Индонезиядагы кан төгүлгөн нааразычылыктар жана алардын түпкү себептери

Индонезиядагы кан төгүлгөн нааразычылыктар жана алардын түпкү себептери
2025-жылдын 25-августунан бери Индонезияда кеңири элдик митингдер толкуну болуп өтүүдө. Алар 32 провинциядагы 107 аймакта катталды. Айрым нааразычылыктар тынч мүнөздө өткөнү менен, алардын көбү баш аламандыкка айланып, бузуп-тоноп, өрт чыгаруулар менен коштолду. Бир катар аймактарда, анын ичинде борбор шаар Жакартада, Борбордук Жавада, Чыгыш Жавада, Батыш Жавада, Йогьякартада, Түндүк Суматрада, Батыш Нуса-Тенгарада, Түштүк Сулавесиде жана Батыш Калимантанда эң катуу баш аламандыктар орун алды. Коомдук мекемелер, өкмөттүк кеңселер, ал тургай улуттук коопсуздуктун айрым активдери олуттуу зыянга учурады. Мисалы, Жакартада «Транс Жакарта» автобустарынын жана MRT метро системасынын 22 станциясы талкаланган, зыяндын көлөмү болжол менен 50,4 миллиард индонезия рупийи деп бааланууда.
Түштүк Сулавесидеги Макассар шаарында провинциялык жана муниципалдык мыйзам чыгаруу кеңештеринин (DPRD) имараттары өрттөлүп, үч адам каза болуп, бешөө жарадар болду. Ушул сыяктуу баш аламандыктар башка шаарларда да чыгып, мыйзам чыгаруу кеңештеринин кеңселери, жергиликтүү өкмөт имараттары, полиция бөлүмдөрү, музейлер, аткаминерлердин үйлөрү жана коомдук объектилер — көчө жарыктары, көзөмөл камералары, транспорттук инфраструктура — баары катуу талкаланган. Өмүрдү кыйган бул баш аламандыктар маанилүү инфраструктураны кыйратуу менен катар мамлекетке ондогон жана жүздөгөн миллиард рупий чыгым алып келди.
Биринчи нааразычылык акциялары 10–13-август күндөрү Борбордук Жаванын Пати шаарында башталган. Ага жер жана имарат салыгынын (PBB-P2) 250% га чейин көтөрүлүшү себеп болду. Айрым аймактарда салыктар мындан да катуу жогорулап, мисалы, Чирибондо 1000% га чейин жеткен. Бул көтөрүүлөр президент Прабово Субианто киргизген 2026-жылкы регионалдык бюджеттерди кыскартуунун натыйжасы эле. Ал жалпы 234 миллиард АКШ долларына кыскартуу жүргүзүп, региондорго бөлүнгөн каражатты төрттөн бирине азайтып, болгону 40 миллиард долларга түшүргөн, бул акыркы он жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Натыйжада жергиликтүү өкмөттөр жер жана кыймылсыз мүлк салыктарын көтөрүүгө мажбур болушкан. Ошол эле учурда, коргонуу чыгымдары 37% га жогорулаган, ал эми акысыз тамак-аш берүү программасы дээрлик эки эсеге өсүп, 20,5 миллиард АКШ долларына жеткен.
Көп узабай, 15–20-август күндөрү, нааразычылыктар Жакартага да жайылып, парламент мүчөлөрүнүн люкс аймактарына багытталды. Өзгөчө, ай сайын 50 миллион индонезиялык рупий (болжол менен 3000 АКШ доллары) өлчөмүндөгү турак жай жөлөкпулу (бул баш калаадагы минималдык эмгек акыны он эсе ашып түшөт) нааразычылыктын негизги себеби болду.
25-августка карата нааразычылыктар Бандунг, Макассар, Медан жана Бали сыяктуу ири шаарларга жайылып, элдин талабы элитага пайдалуу саясаттарды жокко чыгаруу жана парламентти (DPR) таратуу үчүн болду. Элдин кыжырын айрым депутаттардын «сынчылар дүйнөдөгү эң акылсыз адамдар» деген шылдың сөздөрү ого бетер күчөттү. 28-августта Жакартадагы парламент имаратынын алдында миңдеген студенттер, жумушчулар жана мотоцикл айдоочулары (колдонмо аркылуу ташыган) коопсуздук күчтөрү менен кагылышып, эмгек реформаларын, аутсорсинг системасын жокко чыгарууну жана минималдык айлыкты жогорулатууну талап кылышты.
Каргашалуу окуя 28-август түнү орун алды: колдонмо аркылуу иштеген мотоцикл айдоочусу, Аффан Корнияуан аттуу жаранды полициянын тактикалык унаасы коюп кетип, ошол жерде каза болду. Бул окуя элди катуу кыжырлантып, башка шаарлардагы баш аламандыктарды дагы күчөттү.
Индонезиядагы нааразычылыктар жалаң эле салыктардын көтөрүлүшү же депутаттардын ашкере артыкчылыктары менен чектелбейт. Алар мамлекеттин өз жарандарынын талап-тилектерин канааттандыруудагы узакка созулган алсыздыгына топтолгон элдик нааразычылыктын жыйындысын чагылдырат. Бул абал президент Прабово бийликке келгенине бир жылга жетпей эле даана байкалды. Өзгөчө экономикалык тармакта элдин талаптарына жооп бербөө жана саясий элитанын элдин азабына кайдыгер мамилеси абалды курчутту.
Дүйнөлүк банктын 2023-жылдагы маалыматына ылайык, Индонезиядагы эмгек күчүнүн болжол менен 60%ы алигиче бейрасмий сектордо иштеп, туруктуу кирешеден жана социалдык коргоодон куру калып келет. Мындан тышкары, ортоңку катмар да кыйроого учурап, миллиондогон адамдар киреше боюнча төмөнкү катмарга түшүп кетишти же кайрадан жакырчылык капканында калды.
Экономика жана укук боюнча изилдөөлөр борборунун (CELIOS) маалыматы боюнча, акыркы беш жылда 10 миллиондой индонезиялыктын экономикалык абалы начарлаган. Ошол эле учурда, азык-түлүктүн баасы өсүп, жумуш орундар азайып, 2025-жылдын башынан бери 42 миңден ашык жумушчу жумушсуз калган. Экономикалык кризис шартында өкмөт салыктарды кескин көтөрүп, коомдук кызмат көрсөтүүлөргө кошумча төлөмдөрдү киргизди. Бирок экономикалык өсүш жайлап, карыздар көбөйгөндүктөн, салыктык түшүүлөр план боюнча болбой калды. Натыйжада бийлик бюджеттерди кыскартууга жана каражаттарды артыкчылыктуу ири долбоорлорго багыттоого өттү. Ушул эле учурда депутаттардын жөлөкпулдары көтөрүлдү.
Эл азап тартып турган учурда, социалдык тармактарда парламенттин август айындагы жылдык жыйынынан таркап кеткен бир видео нааразылыкты ого бетер күчөттү. Анда депутаттар турак жай жөлөкпулунун көтөрүлгөнү тууралуу жарыядан кийин бийлеп жатканын көрүүгө болот.
Чындыгында, Индонезия табигый ресурстарга өтө бай өлкө. Ал дүйнөдө калай жана никель өндүрүүдө биринчи орунда, көмүрдө үчүнчү, ал эми алтын өндүрүүдө алтынчы орунду ээлейт. Бирок бул ресурстардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү жана чет элдик жеке сектордун колунда. Мисалы, Кытай Индонезиядагы никель өндүрүшүнүн 75%ын көзөмөлдөйт.
Мамлекеттик кирешенин негизги булагы салыктар болуп саналат, алар жалпы кирешенин 80%дан ашыгын түзөт. Натыйжада, табигый ресурстардан түшкөн кирешелер мамлекеттик башка активдер менен бирге 20%дан да аз үлүшкө ээ. Улуттук стратегиялык байлыктардын жеке сектордун кеңири көзөмөлүндө болушу коомдогу «социалдык адилетсиздик» ажырымын ого бетер кеңейтти. Өкмөт каржылык тартыштыкка туш болгондо, карапайым элдин мойнуна кошумча төлөмдөр менен салыктарды жүктөөдөн башка айласы калбайт. Бул айлампа элди дагы да оор абалга салды жана кыжырын күчөттү.
Тилекке каршы, нааразычылык акциялары менен баш аламандыктарга катышкан элдин талаптары негизинен үстүртөн гана болуп, көбүнчө депутаттардын турак жай жөлөкпулун жокко чыгарууга басым жасалды. Бирок көйгөйдүн чыныгы тамыры мамлекеттин капитализмге негизделген саясий-экономикалык түзүлүшүндө жатат.
Экономикалык жактан алганда, фардий мүлк эркиндиги принциби капиталисттер менен олигархтарга улуттук стратегиялык байлыктарды көзөмөлдөөгө шарт түзүп берет. Ал эми саясий жактан болсо, демократиялык түзүм аркылуу алар өз экономикалык кызыкчылыктарын шайлоо, лобби топтору же пара сыяктуу коррупциялык жолдор аркылуу коргоп калышат.
Устаз Абдулла Асвар
Роя гезити