
Кыргыз парламентинин таркоосу, келечектеги шайлоолорго карата стратегиялык тазалоо
2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алды. Бул демилге 32 депутаттан чыккан, жалпысы 84 депутат бул сунушту колдоп өзүнүн добушун берди.
Президенттик жана парламенттик шайлоолордун жакындашы, уюштуруу жана каржылоо кыйынчылыгы, ошондой эле саясий системаны ылайыкташтыруу зарылдыгы – расмий түшүндүрмө катары жарыяланды. Ошондой эле, өзүн-өзү талапкерликке коюу, аялдар үчүн квота, көп мандаттуу аймактар жана каттоодон көз карандысыз добуш берүү укуктары сыяктуу шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштар айтылды.
Бир караганда, өзүн-өзү таркатуу чечими жаңылануу, шайлоо цикли менен шайкеш келтирүү жана башкаруудагы чыгымдарды жоюу аракети катары көрсөтүлүп жатат. Бирок бул формалдуу кадамдын артында, саясий логика жашырылган. Бул логика белгилүү авторитардык башкарууга негизделет. Башкача айтканда, туруксуз элементтерден арылуу, саясий атаандаштык талаасын тазалоо жана бийликти кайра калыптандырууга каратылган даярдануу аракети.
Парламенттин мындай күтүлгүс кадамы, ар түрдүү түшүндүрүүгө жарактуу болгон аргумент. Расмий түрдө, бул кадам элдин каалоосуна негизделгени айтылса, иш жүзүндө процесс коомдон же шайлоочулардан эмес, парламенттин ичинен чыккан жана аткаруу бийлигинин кызыкчылыктарына тыгыз байланышкан. Бирок коомчулуктан, шайлоочулардан эч кандай нааразычылык, талап же массалык сын байкалган жок. Парламенттин таркап кетүүсү, элдин ишениминин төмөндөп кетүүсүнө байланыштуу эмес. Тагыраагы, бийлик үчүн парламент башкарууга ыңгайсыз жана коопсуз эмес куралга айланып калган.
2027-жылдагы президенттик шайлоолордун жакындаганы себеп, бийлик саясий майданды өзүнө ыңгайлаштырып алууга урунуп жатат. Жаңы мыйзамдын негизинде шайланган жаңы парламент көз карандысыз, финансы жактан алсыз же саясий күчтүү талапкерлерди оюндан четтетип коёт. Ошондой эле, лоялдуу бизнес структуралардан, клан өкүлдөрүнөн жана бул кампаниянын акысын унчукпай төлөй ала тургандардан түзүлөт. Мындай ыкма мурда да «демократиялык демилгелер» аркылуу кайталанып келгени белгилүү. Кагаз жүзүндө легитимдүү көрүнгөнү менен бул орган иш жүзүндө башка бийлик бутагында кабыл алынган чечимдерди бекитүүчү комитетке айланат.
Шайлоо мыйзамдары азыркы бийликтин кызыкчылыктарына ылайыкташтырылышы мүмкүн. Өзүн-өзү талапкерликке коюу, аймактарды кайра бөлүштүрүү жана квоталарды киргизүү сыяктуу жаңы эрежелер, сырттан караганда инклюзивдүүлүккө окшош көрүнгөнү менен, административдик көзөмөл жана алсыз оппозиция шартында бул өзгөрүүлөр ресуртсарга ээ болгондордун пайдасына иштейт. Тааныш бизнесмендердин, лоялдуу ишкерлердин же техникалык партия өкүлдөрүнүн арасынан чыккан «Жаңы» талапкерлер, жасалма парламентаризм моделин бекемдейт.
Шайлоого катышууда финансылык тоскоолдук чоң фактор бойдон калууда. Мындай чоң кампаниялар ири каражатты талап кылат. Бирок өкмөттүн колдоосу, саясий маданият жана көз карандысыз ЖМКлар жок болгон учурда, шайлоого өз ресурсу барлар же өз капиталгына ээ болгондор гана катыша алат. Натыйжада парламент, реформаларга же чыныгы өкүлчүлүккө кызыкдар болгондордон эмес, экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында бийликке легалдашып кирүүнү көздөгөндөрдөн куралат. Элитанын мындай өзүн-өзү сактап калуу аракети — демократиялык процедуралардын кабыгына оролгон капиталисттик парламентаризмдин механизми.
Формалдуу түрдө – добуш берүү, шайлоо системасы, фракциялар, мунун баардыгы сакталат. Жада калса саясий атаандаштыктын активдүү көрүнүшү да жаралышы мүмкүн. Бирок бутактанган парламенттик бийлик, президенттик бийликтин архитектурасынын бир бөлүгүнө айланат. Жаңы парламент, президенттик бийликке кызмат кылууга багыт алат. Ал, бийликтин вертикалдык системасын чагылдыруу үчүн курал катары иштетилет.
Демек, парламенттин өзүн-өзү таркатуусу – системанын тазаланышы же айыгышы катары бааланбашы шарт. Бийлик алдын ала саясий майданды тазалайт, эрежелерди өзүнө ылайыкташтырат, ыңгайлуу оюнчуларды тандап алат жана керектүү учурда шайлоо аркылуу, лоялдуу мыйзам чыгаруу органына ээ болот. Мындай ыкма 2027-жылы президенттик бийликтин тагдыры чечиле турган мезгилде, туруктуулукту камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан бул тарап кетүү бийликти сактап калуу сценарийинин биринчи кадамы. Ал эми эл кайрадан капиталисттик оюнга туш болуп алданып калат.
Абду Шүкүр