ الِاثْنَيْنِ أَبْعَدُ، مَنْ أَرَادَ بُحْبُوحَةَ الْجَنَّةِ فَلْيَلْزَمِ الْجَمَاعَةَ»

«Силерге жамаатка кармануу фарз. Бөлүнүүдөн сактангыла, анткени шайтан жалгыз адам менен болот. Ал эки кишиден алыс болот. Ким бейиштин кеңдигин кааласа, жамаатка кармансын».

Ошондой эле риваят кылынат: Амирул-муминун Умар ибн Хаттаб (разияллаху анху) айтты:

«Эй арабдар жамааты! Жерди (кайтаргыла, коргогула)! Чындыгында жамаатсыз Ислам жок, башкаруусуз жамаат жок, баш ийүүсүз башкаруу жок. Кайсы бир адамды өз эли илим менен көтөрсө, ал үчүн бул хайр болот. Ал эми кайсы бир адамды өз эли илимсиз көтөрсө, бул анын да, аны ээрчигендердин да кыйроосу болот».

Мунун баарынан улам биз түшүнөбүз: бүгүн үммөт бир мамлекет жана бир имамга муктаж. Үммөт анын артында жихад кылып, ал аркылуу өзүн душмандарынын зулумунан коргойт, иштерин жана саясатын бириктирет, Исламды ички жактан толук колдонуп, тышкы дүйнөгө аны даават жана жихад жолу менен алып чыгат. Үммөттүн акыйда жана шариаттагы биримдиги жетишсиз, ал тургай саясий биримдигин жана бир халифанын алдында жамаат болуусун алмаштыра албайт. Тилекке каршы, бүгүн жамаат болуу фарз экендиги тууралуу түшүнүк карапайым калк бул жакта турсун, көптөгөн аалымдарга, интеллигенттерге да, белгисиз болуп калган. Айрым «ак калпак» жана диний дипломдорду көтөргөндөр өздөрүн багуучуларына кызмат кылуу үчүн бул түшүнүккө каршы чыгышууда. Бирок азыркы эң чоң милдет – бул түшүнүктү кайрадан мусулмандардын арасында ой жүгүртүү деңгээлинде түптөө жана аны амалий турмушта кайра орнотууга жол ачуу.

Үммөттү саясий биримдикке жеткирүү жана аны кайрадан бир жамаат кылуу иши мурда да, азыр да чоң коркунуч жана кыйынчылыктар менен коштолуп келген. Бирок миң чакырымдык жол бир кадамдан башталат. Үммөт бул жолдо көп кадамдарды жасады, эми артка кайтууга болбойт. Ишти улантуу зарыл: аракет кылгандардын демин бекемдөө, ниеттерди курчутуу, токтоп калган сууну кайра козгоо, ар дайым ыкмаларда жана услубдарда чыгармачыл болуу. Ушундай кылуу менен Исламий долбоорго карата жалпы пикир жаратуу жана ихлас менен аракет кылгандардын кубатын пайдаланып, аларды экинчи рашид Халифалыкты тикелөөгө багыттоо керек. Бул залим падышалардын жана алардын колонизатор кожоюндарынын күчүнө каршы турган күрөш болот. Үммөттүн ичиндеги күч борборлорун кайрадан Ислам тарабына тартуу жана аны кайтарып алуу канчалык курмандыктарды талап кылбасын, чыгармачылык менен ишке ашырылууга тийиш.

Жалпы үммөт да, дааватты көтөргөндөр да билиши керек: жеңиш сабыр менен келет, кыйынчылыктан кийин сөзсүз жеңилдик да келет. Аллах Таала айтты:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7).

Аднан Мизьян

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button