Макала

Билим берүүдөгү кризис — мамлекеттик идеологиянын кыйроосу

Билим берүүдөгү кризис — мамлекеттик идеологиянын кыйроосу

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталышы менен системалуу кризис ачыкка чыкты. Бул көйгөйдү мугалимдердин айлыгынын аздыгына же кадр тартыштыгына гана байлап коюу мүмкүн эмес. Сентябрдын алгачкы жумаларында ондогон мугалимдердин жумуштан кетиши кокустук көрүнүшү эмес, бул көп жылдар бою мамлекеттин жоопкерчиликсиздиктин натыйжасы. Маселе билим берүү саясаты менен эле чектелбестен, коомдун келечегин багыттоо маселесине барып такалат. Мамлекет стратегиялык ой жүгүртүүдөн баш тартып, элге түшүнүктүү идеологиялык тирек сунуштай албаса, ошол тиректи негиздөөчү институттар, тагыраагы билим берүү системасы — кыйрап баштайт.

Азыркы жогору жактан таңууланып жаткан реформалар реалдуулуктан таптакыр алыс. 12 жылдык окуу системасына өтүү жана жаңы талаптарды киргизүү, керектүу ресурстарсыз жана кадрдык колдоосу жок эле ишке ашырылып жатат. Бул жөн гана батыштын форматын эч кандай коомдук, маданий жана экономикалык фактыларды көзгө илбестен көчүрүп алуу аракеттери. Жылдар бою айлыксыз, оор шартта иштеп келген мугалимдер эми бул ээрчүүнүн бир бөлүгү болууну каалабай калышты. Кетип жаткандардын арасында бир гана жашы улгайгандар эмес, жаш адистер да бар. Алар, бул жаңы системада өзүлөрү үчүн орун таппастан, кесибинин кадыры жок болгондугунан улам, кетүүгө аргасыз болууда.

Бул кадрдык кризис гана эмес, бул азыркы “мектеп адам тарбиялоочу, коом кура турган ордо” деген түшүнүктүн кыйрашы.

Бүгүнкү күндө бир класста 50–60 окуучу билим алат, ал эми мугалим эки-үч маянага иштеп, борбор калаада жашоого жетпеген айлык алат. Ошол эле учурда мамлекет «бекер билим берүү» иллюзиясын жаратып жатат. Бирок талаптарга жараша камсыздоону уюштурбай, ата-энелерден каражат чогултууга да тыюу салат. Ансыз оңдоо иш чаралары, материал сатып алуу, мугалимдерге кошумча акы берүү мүмкүн болбой калат. Натыйжада мектептер жакырчылыкка батууда, мугалимдер кетип жатат, ал эми билим берүү министрлиги бош орундарды студенттер менен толтурууга аракеттенүүдө. Бийлик жаңы имараттарды жана бийликке жакын курулуш компанияларды оңдоп берген фасаддарды көрсөтүү менен «популисттик көрсөтмө» саясаты менен алектенүүдө.

Эң негизгиси — мугалимдердин кесиптен кетиши капиталисттик коом баалуулуктарынын өзгөрүшүнөн келип чыгууда. Жаштар бизнеске, IT тармакка, жеке секторго кетүүнү туура көрүшөт. Анткени ал жакта алардын эмгеги жок дегенде бааланат жана сыйланат. Мугалимдик наам — кызмат жана миссия идеясына байланышы керек эле, бирок азыркы капиталисттик экономикада адамдык статус, капчыкка толо турган киреше менен аныкталат. Ошондуктан мугалимдик кесип кадырлуу кызмат эмес, социалдык тузакка айланып барууда.

Мамлекеттик билим берүү системасы кыйрап жаткан учурда ата-энелердин диний жана жеке менчик мектептерге, медреселерге, ислам институттарына болгон кызыгуусу күчөп жатат. Бул мекемелер мамлекеттен эч кандай колдоо албайт, министрликтин стратегиялык пландарына кирбейт, бирок аларга карата туруктуу ишеним көрсөтүлүүдө. Мамлекет мындай окуу жайларына тоскоолдук көрсөтүп жатса да, аларга болгон кызыгуу ылдамдап жатат. Ата-энелер жогорудагы окуу жайларга акча салууга даяр, анткени мындай окуу жайлар тарбияны, тартипти жана керектүү баалуулукту тартуулап жатат. Бул маселе «ата-энелер мектепке акча бергиси келбейт» деген кепти ачык көрсөтүүдө. Маселе — мамлекетке тийиштүү билим берүү мекемелери ата-энелер акча берүү үчүн арзый турган эч нерсе сунуштай албай жаткандыгында.

Мамлекет билим берүү процессинин каржылоосун бузуп койбостон, аны улуттук миссия катары кабыл албай калды. «Реформа» деп жарыяланган аракеттер жөн гана куру убадалар бойдон калды.  Бул убадалар идеология жаатынан да кадрлык жана уюштуруу жаатынан да негизсиз. Бийлик системалуу саясаттын ордуна — бир экспериментти бүтө элек жатып  экинчисине секирип кетти. Коом менен маек куруунун ордуна — тыюу салып жана жат көрүнүштөрдү таңуулап, жада калса шариатка каршы моделдерди киргизүүдө. Натыйжада ата-энелер менен жаш муун, аз болсо да структуралуу жана идеологиялык өзөгү бар билим берүү формаларын тандап жатышат.  Ошол себептен медреселер, диний жана жеке мектептер актуалдуулукка ээ болууда.

Мындай кадамдар жөн гана адамдардын мамлекеттик мектептерден качуусун түшүндүрбөйт. Тагыраагы бийлик келечек муунду өстүрүү жана тарбиялоо жаатында жарактуулугун жоготконун түшүндүрөт. Мамлекет акча жана ресурстарда эле эмес, түшүнүк жагынан да утулууда. Ал жалпы кызыкчылыкты жана баалуулуктар менен маданиятты көтөрүүчү болуп эсептелбей калды. Эгер мамлекеттин үмүтсүз абалы бул багытта өзгөртүлбөсө, кризис мындан ары да тереңдейт.

Билим берүү — кызмат же товар эмес экенин түшүнүү зарыл. Бул коомду куруунун жолу. Мамлекет мектепти жоготсо, коомду да жоготот. Мектеп өз ролун аткарбай калса, курулуп жаткан имараттар, реформалар, жолдор, статистикалар  — эч бир мааниге ээ болбой калат.

Пайгамбарыбыз Мухаммадга  ﷺ биринчи түшүрүлгөн аяттар: Оку деп башталат… 

Куранда: «Ал Зат калем менен үйрөттү. Ал инсанга  билбеген нерселерин үйрөттү» деп келет (Алак сүрөсү, 96:4–5). 

Капиталисттик мамлекет өзүнүн билим берүү системасын талкалап, билимге болгон Кудайдын буйругун тебелеп жатат. Капиталисттик түзүм инсанды, коомду жана мамлекеттин келечегин калыптандыруу жоопкерчилигинен баш тартууда. Ошол эле учурда ата-энелердин жакырчылыкка карабастан балдарын медресеге, ислам мектептерине жана курстарга тапшыруулары— элдин чындыкка жана тарбияга болгон умтулуусун көрсөтөт. Бирок билим менен жарандарды каржылоо ата энелердин эмес, мамлекеттин милдети.

Ошондуктан, пайдага негизделип башкарылган системада билим берүү кризиси жөн гана социалдык көйгөй эмес – руханий төмөндөө. Мамлекеттин пайдага гана багытталган вектору инсанды тарбиялоо, окутуу жана билим берүү процессинин эмнеден башталарын билбегенин же билгиси келбегенин ачык көрсөтүп турат.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button